КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

  • 27.08.2019
  • 0

Республикада кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу 1-сентябрга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.  Быйыл кесиптик орто окуу жайлары үчүн жалпы 4131 бюджеттик орун бөлүндү. Анын ичинен Билим берүү жана илим министрлигине – 2130 орун каралса, министрликтин карамагындагы Кесиптик билим берүү агенттигине — 125 орун бөлүндү. Андан сырткары Саламаттык сактоо министрлигине – 1335, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине – 456, Транспорт жана жолдор министрлигине – 60 жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия  мамлекеттик агенттигине – 25  орун туура келди. 

Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн 2130 орундун 565 башталгыч класстарда окутуу адистигине, жүзү мектепке чейинки билим берүүгө, токсон беши ветеринарияга, жетимиши айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтырууга, алтымыштан ашууну электр менен камсыз кылуу, элүүсү маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкарууга бөлүнгөн. Калгандары дене тарбия, экономика, айыл чарба, курулуш, транпсорт, тамак-аш, экология  сыяктуу тармактар үчүн зарыл адистерди даярдоого каралды.

Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы 1335 орундун эң көбү, т.а. 525 медициналык айым ишине, 300 акушердик ишке, 225 дарылоо ишине каралса, калган орундар лабораториялык диагностика, медициналык массаж, медико-профилактикалык иш, профилактикалык стоматологияга бөлүндү. Калган орундар тууралуу төмөндөгү Өкмөттүн  токтомунан билип алууга болот.

 

ӨКМӨТТҮН БЮДЖЕТТИК ОРУНДАР БОЮНЧА ТОКТОМУ

КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

 

КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

 

КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

 

БЫЛТЫР ПЛАН ТОЛГОН ЭМЕС

Былтыр кесиптик орто окуу жайларында 139 бюджеттик орун толбой калган. Анын  отуз беши Билим берүү жана илим министрлигине бөлүнгөн орундар болсо, сексен жетиси Саламаттыкты сактоо министрлигине, он жетиси Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бөлүнгөн орундар болгон.

Төмөнкү таблицада кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуунун сандары көрсөтүлгөн.

 

Таблица 1

 

Катар №Министрлик же мекемеКабыл алуу планыКабыл  алындыБош  калган орундар
1.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги2130209635
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги125125 
2.Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо  министрлиги1335124887
3.Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги45643917
4.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги6060 
5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия  мамлекеттик агенттиги2525 
Баардыгы:41313992139

 

 

Анын ичинен базалары боюнча:

 

Катар №№.АталышыКабыл алуу планыКабыл  алынды
1.9-класстын базасындагы бюджет21232104
2.11-класстын базасындагы бюджет20081822
3.9-класстын базасындагы контракт2239612688
4.11-класстын базасындагы контракт2495513815
5.Сырттан окуу бөлүмү:

—                    бюджет

 

 

 

24

—         контракт56123731
Бардыгы:55709434371

 

 

 

№ п.п.Бөлүмдүн  аталышыКабыл алуу планыКабыл  алынды
1.Бюджет41313992
3.Келишимдик4735126503
 Сырттан окуу56123795
Баардыгы:5709434290

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер