МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК НЕГИЗДЕ 20 МЕКТЕП КУРУЛАТ

  • 09.10.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоудду кабыл алды.

МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК НЕГИЗДЕ 20 МЕКТЕП КУРУЛАТ

Жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде “Мектептерди куруу жана реконструкциялоо” долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашты.

Долбоордун негизинде Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы алты айда IFC эксперттери мектеп курулуучу ар бир тилкенин жайгашуу ордун, техникалык-экономикалык негиздемесин эске алуу менен мектептердин курулушуна кетчү каражатты аныктап чыгышы керек.

МАМЛЕКЕТТИК-ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТҮК НЕГИЗДЕ 20 МЕКТЕП КУРУЛАТ

Долбоордун ишке ашуусуна кеткен каражатты IFC эл аралык каржылык корпорациясы берет. Техникалык жана башка талаптардын негизинде мектепти салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү.

Билим берүү жана илим министри бул долбоорду колдоорун жана жумушту тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

IFC – Бүткүл дүйнөлүк банктын бир бөлүгү. Уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдойт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер