ЗАМАНБАП ДАРЫГЕР

  • 17.07.2019
  • 0

КР Саламаттык сактоонун отличниги, Ат-Башы райондук кеңештин бир нече жолку депутаты, Нарын облустук кеңештин депутаты (1995-ж.), «Жылдын мыкты дарыгери» ( 2017, 2018), “Насаатчы” төш белгисинин ээси  (2018)  Гулина Мукашева ардактуу эс алууга чыкса  дагы, талыкпай эмгектенип келатат. 2003-жылы ал  заманбап технологияны өздөштүрүп, компьютер аркылуу диагностиканы так жүргүзүү боюнча ыкмаларды Москва шаарында окуп, үйрөнүп келип, бейтаптарды сакайтып жатат. Заманбап дарыгер менин бир тууган эжекем, биздин туу чокубуз, тирегибиз. Быйыл ал 70 жашка толду. 

ЗАМАНБАП ДАРЫГЕР

Мукашева Гулина 1949-жылы 15-мартта Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Ат-Башыдагы Ленин атындагы №2 орто мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы өз күчү менен Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун дарылоо факультетине өтүп, аны 1972-жылы ийгиликтүү бүтүрөт.  Эжекем эмгек жолун 1972-жылы Ат-Башы райондук ооруканасында акушер-гинеколог болуп баштаган. Ал кезде мен 4-5-класста окучу элем. Эжекем айылга гинеколог болуп келээри менен анын аты далайга кетти. Аялзатынын баары эле “колу жеңил экен, дарттарды туура аныктап, туура дарылайт экен” деген сөздөр районго эле эмес, облуска чейин чагылгандай тарады. Мен билгенден күн-түн дебей иштечү. Үйдөгү оокаттарына үй-бүлөбүз менен жардам берээр элек. Түнкү саат үчтө да Ак-Сай, Арпага чейин чакырып кетишчү.

 

— Ал кезде жумуш абдан оор эле. Себеби ошол мезгилде районду айылдары менен толук, Ак-Сай, Арпа өрөөнүндөгү малчыларды болгону үч гана акушер-гинеколог тейлөөчү. Күн-түн дебей чакыруулар абдан көп болчу. Машина баралбаган жерлерге ат менен барчубуз. Бир окуяны айтып берейин. 1975-жылы күзүндө Түз-Ашуу деген кыштоодон кош бойлуу аял төрөй албай атат деген чакыруу түштү. Тез жардам менен барсак, үйүнө чейин машина барбайт экен. Күйөөсү бизди ат даярдап күтүп туруптур. Айдын жарыгы менен үч саатта араң жеттик. Аял жер үйдө (землянка)  жатыптыр, ар жак, бер жагынан топурак куюлуп турат. Инфекция кирбесе экен деп тилейм. Ошентип аялды төрөтүп, капельный куюп, аялды атка күйөөсүнө өңөртүп, баласын дагы бирөөгө берип, кайра үч саат жол жүрүп, машинага жеттик. Райондук ооруканага эртеси саат ондо араң келдик. Аялга дагы тийиштүү жардам берип, он күндөн кийин баласы менен аман-эсен чыгып кетти.

ЗАМАНБАП ДАРЫГЕР

Ал эми 1978-жылы Ак-Сай участкалык ооруканасынан түнкү саат бирде чакыруу түшүп, эртең мененки саат алтыда араң жеттик. Аял төрөй элек экен, көрсөм өзү төрөй алчудай эмес, райондук ооруканага жетпейт, тез арада операция жасаш керек эле. Айла жок, операция жасаганга  туура келди. Үч күн жанынан жылбай, болгон жардамды көрсөтүп, андан кийин санавиация менен Фрунзе шаарына кетирдим. Кийин  баласы менен аман-эсен  чыгып келди. Канча чарчасам да, канча кыйналсам да жардам берген бейтабым айыгып кетсе, мен үчүн абдан чоң кубаныч эле. Иш менен катар оорукананын коомдук иштерине да активдүү  катышканга жетишчүмүн. Комсомолдук уюмдун секретары, профсоюздун төрайымы, элдик контролдоо тобунун жетекчиси, партуюмдун секретары болуп иштедим. Райондук, облустук аялдар комитетинин мүчөсү болдум, — дейт эжекем.

ЗАМАНБАП ДАРЫГЕР

Ал ооруканада 31 жыл иштеп, акушер-гинеколог катары 8 жыл, участкалык терапевт болуп 4 жыл, башкы дарыгердин дарылоо боюнча орун басары кызматында 17 жыл, терапия бөлүмүнүн башчысы болуп 2 жыл үзүрлүү эмгектенди. Ак эмгеги үчүн саламаттык сактоо мекемелеринин райондук, облустук, республикалык  жетекчилердин бир катар ардак грамоталары менен сыйланган, саламаттык сактоонун отличниги. Айылдык жана райондук кеңештин бир нече жолку депутаты,  1995-жылы облустук кеңештин депутаты болуп 5 жыл иштеген.

ЗАМАНБАП ДАРЫГЕР

Эжекем иш десе, ичип жаткан ашын жерге коет. Азыркыга чейин деле ушундай. Чоң кызматтарда иштегени менен текеберленбеди,  бийликке, байлыкка мас болбоду, тескерисинче, жөнөкөйлүгү менен элдин алкышына жетти, баталарын алып, агарып-көгөрдү. Менин эсимде, райондук бейтепканага гуманитардык жардам келсе, аны дайыма даректүү бөлүштүрчү. Бейтепканага жеталбаган карыяларга эринбей өзү үйлөрүнө жеткирип берчү.

Эжекем медицина жаатындагы жаңы ыкмалар менен иштегенди жакшы көрөт. 1994-жылы кытайлардан иглотерапияны үйрөндү, ооруканага кабинет ачып, бейтаптарга бекер “алтын ийне” сайып, айыктырчу. Ушул ыкма менен эле токтоп калбастан, 1998-жылы кореецтердин «Су-Джон» терапиясын үйрөнүп, иглотерапия менен кошуп элди дарылай баштады. Бул ыкмаларды ооруканадагы эки жаш дарыгерге үйрөттү. Ал шакирттери азыркыга чейин иштеп жүрүшөт.

Эжекем 1997-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Бирок иштегенден талыкпаган Гулина Мукашева кайрадан 2003-жылы заманбап технологияны өздөштүрүп, компьютер аркылуу так диагностика жүргүзүүнү Москва шаарында окуп, үйрөнүп, «Витамакс»  америкалык компанияда 8 жыл үзүрлүү эмгектенди. Көп бейтаптарга жакындан жардам берди. Кийинчерек кытайлардын дарылоосуна өттү. Кытай өлкөсүнө беш жолу барып, көп ыкмаларын үйрөнүп келди. Чөп менен дарылоо жана химия менен дарылоонун айырмаларын окуп, нутрициологияны бүтүп, толугу менен ушундай дарылоо ыкмасына өтүп кетти. Себеби чөп ооруну татталданбайт (осложнения) деп ал айтат. Мындан сырткары 2016-жылы Санкт-Петербургга барып, торпоктун органдарынан жасалган дарылар (флуревиты) менен дарылоо ыкмасын окуп келди. Бул ыкма абдан кымбат болгону менен, дартты 100%га чейин айыктырат экен.

Эжекем бир жерде же бир эле ыкма менен отура бербестен, изденип иштегенди жакшы көргөн дарыгер. Ал 2017-жылы Кытайдын Яньтай деген шаарына барып, дагы билимин өнүктүрүп , буга чейинки алган билимдерин жаңы ыкма  менен толуктады. Ушул шаарда он миң керебеттик онкоборборун көрүп, таң калып келди.  Көрсө, бул борборго көбүнчө Европадан көп барышат экен. Ал жерде операция жана химия дарылары берилбейт. Болгону чөп дарылар менен гана оорунун баскычы (стадия) боюнча дарылашаарын, дарыгерлер сырларын сыртка чыгарышпай, керек болсо бири-бирине айтышпайт экен. Бирок 100% кепилдик менен дарылашат.

Мындан бир жыл мурун, т.а.  2018-жылы октябрь айында Кытайдагы Синья шаарына барып, «Императордук массаж же болбосо от менен дарылоо» ыкмасын окуп, үйрөндү. 2018-жылдын 1-декабрынан баштап, атайын кабинет ачып иштей баштады. Эжемдин айтымында, классикалык массаждан бул бир топ айырмаланып турат. Бул массаж жүрөктө аппараты барларга гана жасалбайт экен.

2019-жылдын январь айынан тарта Түштүк Кореядан эң күчтүү «Кымдан 2» деген дарылар келе баштаган. Катуу оорулууларга 96-97% жардам берген дарылар менен дагы иштей баштады.

— Бул дары боордун циррозуна, гепатиттин бардык түрүнө, кан тамырлар ооруларына, нерв ооруларына жакшы жардам берип атат. Ангунсахянг деген дары инсульт болгондорго жардам берет. Медвежья желчь — болгон инфекциянын баарын жок кылат, керек болсо эхинококк, альвеоконктон бери. Азыр ушул кезде качандыр бир кезде Эдгар Кейси деген окумуштуу айткан экен: «Келечекте оорулууларды үн (звук) менен дарылай башташат» деп. Январь айынан бери нейроакустика деген аталышта ыкма келип, кыргызстандыктар дарылана башташты.

МЭЦ деген программа — бул ден соолуктун ачкычы. Бул программа 1983-2007-жылга чейин «өтө жашыруун» деп келген. Бул ыкманы болгону Кремлдеги жетекчилер, космонавттар, иликтөөчүлөр (разведчики) гана колдонушкан.

Орустардын окумуштуулары бул ыкма менен айыктыруу үчүн Тибет менен Алтайга эки чоң лаборатория ачышкан, азыркы кезге чейин иштешет. 2013-жылдан баштап Америка жана Европа колдоно башташкан. Беш жылдын аралыгында 140 мамлекетте колдонулат экен. Ал эми Россияда 2016-жылдан бери колдонулуп келатыптыр. Кыргызстанга жаңы эле келип, көпчүлүк адамдар түнүшпөй жатышат. Мен биринчилерден болуп өзүм колдонуп, натыйжаларын жазып жатам. Кандай гана ыкма болбосун, биринчи мен өзүмдөн өткөрөм, анан гана элдерге пайдалана баштайм. Ошондо дагы компьютерге салып, анын организмине туура келсе дарылайм, туура келбесе башка ыкмаларды издейм. Буюрса, нейроакустика менен дарылоо ыкмасын ишке ашырам деп турам, — дейт Гулина Мукашевна.

Эжекем жаштайынан эле  ар бир иштин аягына чыкмайынча жаны тынбаган өжөр жагы бар. Ишке жоопкерчиликтүүлүгү, тактыгы, боорукердиги атам Алыбаев Мукаштан өткөн. Ал киши учурунда райондук “Живсырье” мекемесинде кассир, эсепчи, кийин райпотребсоюзда кассир, дүкөнчү болуп эмгектенген. Улуу Ата мекендик согуштун ардагери, 2-топтогу майып, “Эрдик үчүн” медалынын ээси.  Мукаш Алыбаев көзү өткөнчө Ат-Башы районунун жолдорун оңдоп түзөөгө, айылды көрктөндүрүүгө зор салым кошту. Апам – Токтобаева Ажардын лидерлик сапаты, бет айтканы, көрөгөчтүгү, даанышмандыгы, алдыга айта билүү касиеттери эжекемде арбын.  Раматылык апам “калп айтпагыла, ууру кылбагыла, ушак сүйлөбөгүлө, бирөөгө жамандык издебегиле, материалдык байлыкка эмес, руханий дүйнөңөрдү байыткыла” деп тарбиялаган. Өзү бай-манаптын, олуянын  кызы болгон үчүн, 1916-жылы ата-энеси Кытайга өтүп кеткен. Кыбыраларга чейин жетет деп алтын-күмүштөрүн ата-энеси жерге көөмп кетишкен экен. “Байлыктын баары жердин алдында жатат, ага кызыкпагыла, рухуңарды байыткыла” дээр эле. Ошондуктанбы, айтор, эжекем чоң кызматта иштегенде деле мамлекеттик казынага кол салган жок. Ошонусу менен аброю бийик, таза жетекчи катары атбашылыктардын эсиндеЗАМАНБАП ДАРЫГЕР

  • Атам менен апам абдан ынтымактуу жашашты. Үлгүлүү үй-бүлөнүн моделин түзүштү. Болбой эле бай-манаптык кан муундан муунга өтөт экен. Экөө тең орус тилин жакшы билишкен эмес, бирок сиңдилерим Калиманы, Гүлнараны, иним Бактыбекти чынчылдыкка, ак ниеттүүлүккө, дайыма адам бойдон калууга тарбиялап,  баарыбызды орус мектепте окутушту. Баарыбыз өзүбүздүн күчүбүз менен мектепте жакшы окуп, жогорку окуу жайларга дагы өзүбүз өткөнбүз.  Сиңдим Калима жапжаш бойдон каза болуп калган. Терек-Суу айылындагы, азыркы А.Чортеков мектебинде мугалим, завуч болуп эмгектенди. Аз, бирок саз жашады. Жаш болсо дагы иштин көзүн билген үчүн эми директорлукка көтөрүлгөндө оорусуна байланыштуу, андан баш тарткан эле. Жакында ушул мектептин базасында, педагогикалык жамааттын чечими менен анын атынан ресурстук борбор ачылганы турат. Кийинки сиңдим Гүлнара — кесиби боюнча мугалим. Бирок үй шартына байланыштуу кийин ал республикалык мугалимдердин көзгө басар “Кут Билим” гезитине кабарчы болуп өтүп, 20 жылга чукул ошол гезитте мектептер бөлүмүнүн редактору болуп иштеп келатат. Ал бир топ ийгиликтерге жетишти. Бир эле учурда бир нече жерде иштейт. Кыргызстандын касиеттүү жерлерин иликтөөгө катышып, бир нече китептерди түзүп, редакторлук кылды. ЮНЕСКОнун тапшырмасы менен “Балдарга тиешелүү ырымдар”, “Кыргыз ээри” жана “Кыргыз калпагы” даректүү тасманын сценарийин жазып, тартты. Ушул учурда КТР каналында анын тасмалары байма-бай көрсөтүлүп жатат. Ар бир иштин майын чыгарып жасайт. Ал  Бишкек, Ош шаардык кеңештеринин, шаардык билим берүү башкармалыктарынын ж.б. грамоталарына татыган, бир топ сыйлыктардын ээси. Билим берүүнүн мыктысы. Бир нече мекеменин төш белгиси менен да сыйланган. Ал сиңдим сөздүн да чебери. Бул жагынан ал апабызды тарткан. Анткени апам сөзгө чечен эле. Иним Бактыбек кесиптик билим берүүнүн мыктысы. Ал жеке ишкерлик менен алектенет, — деп маектешүү учурунда ар бирибизге  токтолду. Бул сапат эжекеме мүнөздүү. Кайда жүрбөсүң баарыбызга көңүл буруп турат.

Эжекем төрт уулдун мээримдүү энеси, 12 неберенин сүйүктүү чоң апасы, эки бир тууганынын камкорчусу. Жакында чөбөрөлүү болгону турат. Балдары Алмаз, Болот, Темирбек жана Алтынбек Орозакуновдар баары жогорку билимдүү, өз жолдорун табышкан, жашоодо тың оокат кылышат. Улуу баласы Алмаз аскер кызматкери, жалан кыргыз  Президенттеринин  жанында кызмат өтөп келди. Болот Ат-Башы РЭСинин профсоюз комитетинин төрагасы, Темирбек менен Алтынбек жеке ишкерлер. Каза болгон эжекемдин баласы Урматты да өз баласындай асырайт. Ал колунан көөрү төгүлгөн уста. Эжекемдин келиндеринин баары эсепчи, бир гана келини Назгүл мугалим болуп эмгектенет.

Азырынча эжекем эч кимге көз каранды эмес. Эс алууга көбүнчө жылда чет мамлекеттерге барат. Сөзсүз бирден небересин алып, жер таанытып, эл таанытып келет. Ал Кытай, Европа, Араб мамлекеттерин кыдырып келбестен, ар бир өлкөнүн медицина тармагындагы жаңылыктарын ала келүүнү адатка айланткан.

Урматтуу эжеке, кутман курак кут болсун!  Гүлгө толсун ар бир кадамыңыз, нурга толсун жамалыңыз, жүрөгүңүздү сүйүнткөн балдарыңыз аман болуп, дайыма жаныңызда болсун,  Сизди сыйлап, урматтаган адамдар бирге болсун! Жетимиштин  артынан сексенди, токсонду, жүздү багынтыңыз, элге ар дайым жарыгыңыз тийип турсун!

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер