МИНИСТРЛИККЕ РЕФОРМАТОР, МЕНЕДЖЕР ЖЕТЕКЧИ КЕЛЕТ  

  • 10.09.2019
  • 0

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Өткөн аптада мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева берген арызы боюнча кызматтан кеткен. Социалдык тармактарда бул кызматка татыктуулардын бир канчасы сунушталып, бир топ талаш-тартышты жаратты. Алардын арасында Каныбек Исаковдун дагы аты аталган.

Каныбек Абдуваситович 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында төрөлгөн. 1987-жылы мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетине кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча тапшырган. 1988-1990-жылдары  Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, кайра Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып, аны кызыл диплом менен аяктаган.

Эмгек жолун 1986-жылы  Бел-Өрүк колхозунда жумушчулуктан баштаган. 1993-1997-жылдары ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде окутуучу, «Нур» гезитинин башкы редактору, 1997-1998-жылдары ушул факультеттин деканынын орун басары, 1998-жылы ОшМУнун ректорунун тарбия иштери боюнча жардамчысы, 2000-2005-жылдары ОшМУнун коомдук тарбия иштери боюнча проректору, 2005-2006-жылы мамлекеттик тил иштери боюнча проректору, 2006-2011-жылдары Ош мамлекеттик гуманитардык педагогикалык институтунун ректору болуп иштеген. Ош мамлекеттик университетин 2011-жылдан бери жетектеп келе жаткан. 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору.

Мына ушундай жөнөкөй окутуучулуктан эмгек жолун баштаган жетекчи учурда коомчулукта мыкты реформатор, менеджер, изденүүчү, иш билги, жаратман катары таанымал. Себеби ал ОшМУну жетектеген сегиз жылдын ичинде окуу жайды комплекстүү өнүктүрүп, республикада гана эмес Орто Азиядагы алдыңкы окуу жайлардын катарына кошо алды.  Учурда дүйнөлүк ТОП-700 университеттин катарына кирүүгө белсенип иштеп жаткан.

Бул жетекчинин жасаган ишине карата коомчулукта дагы жакшы пикир айткандар көп. Алардын бири белгилүү окумуштуу Абдыкерим Муратов өзүнүн фейсбук баракчасына окуу жайдын акыркы сегиз жылда жетишкен ийгиликтерин төмөндөгүдөй кылып тизмектеп чыккан:

“Биринчиси, окуу кампустары эл аралык стандарттарда курулуп, беш-алты жыл ичинде өлкөдөгү гана эмес, жалпы Фергана өрөөнүндөгү заманбап университеттердин эң алдыңкы сабына чыкты. Ал курулуштарга каражаттардын көбүн ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен тапты.

Экинчиси, адатта, билим берүү тармагына инвестициялардын келиши кыйын болсо да, Каныбек Исаков дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн инвесторлорду таап келип, Конфиций инстутуту, Кыргыз-Европа институту, Медицина институту ж.б. түзүмдөрүн ачты жана мурда ачылгандарын жаңылады. Бул жагынан окуу жайы башка билим берүү мекемелерине үлгү боло турган зор иштерди жасады.

Үчүнчүсү, профессордук-окутуучулук курамдын, техникалык кызматкерлердин, башкаруу аппаратынын эмгек акыларын бир нече жолу көтөрүп, кандидаттык жана докторлук диссертацияларын коргоп жаткандар үчүн бир мертебе берилүүчү сый жардамдын акчасын Кыргыз Республикасындагы бир дагы окуу жайларында жок суммага жеткирди.

Төртүнчүсү, окуу процессин, коммуникация тармагын, кабыл алуу формасын ж.б. тармактарын санариптештирүү жагын жогорку деңгээлге алып чыга алды.

Бешинчиси, ден соолук жана спорт жагына өзгөчө көңүл бурулуп, футбол, теннис аянтчалары, спорт залдары курулуп, спортчу студенттердин дүйнөлүк жана азиялык жарыштарда ири ийгиликтерди жаратуусуна шарт түзүлдү.
Алтынчысы, университеттин карамагына караган бала бакчаларды, Ош, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Кара-Суу шаарларында, Ноокат районунун Баргы айылында лицейлерди ачты.

Жетинчиси, киноакадемия сыяктуу жаңы түзүмдөр дароо эле көзгө көрүнө турган иштерди жасашты”.

Өзүнүн командасы менен ушундай ийгиликтерди жарата алган Каныбек Исаков республиканын бүтүндөй  билим берүү тармагын жетектеп кете алат деген ишенимин көрсөтүү менен министрликке кандай киши келсе дагы азыр сазга батып турган тармакты алдыга сүрөп алып кете турган жетекчи керек экендигин белгилеген. Ушундай эле ойду серепчи Асылбек Жооданбеков дагы айтып, азыр билим берүүнүн жок дегенде жакынкы 20 жылдагы келечегин аныктап, ошол багытта иш жүргүзө ала турган, эрки күчтүү жетекчи керек болуп тургандыгын “Азаттыкка” берген маегинде баса белгилеген.

“Бирок тилеке каршы, азыркы Кыргызстандын билим берүү тармагын кескин реформалоодо жаңы келген министрдин кескин таасир этиши абдан кыйын болуп турат. Себеби министрликтин ишине кийлигишкендер көп. Бирок ошентсе дагы жетекчиликке келе жаткан кишиге өзүнүн командасын түзүп, ишти бир нукка салып алышына жана тийиштүү реформаларды жасашына жок дегенде беш жылга чейин мүмкүнчүлүк беришибиз керек”, — дейт серепчи.

Мына ушундай жакшы пикирлерге ээ болгон жаңы жетекчи Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин алдында билим берүү тармагында чоң реформа жасап, алдыга койгон максаттарды жүзөгө ашырууга  аңсезимдүү, жоопкерчилики сезүү менен баратканын белгиледи.

  • Мугалимдерге ишеним жараталык, эң башкысы агартуу тармагынын бардык кызматкерлерине жаңы дух берелик деген ой бар. Биринчи басымды, албетте, бала бакча, андан кийин мектеп, кесиптик анан жогорку билим берүүгө жасайбыз. Ар бири боюнча ачык-айкын багыттарды белгилеп, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү жүрүп жаткан билим берүү интеграциясына ылайык милдеттерди чечебиз деген ойдобуз. Эң башкысы биз менен канатташ, тагдырлаш мамлекеттерде билим берүү системасында жасалып жаткан жакшы иштерди бизге алып келип кыргыз менталитетине, кыргыз топурагында өндүргөнгө аракет кылабыз. Учурда коомдо бир топ резонанс жаратып жаткан маселелерге комплекстүү мамиле жасап, бардык мыйзамдык базаларды түзүп алып туруп, ушул маселелерден биз акыл-эстүү чыгышыбыз керек, өзгөчө окуу китептери боюнча. Окуу китептеринин сапаты, мазмуну, балдарга жугумдуулугу жагын карашыбыз керек. Өзгөчө, электрондук китептерди тез арада жасап чыгышыбыз зарыл. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү бүгүнкү күндүн талабы болууда. Колдо бар мугалимдердин деңгээли ушул. Бирок биз аларды билим аркылуу, билимин тереңдетүү аркылуу иновациялык көрүнүштөрдүн бардыгына багытташыбыз керек. Алардын деңгээлин көтөрбөй туруп биз сапатка жетише албайбыз, — дейт К.Исаков.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер