БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ ЖАҢЫ МАКАМГА ЭЭ БОЛДУ

  • 31.07.2019
  • 0

Бишкек гуманитардык университети жаңы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети деп өзгөртүлдү.

Жаңы макамга ээ болуу менен окуу жай эл аралык кызматташтыгын бекемдеп, көп профилдүү адистерди даярдоого  мүмкүнчүлүк алат.

Бул окуу жайдын түзүлгөнүнө быйыл 40 жыл болот. Ал алгач  1979-жылы 29-майда СССР Министрлер Кеңешинин токтомунун негизинде Орус тили жана адабияты педагогикалык институту болуп ачылган. 1992-жылдын 1-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун базасында Тилдер жана гуманитардык илимдер мамлекеттик институту түзүлгөн.
1994-жылы 11-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Тилдер менен гуманитардык илимдер мамлекеттик институту Бишкек гуманитардык университети болуп кайра өзгөртүлүп, 2004-жылы 29-июнда академик Кусеин Карасаевдин ысымы ыйгарылган.

Бул жылдары БГУ Кыргызстандагы гуманитардык билим берүү системасынын лидери болууга жетишип, Евразиялык Ассоциациялар университетинин, Шанхай Кызматташтык Уюмунун гуманитардык университеттер консорциумунун мүчөсү болуп, кеңири спектрдеги эл аралык кызматташууну жөнгө салды. Америка, Европа, Азия мамлекеттеринин 70тен ашуун университеттери менен эл аралык кызматташтыгын бекемдеп алды.

2019-жылы БГУда бир катар эл аралык маанидеги иш-чаралар өткөрүлдү. Алар: Россия менен Кыргызстан ректорлорунун форуму, Кытай менен биргеликте эл аралык билим берүү форуму. Жакында эле заманбап Кытай китепканасы да ачылды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер