МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН КӨБӨЙТҮҮНҮН ЭСЕП-КЫСАБЫ (таблица)

  • 30.09.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна негизинде 2011-жылдын 1-майынан тартып билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн мугалимдер үчүн сааттык төлөм жана башка кызматкерлерге негизги жана сабактан тышкаркы иши үчүн дифференциациялык негизде сааттык төлөмгө өткөрүү шарттары киргизилген.

Эмгек акынын курамы үч бөлүктөн турат:

Базалык – сааттык жүктөмү үчүн төлөм;

Компенсациялоо  — Эмгек стажы үчүн, илимий баскычы, ардак наамы, тоолу жана алыскы райондордо иштегендиги үчүн жана башка;

Дем берүүчү – бекитилген талаптарга ылайык, сапаттуу иши үчүн дем берүүчү фондтон төлөнүүчү төлөм.

2011-жылдын 1-майынан баштап киргизилген билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөттү жана аны (эмгек акы төлөөнүн шарттарын) өзгөртүүнүн кажети жок.

2015-жылы эмгек акыны жогорулатуу мектепке чейинки, мектептен тышкаркы жана жалпы билим берүүчү уюмдардын, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү уюмдардын кызматкерлерин гана камтыган. Мындай көрүнүш эмгек акысы жогорулатууга кирбей калган кызматкерлер тарабынан туура сындардын айтылышына алып келди.

2015-жылдын 1-сентябрынан тартып  айрым билим берүүчү уюмдардагы педагогикалык кызматкерлердин айлык акылары 50% жана 80% көтөрүлгөндүгүнө карабастан, алардын эмгек акылары  өлкөдөгү орточо эмгек акы көлөмүнөн төмөн бойдон калууда, ошол эле учурда  банк, геология тармагындагы эмгек акыдан кескин айырмаланууда, ошондуктан билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүү зарылдыгы келип чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабына билим берүү тармагында иштеген  баардык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү сунушталууда, анын ичинде:

— 77 860 мугалим жалпы билим берүүчү уюмдар;

— 7 694 тарбиячы мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда;

— 3 680 өндүрүштүк окутуу боюнча мастер ПТУ;

— 7 427 окутуучу ОКБ (училища, колледжи);

— 23 339 билим берүү тармагынын башка кызматкерлери  (билим берүүчү уюмдардагы административдик-башкаруу персоналы, ийримдердин окутуучулары, методистер, балдар үйүндөгү жана мектеп-интернаттардагы тарбиячылар…).

Жалпысынан 120 000 билим берүү тармагындагы кызматкердин эмгек акысы көтөрүлөт.

 

Эмнелер өзгөрдү?

  1. Адис диплому бар педагогикалык кызматкерлердин айрым түрлөрүнүн эмгек акысы магистр программасы менен жогорку билим алган адистиктердин эмгек акысы менен теңделди.

2011-жылдын 1-майынан тартып киргизилген эмгек акы төлөөнүн шарттарында айрым педагогикалык кызматкерлердин сааттык жана ставкалык төлөмдөрүнүн көлөмдөрү жогорку билимдүү педагогикалык адис менен  магистр программасы боюнча жогорку педагогикалык билимдүү адистин, сааттык төлөмдөрү, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүүчу уюмдарда иштеген өндүрүштүк окутуу боюнча мастерлердин кызматтык ставкаларында айрыма бар.

Адис жана магистр диплому деңгээли боюнча бирдей күчкө ээ.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 1 беренесинде “Магистр — аспирантурага  өтүүгө жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли”, а “адис — кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берген жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли”  деп белгиленген.

Бул сунуш жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдарда иштеген  педагогикалык кызматкерлердин гана эмгек акысын бир азга гана көтөрүүгө шарт түзөт (8,6% дан 11,11% чейин).

  1. Эмгек акыны сааттык төлөм принцибин эске алуу менен саттык төлөм көлөмүн (эмгек акынын базалык бөлүгүн) билим берүүчү уюмдардын баардык түрлөрүндө иштеген кызматкерлердин сааттык жана ставкалык төлөмү 30% көбөйтүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте жасалган эсептерге ылайык,  республикалык бюджеттен бир жылга талап кылынуучу кошумча каражаттын көлөмү:

  1. Эмгек акыны 30 % көбөйткөндө — 6 969,9 млн.сом
2019 жыл (октябрь –декабрь)2020 жыл (январь – декабрь)
30%1 742,5 млн.сом6 969,9 млн.сом

Эмгек акы төлөөнүн саатык төлөм системасын  эске алуу менен жана эмгек акы фондун 30% көбөйткөндө, педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысынын көлөмү  орто эсеп менен:

Учурдагы эмгек акы 30%айырма
Мугалим

(окуу жүктөмү 20 саат)

12 796 сом17 097 сом +4 301 сом
Тарбиячы

(1,0 ставка — 36 саат)

13 367 сом17 751 сом+ 4 384 сом
Өндүрүштүк окутуу мастери ПТУ

(1,0 ставка — 40 саат)

10 474 сом14 104 сом+ 3 630 сом
Орто кесиптик билим берүүчү уюмдун окутуучусу (1,0 ставка — 40 саат.)8 014 сом10 655 сом2 641 сом

 

  Эмгек акы төлөөнүн салыштырма таблицасы

Жети-Өгүз районундагы билим берүү уюмдарынын мисалында

Эмгек акы төлөөнүн сааттык төлөм системасын  эске алуу менен жана эмгек акы фондун 30% көбөйткөндө, педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысынын көлөмү:

Учурдагы эмгек акы (сом)30% көбөйгөндөн кийин эмгек акы(сом)айырма
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы:

жогорку билимдүү адис даражасы менен 27 саат жумалык жүктөмү, пед.стажы 6 жыл (10%) тарбиячы Бакир кызы Гулиза

 

 

 

 

8 608,6

 

 

 

 

11 839,4

 

 

 

 

+3 230,8

орто атайын билимдүү, 27 саат жумалык жүктөмү, пед.стажы 31 жыл (30%) тарбиячы Турдакунова Т.Н. 

9 241,4

 

11 791,8

 

+2 550,4

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Ленин атындагы орто мектебиндеги:

-жогорку билимдүү,17 сааттык жумалык жүктөмү, пед.стажы 32 жыл (30%), башталгыч класс мугалими Занадворова В.А

 

 

 

12 348,8

 

 

17 459,2

 

 

+5 110,4

-жогорку билимдүү бакалавр даражасы, 23 сааттык жумалык жүктөмү, пед.стажы 1 жыл (0%), тарых мугалими Элеманова А. 

9088,0

 

11 475,3

 

+2 387,3

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы “Кут билим” балдар чыгармачылык борбору:

жогорку билимдүү адис ,18 сааттык жумалык жүктөмү, пед.стажы 38 жыл (30%), ийримдин мугалими Ботова Г.А.

 

 

 

 

 

10 552,5

 

 

 

14 589,0

 

 

 

+4 036,5

атайын орто билимдүү, 27 сааттык жумалык жүктөмү, пед.стажы 14 жыл (20%), ийримдин мугалими Ашымов Б.Б

Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылындагы №55 профессионалдык лицейи:

-жогорку билимдүү адис өндүрүштүк окутуу устаты, пед.стаж 13 жыл (20%), лицей үчүн 20% кошумча

 

12 975,0

 

 

11 080,0

17 145,0

 

 

16 015,0

+4 170

 

 

+4 935,0

Орто кесиптик билимдүү адис өндүрүштүк окутуу устаты, пед.стаж 10 жыл (20%), лицей үчүн 20% кошумча1045013285,0+2835,0
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы  окуу методикалык кабинети:

жогорку билимдүү, пед.стажы 8 жыл (10%) методист Кокоева Гулжамал

 

 

 

6250,0

 

 

 

7150,0

 

 

 

+900,0

Даярдаган Майрамбек Токторов, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер