ОШМУДА АККРЕДИТАЦИЯ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 11.09.2019
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде Казакстандын көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) тарабынан «Аккредитация жана рейтинг — жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоонун фактору» аттуу  семинар болуп өттү. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты.

ОШМУДА АККРЕДИТАЦИЯ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

Семинарды ОшМУнун Аккредитация жана сапат департаментинин директору М.Алтыбаева ачып, республикадагы жогорку окуу жайлардын билим сапатын көтөрүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып, билим сапатын көтөрүү, баалоодо негизги критерийлердин бири аккредитация экендигин белгиледи.

НААР агенттигинин институционалдык жана программалык аккредитациядан ЖОЖдорду өткөрүү долбоорунун жетекчиси Гулияш Ниязова жана агенттиктин эксперти Миталип Тайиров семинардын катышуучуларына жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоодо аккредитациянын орду, негизги талаптар, маселелер боюнча баяндамаларды жасады.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер