АНАДОЛУ МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ

  • 11.09.2019
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Маданият көпүрөсү” долбоорунун алкагында Кыргызстанга келген Анадолу мектебинин окуучулары менен биргеликте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган иш-чара өткөрдү.

Кыргызстанга келген окуучулар Түркияда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн көптөгөн иш-чаралардан жеңишке ээ болгондор. Алар Анадолу мектебинин жетекчиси Сами Гүчлүнүн жетекчилиги астында келишип, алгач Ысык-Көлгө барып, тарыхий-маданий жайлар менен таанышып келишти. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөн иш-чарада болсо алгач окуу жайдын түркология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы, Кыргызстандагы белгилүү Айтматов таануучулар, жазуучулар менен жолугушту. Бир канча окуучу улуу жазуучу жана чыгармалары тууралуу баяндама жасашты.

  • Булар жакшы жөрөлгө башташыптыр. Бул кыргыз жаштары үчүн дагы жакшы саамалык болуп берчүдөй. Булардын келгенине үч күн болду, Кыргызстандын аймактарында болушуп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында чагылдырыган жерлер менен таанышып келишти. Бул чоң жетишкендик, — дейт окуу жайдын биринчи проректору Асылбек Кулмурзаев.
Бөлүшүү

Комментарийлер