ИЛИМ ӨЛКӨ МУКТАЖДЫГЫНА БУРУЛДУ

  • 16.09.2019
  • 0

ИЛИМ  ӨЛКӨ МУКТАЖДЫГЫНА БУРУЛДУ

Батыркул БАЕТОВ, билим берүү жана илим министринин орун басары, экономика илимдеринин доктору 

 

Кечээ жакында өкмөт башына караштуу Илимий кеңеш өзүнүн төрт жыл мурун чыгарган тыянагын дагы да бир жолу тастыктады: “илим тармагы, тилекке каршы, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо албай жатат”.

Премьер-министр түзүлгөн жагдайды оңдоо үчүн Билим берүү жана илим министрлигине (ага караштуу Илим департаменттигине деп билиңиз), биринчиден, “мамлекеттик заказ” механизмин ишке киргизүүнү; экинчиден, илимий изилдөөлөрдү “децентрализациялоо” алкагында региондордогу калктуу конуштарды алгачкы санариптештирүүго жана алардын өсүү чекиттерин ишке киргизүүгө жергиликтүү мамлекеттик университеттерди тартуу боюнча  протоколдук тапшырмаларын берди.

Андан тышкары өкмөт башы тез арада илимий мекемелерди  оптималдуу структурага келтирүү боюнча сунуштарды киргизүүнү Улуттук илимдер академиясына жана Билим берүү министрлигине тапшырып, мындан ары илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы деп алардын өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө тийгизген салымын түшүнүп, ал эми миңдеген макалаларды, жүздөгөн отчетторду, ондогон конференцияларды илим тармагынын кыйыр көрсөткүчтөрү катары кабыл алууну баса белгиледи.

Мамлекеттик заказ

Эгемендик жылдарында илим тармагына мамлекеттик бюджеттен каражат өтө жетишсиз көлөмдө бөлүнөөрү жалпыга маалым. Тактап айтсак, бул каражаттар Кыргызстанда ички дүң продукциясынын 0,08% гана түзөт (бул деген айрым постсоветтик республикалардагыдан 2-5 эсе, ал эми өнүккөн өлкөлөрдөгүдөн 30-40 эсе аз дегенди билдирет).

Мамлекеттик бюджеттен илим тармагына бөлүнгөн ошол аз каражат натыйжалуу иштетилип жатабы деген суроого, албетте, бүгүнкү күндө оң жооп бере албайбыз, анткени ал акчаларга окумуштуулар өздөрү каалаган багытта (!?) иш алып барышат – теманы өздөрү тандашат, андан сон изилдөөнүн жыйынтыгы деп отчет жазып, туура келип калса макала чыгарып, конференцияларды өткөрүп дегендей акчаны тамамдап коюшат…

Келе жаткан 2020-жылдан баштап бул практикага чекит коюлууда – илим тармагы өкмөт тарабынан бөлүнгөн акчага өкмөткө керектүү гана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, жыл соңунда өкмөткө ал өтө муктаж болгон, алдын ала белгиленген  илимий продукцияны тапшыруусу зарыл.

Учурда мамлекеттик органдарда илимий-техникалык кенештер түзүлүп, келерки жылы аткарылуучу илимий изилдөөлөрдүн темалары, илимий продукциянын техникалык шарттары такталууда. Бул маалымат расмий түрдө Илим департаментине тапшырылмакчы.

Кезектеги кадамдар – Илим департаменти массалык маалымат каражаттарына конкурстун шарттары менен катар эле илимий изилдөөлөрдүн темаларын, техникалык шарттарын жарыяламакчы. Андан соң конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталып, келишимдер түзүлүп, жыл башынан изилдөөлөр башталып, жыл аягында илимий продукция алгач демилгенин ээси болгон мамлекеттик органдын илимий-техникалык кенешинин жыйынында талкууланып, тиешелүү чечим кабыл алынышы абзел. Ушул процедуралардан кийин гана Илим департаментинин эксперттер кенеши тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынып, бюджеттик каражаттардын негиздүү жумшалышына мыйзамдуу шарттар түзүлмөкчү.

Ушундай шартта гана биз “илимдин артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрөбүз” деп өзүбүздү өзүбүз алдабай, илим тармагынын өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө салым кошо ала турган керектүү багыттарын гана ишке салып, алардын өнүгүүсүнө жол ачкан болобуз.

Децентрализация – жаны кадам

Экинчи маанилүү багытты – илимий изилдөөлөрдү адаттагыдай борборго топтобой, облустарга жайылтууну – өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы деп тааныганыбыз туура болор. Чындап эле, облустардын дээрлик бары бири бирине окшобойт,  анткени алардын табигый-географиялык шарттары (климаты, жер кыртышы, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү) бирдей эмес, андан тышкары жергиликтүү экономиканын структурасы, калкынын социалдык абалы, менталитети, соода-сатык мүмкүнчүлүктөрү, кошуна-колоңдору менен мамилелер жана ушул сыяктуу факторлор дагы айырмаланары бештен белгилүү.

Чет өлкөлүк кесиптеш окумуштуулар таң калышууда: кантип силер борборлоштурулган илимий сунуштарды өлкөнүн бардык региондоруна колдонуп, оң жыйынтыктарды алышынар мүмкүн деп. Алардын бир эле чечим бирдей эмес шарттарда бирдей жыйынтык бериши мүмкүн эмес деген түшүнүктөрү өтө негиздүү десек болчудай.

Кыргызстандын жети облусу бири биринен кескин айырмаланып турарын далилдештин деле кажети жок. Ошондуктан өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдү акырындык менен облустардагы мамлекеттик университеттерге чачыратуу максатка ылайык деген ойдобуз.

Бүгүнкү күнү биз ар бир облустагы жергиликтүү университеттерден жергиликтүү бийлик менен биргеликте жалпы айлык акы фондусу эки млн.сом көлөмүндөгү үч илимий долбоорду мамлекеттик заказ катары сунуштоолорун расмий сурандык. Бул деген келе жаткан 2020-жылы жергиликтүү мамлекеттик университеттерге жалпы айлык акысы 14 млн.сом болгон 21 илимий долбоор жергиликтүү бийликтин заказы менен аткарылат дегенди билдирет. Кийинки жылдары бул багыттагы иштерди күчөтүү менен катар эле жеке менчик ишканаларды да илимий иштерди каржылоо процессине тартуу маселесин чече баштоо максатка ылайык деген ишеничтебиз.

Президенттин демилгесин колдоп…

Жыл башында илимий жана билим берүү мекемелеринин өтө маанилүү заманбап демилгеси парламенттин депутаты Акылбек Жапаров тарабынан колдоого алынып, өкмөткө сунушталган. Ага ылайык, быйылкы региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында ар бир айыл аймагындагы калк жашаган пункттарда жергиликтүү мамлекеттик университеттер менен жергиликтүү бийлик биргеликте, Кыргыз экономикалык университетинин усулдук жетекчилиги менен, санариптештирүүнүн базалык көрсөткүчтөрүн жыйноо менен катар жергиликтүү калк үчүн маанилүү деп эсептелинген локалдык чакан бизнес-пландарды түзүү маселеси чечилмекчи. Бул ишти кыска убакта, тактап айтканда үстүбүздөгү жылы ишке ашыруу каралган.

Кийинки кадам жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселесине таасири чоң деп эсептелген локалдык чакан бизнес-пландарды ишке ашырууда “өкмөт-жергиликтүү бийлик-жергиликтүү университет” үчилтигинин биргелешкен иш-аракеттери өтө маанилүү экени талашсыз. Мамлекет тарабынан уруксат берүү жана “узун акча” каржылык мүмкүнчүлүктөр ачылса, окумуштуулар, жергиликтүү бийлик жана ишкерлер биргелешип социалдык жана экономикалык локалдуу чакан бизнес-пландарды ишке ашырууда ийгилик жаратаарында шек жок.

Бул кадам өз кезегинде көп жылдардан бери, тилекке каршы, багы ачылбай келе жаткан мыйзамда каралган “мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнүн” практикалык негизде ишке ашуусуна жол ачмакчы.

Эл – тараза

“Айтылган сөз – атылган ок” демекчи, илим тармагындагы жогоруда айтылган жаңы кадамдар элдин жашоосуна оң таасирин таасын тийгизгенде гана өз максаттарына жетти деп эсептесек болчудай.

Илим тармагы мамлекеттик бюджеттин эсебинен өлкөгө керек изилдөөлөрдү жүргүзүүгө өтөт, облустук деңгээлде облустук илимий маселелер чечилет, санариптештирүүнүн алгачкы базалык негизи калк жашоочу ар бир конуштар боюнча түзүлөт, локалдык чакан бизнес-пландар түзүлүп, ишке ашат деген мерчемдердин ишке ашышы жалпы элдин көз алдында болушу үчүн ЭлТР каналында “Илим салымы” деген телекөрсөтүүнүн башталышы күтүлүүдө. Телекөрсөтүүнүн ар бир жаны чыгарылышы расмий тилде “Вклад науки” деген ат менен эфирге чыгышы  өлкөбүздөгү көрөрмандардын аудиториясын ого бетер кеңейтет деген ойдобуз.

Адегенде айына эки жолу мамлекеттик жана расмий түрдө эфирге чыга турган телекөрсөтүүлөрдүн биринчи жарымын илим тармагындагы мамлекеттик саясаттын күңгөй -тескейине арнап, ал эми экинчи бөлүгүндө өлкөбүздөгү ийгиликке жетишкен мекендеш-окумуштуулардын же илимий  жамааттардын өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнө кошкон конкреттүү салымдарын жалпы кыргыз коомчулугуна кенен-кесир көрсөтсөк деген тилектебиз. Тилегибиз аткарылып, илим тармагындагы аракеттер, жетишкендиктер жөнүндө маалымат элибизге толук жетсе, атамекендик илимге элдин ою өзгөрүп, ишеними пайда болсо, бул жагдай өз кезегинде окумуштууларыбызды жаңы ийгиликтерге шыктандырат деген ишеничтебиз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер