АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГДОР СЫЙЛАНДЫ

  • 04.10.2019
  • 0

Бүгүн Бишкек шаарында өлкө аймагынан келген мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттукташты. Иш чара Кыргыз улуттук филорманиясына өтүп, агартуучуларды КР президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов куттукташты.

АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГДОР СЫЙЛАНДЫ

Иш чарага мурдагы билим берүү министрлеринин он төртү жана он беш эл мугалими чакырылды.

Өлкө боюнча тогуз педагог “Жылдын мыкты мугалими” наамын алса, “Жылдын мыкты мектеби” “Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациялары боюнча да тогуздан мыкты билим берүү мекемелери аныкталды.

АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГДОР СЫЙЛАНДЫ

“Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты мектеби” жана “Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациялары боюнча жалпы 27 мугалим, тарбиячы жана мектеп директорлору сыйланышты. Аларга ардак грамота, ноутбук белекке берилип, айрымдары “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси наамын алышты.

АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГДОР СЫЙЛАНДЫ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мугалим деген улуу атты – адамдарды чексиз сүйгөн, боорукердик менен акылмандыкты айкалыштырган, тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсандар алып жүрөрүн белгиледи.

АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГДОР СЫЙЛАНДЫ

“Сиздер бүтүндөй өмүрүңүздөрдү, жан-жигериңиздерди жаштарга терең билим, татыктуу тарбия берүүгө арнап келе жатасыздар. Күн сайын өзүңүздөрдүн билим казынаңыздарды байытып, тынымсыз изденип, ошол руханий байлыкты балдардын акыл-парасатына сиңирип, эгемендүү Кыргызстаныбыздын адам ресурсун өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошуп келүүдөсүздөр. Мугалимдик улуу кесибиңиздер сиздерге жаңы ийгиликтерди, жаратмандыкты жана көптөгөн кубанычтарды алып келсин. Биз сиздер менен бардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды бирге жеңип, жаңы билим берүү мейкиндиктерин багындырабыз”,- деди министр.

АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГДОР СЫЙЛАНДЫ

Ошондой эле Каныбек Исаков мурдагы билим берүү жана илим минстрлеринен жана эл мугалимдеринен турган эки кеңешме түзүлө турганын айтып, алардын кеп-кеңештери, тажрыйбасы билим берүү системасын реформалоого жардам боло турганын белгиледи. Министр бул кеңешттер менен квартал сайын жыйын өткөрөт.

Сыйлоо аземинин соңунда келген конокторго концерттик программа уюштурулду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер