МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: ЖАШООДО БИЛИМДИН ЗОР МААНИСИН ТҮШҮНГӨН ЭЛ ДАЙЫМА БАКУБАТЧЫЛЫКТА ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЖАШООДО ЖАШАЙТ

  • 02.09.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Москва районундагы Мукаре айылындагы жана Панфилов районундагы Бухара айылындагы орто мектептердин ачылыш салтанатына катышты.

МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: ЖАШООДО БИЛИМДИН ЗОР МААНИСИН ТҮШҮНГӨН ЭЛ ДАЙЫМА БАКУБАТЧЫЛЫКТА ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЖАШООДО ЖАШАЙТ

Эски мектеп авариялык деп таанылып, балдар коңшу айылда окуганга мажбур болушкан. 1994-жылы мектеп имараты жараксыз деген тыянак чыгарылганына карабастан, анда окутуу улантылган. Жаңы имараттын курулушуна 50 млн сом бөлүнгөн.

Өкмөт башчы өз сөзүндө окуучуларды, мугалимдерди жана айыл жашоочуларын Билим күнү жана жаңы мектептердин ачылышы менен куттуктады.

«Билим күнү биз үчүн өзгөчө күн. Ушул күн жашоонун жаңы баскычынын белгиси катары болуп саналат. Бул Кыргызстандын эли билим берүүгө, балдарга жана өлкө келечегине зор маани берерин айтып турат. Мен силерди өзүмдүн жана Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан жаңы окуу жылынын башталышы менен гана эмес, жаңы заманбап мектептин ачылышы менен да куттуктайм. Быйылкы жылы өлкөбүздө 1 млн 268 миң окуучуга мектеп эшиги ачылат, алардын ичинде 156 миңи биринчи класстын окуучулары. Бул күн ата-энелер, чоң ата-чоң апалар үчүн дагы бөтөнчө күн. Себеби алардын ар бири балдары татыктуу билим алса, келечек пайдубалы бекем болсо деп тилешет.  Азыркы заманда билим алууга тийиштүү көңүл бурган эл дайыма бакубатчылыкта жана жеткиликтүү жашоодо жашайт. Келерки жылы мектепти аяктай турган жогорку класстын окуучуларына кайрылгым келет. Силер кесип тандоого олуттуу мамиле кылышыңар керек. Анткени бул силердин келечек жашооңорду аныктай турган маанилүү кадам. Адис болуш үчүн силер кадырына карабастан, эмгек рыногунун реалдуу талаптарына көңүл буруп, техникалык адистиктерге маани берсеңер болот», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: ЖАШООДО БИЛИМДИН ЗОР МААНИСИН ТҮШҮНГӨН ЭЛ ДАЙЫМА БАКУБАТЧЫЛЫКТА ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЖАШООДО ЖАШАЙТ

Өкмөт башчынын айтымында, бүгүн республика боюнча 15 жаңы мектеп өз эшигин ачты. 111 билим берүү объектиси курулууда, жыл аягына чейин дагы 72 мектеп ачылат.

«Бул мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып турат. Буга жыл сайын 30 млрд сомдун тегерегинде жумшалат. Республика боюнча мектептер курулуп, оңдолуп жатат. Жада калса, алыскы аймактардагы билим берүү мекемелери дагы интернет менен камсыздалууда. Өкмөт мугалимдердин айлык акысын 30% жогорулатуу үчүн каражаттарды таап жатат. Бирок ушул жаңы имараттарда заманбап талаптарга жооп берген мугалимдер болбосо, мамлекеттин күч-аракети текке кетет. Ошондуктан мугалимдер курамы балдар билим алууга умтулуусу үчүн квалификациясын жогорулатуу менен алектенүүгө тийиш. Заманбап шарттар чекти жоюуда жана  интернеттин жайылышы менен окуучулар шаарларда жана алыскы аймактарда бирдей мүмкүндүктөргө ээ болуп жатышат. Өткөн жылы жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча жогорку баллды борбор калаадагы гимназиянын эмес, Жалал-Абадагы орто мектептин бүтүрүүчүсү алганы буга күбө. Биз ошондой эле окуучулары олимпиадада жеңишке жетишип жана тестте жогорку балл алган мугалимдерди мамлекет тарабынан акчалай сыйлоо керек деп эсептейбиз. Өкмөт бүгүнкү күнү бул үчүн канча каражат керектигин деталдуу иштеп жатат. Бул айлык акысын жогорулатуудан тышкары мугалимдер үчүн жакшы өбөлгө болмокчу. Бардык мектептерде балдар туш болууну каалаган, ата-энелер балдарын окутууга бергиси келген мугалимдер бар. Мындай мугалимдер көп болушу керек. Дал ушул максатта акчалай сыйлоо маселесин натыйжалуу чечүүгө тийишпиз. Мугалимдик кайрадан беделдүү жана ардактуу кесип болушу абзел», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: ЖАШООДО БИЛИМДИН ЗОР МААНИСИН ТҮШҮНГӨН ЭЛ ДАЙЫМА БАКУБАТЧЫЛЫКТА ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЖАШООДО ЖАШАЙТ

Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда окуучуларды жана мугалимдерди, ошондой эле бардык чогулгандарды Билим күнү менен дагы бир ирет куттуктап, окууга ийгиликтерди, бакыт жана бакубатчылык каалады.

Премьер-министр мектептерге компьютердик класстар үчүн жабдууларды белек кылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер