«ГАЗПРОМ-КЫРГЫЗСТАН» МЕКТЕБИ АЧЫЛДЫ

  • 02.09.2019
  • 0

«Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  2-сентябрда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» жалпы билим берүүчү мектебинин ачылышында.

"ГАЗПРОМ-КЫРГЫЗСТАН" МЕКТЕБИ АЧЫЛДЫ

Мамлекет башчысы окуучуларды Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

»Россия менен бизди өзгөчө ишенимдүү мамилелер байланыштырып турат. Ал мамилелер тарыхый, салт болуп калган достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген. Россия биздин жакын досубуз, ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Россия менен болгон байланыштарыбызды жогору баалайбыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал бүгүн ачылып жаткан мектеп билим берүү жаатындагы алгачкы биргелешкен кыргыз-россиялык чоң долбоор экенин кошумчалады жана өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу билим берүү мекемелери көбөйө берет деген үмүтүн билдирди.

"ГАЗПРОМ-КЫРГЫЗСТАН" МЕКТЕБИ АЧЫЛДЫ

Президент бул мектептин ачылышы Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен жемиштүү ишинин көрсөткүчү экенин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мектептин педагогдор жамаатына жооптуу иште кайрат-күч, чыдамкайлык жана акылмандык, ал эми балдарга бекем ден соолук жана жакшы окууну каалады.

Ал бул долбоорду ишке ашырууга катышкан бардык адамдарга ыраазылык билдирди. Санариптештирүү доорунда ушул сыяктуу инновациялык мектептердин санын көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.

"ГАЗПРОМ-КЫРГЫЗСТАН" МЕКТЕБИ АЧЫЛДЫ

Өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков «Газпромдун» биздин өлкөнүн экономикасына салган инвестициялык салымдардын көлөмү 35 миллиард сом болгонун эске салды.

Президент белгилегендей, бүгүн «Газпром» компаниясынын тобу биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жемиштүү таасирин тийгизүүдө, өлкө бюджетине 43 млрд сомго жакын, же 3,2 млрд доллар АКШ долларын которгон.

Ал «Газпром» компаниясына өлкөнү мунай заттары жана авиаотун менен, ал эми 2014-жылдан тартып жаратылыш газы менен туруктуу, үзгүлтүксүз камсыздап келатканы үчүн ыраазылык билдирди.

Мамлекет башчысы 2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын, же 400гө жакын калктуу пункттарды газ менен камсыздоо пландалып жатканын канааттануу менен баса белгиледи. Учурда аталган максат үчүн 25 млрд сом салынды.

Президент ошондой эле «Газпром — балдарга» программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында тогуз дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин курган компаниянын социалдык жоопкерчиликтүүлүгүн баса белгиледи.

"ГАЗПРОМ-КЫРГЫЗСТАН" МЕКТЕБИ АЧЫЛДЫ

»Газпром» жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун, Ленинград курчоосунун катышуучуларына, балдар үйлөрүнө, ооруканаларга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүүдө. Бул максатта 400 млн сом калктын социалдык аярлуу катмарына бөлүнүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, «Газпром Кыргызстан мектеби» жалпы билим берүүчү мектеби «Газпром — балдарга» долбоорунун алкагында курулуп, 960 окуучулук орунга эсептелген. Мектеп эң жаңы жабдуулар менен жабдылган жана окуу, административдик, ашканасы бар чарбалык имарат-жайларды, актылар залын, спорттук залды жана бассейндерди камтыйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер