АЛЫСКЫ АЙЫЛДАРДАГЫ МЕКТЕП КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛЕТ

  • 23.07.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-июлда Ош облусунун Алай районундагы  алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барды.

Аталган айылдар деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан, Мамлекет башчысы менен жолугушууда актуалдуу маселелер айтылды.  Айылдыктарды түйшөлткөн негизги маселелердин бири — мектеп көйгөйү.

АЛЫСКЫ АЙЫЛДАРДАГЫ МЕКТЕП КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛЕТ

Алсак, Сары-Таш айылындагы № 39-орто мектеп авариялык абалда, Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдөөдө.

Ошондой эле тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугу тууралуу айтышты, айылдыктарды социалдык коргоо маселелери көтөрүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков айылдыктар менен маектешүү учурунда 2020-жылдын жазынан тартып жаңы мектептин курулушу башталарын жана окуучуларда ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун белгиледи. Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун 2019-жылдын октябрында аяктоо пландаштырылууда.

АЛЫСКЫ АЙЫЛДАРДАГЫ МЕКТЕП КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛЕТ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура,  курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча,  № 39-мектеп 1986-жылы курулган, анда 250гө жакын окуучу окуйт.

Бактыбек Абдиев кошумчалагандай, азыркы учурда Күн-Элек айылындагы мектептин курулушунун көпчүлүгү аяктады, ичи-тышын жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Президент тургундар тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча  тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик иш алып барарын белгиледи.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер