МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПКӨЙ КЕҢЕШМЕСИ

  • 22.08.2019
  • 0

Мугалимдердин август айында салтка айланган кеңешмеси 23-августта Ысык-Көлдө өтөт.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын премьерминистри М.Абылгазиев өзү келип катышкан жатат. Ошондой эле бул иш чарага Жогорку Кеңештин тармактыккомитетинин төрайымы Г.Молдобекованын келиши күтүлүүдө.

МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПКӨЙ КЕҢЕШМЕСИ

Билим берүү жана илим министри  Гүльмира Кудайбердиева баш болгон тармактык жетекчилердин негизги баяндамалары өлкөдөгү билим берүүнүн стратегиялык багыттары,анын ичинде санариптик билим берүү долбоорлору жана пландары тууралуу болмокчу. Ошондой эле заманбап билимдин мазмуну, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, инклюзивдик билим берүү, окутуудагы баалоонун жаңы системасы, аккредитация, коопсуз жана таасирдүү билим берүү чөйрөсү сыяктуу маселелер да күн тартибинде талкууга алынат.

МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПКӨЙ КЕҢЕШМЕСИ

Албетте, премьер-министр өзү катышкан мындай чоң жыйында мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү жөнүндөгү тема да четте калышы мүмкүн эмес. Өкмөт мугалимдердин эмгек акысын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн көптөн бери карап жатканы белгилүү.

Күн тынымын албай эмгектенип жүргөн мугалимдер үчүн бул кеңешме кесиптик өнүгүү жагынан бир катар маанилүү чечимдерди чыгарат деген ишенич чоң.

Бөлүшүү

Комментарийлер