ЭЛЕСИҢ ЭСТЕН ӨЧПӨЙТ, РАЙЫМКУЛ АГА!

  • 16.07.2019
  • 0

Чет жакта жүргөндө тилегениңдин бири – суук кабар укпасам деген ой. Бирок, жазмыш ушул, суук кабар да келип жетти. Теңир-Тоо койнундагы айтылуу Тыныбек манасчынын, Актан Тыныбек уулунун айылы Миң-Булактын кулуну, чыныгы атуул Райымкул Турумбек уулу Дөкөнов агабыз дүйнө салыптыр. Анын сөөгү 2019-жылдын теке (июль) айынын 17синде Нарын шаарында акыркы сапарга узатылат деп уулу Нурлан жазды.

ЭЛЕСИҢ ЭСТЕН ӨЧПӨЙТ, РАЙЫМКУЛ АГА!

Райымкул байкемди абдан жакшы билем, анткени ал байкебиз менен 1976-81-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетинде чогуу окудук.

Райымкул байкем 1952-жылы 15-апрелде Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы (ал кездеги Тянь-Шань районундагы) Кара-Үңкүр кыштагында (Долон белинен түштүктү карай түшкөндөн кийинки алгачкы айылда) жарык дүйнөгө келген.

1969-жылы ал Миң-Булак айылындагы Куйбышев колхозундагы орто мектепти (азыркы таптагы Актан Тыныбеков атындагы орто мектепти) аяктаган.

Анын жаш чагы кыйла күрдөөлдүү болгон. Ошондо райондогу алгачкы эстрадалык ансамблдердин бири ушул Миң-Булак айылда уюштурулуп (аны “Кызгалдак” деп аташчу эле, чагымда), Райымкул байке да ага катышып калганын айтканы бар.

Байкебиз эмгек жолун Нарын шаарында электр монтаждоочу кесиби менен баштап, анан Миң-Булак айылынын маданият үйүндө да эмгектенген.

Биз, курсташтар, Райымкул байкени акыйкатчылдыгы, эч кандай арамзалыкты өзүнө жолотпогон пакизалыгы, куулук-шумдукту жек көргөнү, тубаса жөннөкөйлүгү, адамгерчилиги үчүн өзгөчө кадырлаар элек. Ал мыкты да окуду, өзүнүн ЖОЖго чейин эле айдың (интеллектуал) экендигин жүрүм-туруму менен тастыктап келди.

Курсташтары аны менен студенттик курулуш кошуунунда да болуп, турмуштук тажрыйбасынын мол экендигине күбө гана болбостон, бул тажрыйбасынын мөмөсүн да көргөн элек. Талаа жеринде анын калыстыгы ого бетер булуттан жарк этип чыккан күндөй анын бейнесин ажарлантып турчу.

Студент кезинде эле үй-бүлөлүү болчу. Жеңебиз Бактагүлдү (ал киши Кочкор өрөөнүндөгү айтылуу Кочкор-Башы шаарынын калдыгы сакталган Кум-Дөбө айылынан болот) ар кыл студенттик маданий чараларда, той-торополордо байкебиз менен чогуу болуп, байкебиздин жакасын дайыма агартып, күлүп-жайнап, мээримдүү жүргөн аялзаты катары аны да сыйлачубуз.

Райымкул байке өз кезиндеги даңазалуу тарыхчы-окутуучулар Сабыр Аттокуров, Анварбек Хасанов, Какен Мамбеталиева, Бейше Урстанбеков, Сейне Сырдыбаева, Айып Идинов, Бейманалы Чөкүшов, Нина Мохова, Вольтраут Шелике, Жумадил Адилбаев, Мидил Жамгырчинов, Давлет Эгемназаров, Таабалды Мурзабеков, Аманжан Рыскулов,  философ Роза Отунбаева, педагог Нурийла Имаева, ж.б. окумуштуулардын дарстарын уккан. Окутуучулар да аны билими жана тырышчаактыгы үчүн сыйлашаар эле.

Райымкул байке окууну аяктаган соң, 1981-жылы кайра Нарынга кайтып келип, №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектепте жана башка окуу жайларда мугалимдик кесипти аркалап жүрдү. Ысык-Көлдөн бөлүнүп, кайрадан уюшулган облуста ал Нарын облустук билим берүү башкармалыгында усулчу катары иштеп, облустагы көпчүлүк мектептерди кыдырып, дүйнө тарыхын жана кыргыз тарыхын жаңыча окутуу жаатында кеп-кеңешин үзбөй берип турду.

ЭЛЕСИҢ ЭСТЕН ӨЧПӨЙТ, РАЙЫМКУЛ АГА!

1989-жылы 3-июнда негизделген Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын аймактагы далай илимий-агартуучу иш-чараларына жигердүү катышканы эсимде.

Кийинчерээк да Райымкул байкем “Мурас” фонду, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук чөлкөм таануу музейи С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин тарыхчылары менен биргеликте уюштурган дээрлик бардык илимий жана маданий иш-чараларга үзбөй катышып жүрдү. Ал Нарындагы Эл аралык Борбордук Азия университети (аны адатта Агахан университети деп коюшат),“Кызыл жарым ай” коому, АКШнын Өнүктүрүү программасынын жергиликтүү долбоорлору  менен да үзүрдүү иштешти.

Райымкул байкебиз Нарын шаарындагы мамлекеттик университет түзүлгөндөн тартып эле ага ар кыл колдоо көрсөтүп, өзү да анда сабак берип, илимий-маданий чараларына, археологиялык жана башка маданий эстеликтерди коргоо жаатындагы иш чараларына үзбөй катышып келгендигин университеттин жамаатынын өкүлдөрү ыраазылык менен айтып жүрүшчү.

Райымкул байкебиз бир кездери КДКнын Нарын облустук иш-чараларына да жигердүү катышкан, анткени ал табиятынан демократиялуу маанайдагы инсан эле.

Эч качан эсимден чыкпай турган нерсе – 1994-жылдын соңу – 1995-жылдын башында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынына депутаттыкка атаандаш талапкер болуп катталып калдым. Ошондо Райымкул байкем менин Нарын облусундагы негизги өкүлүм катары абдан көп мээнет кылды. Бир жолу Нарындын бир айылына барып, эл менен жолугуп калсам, андагылар айтышты: “Сен жөнүндө өзүңө караганда өкүлүң Райымкул агай жакшыраак айтып берет экен, ошол эле киши бизди ээрчитип кетти!”

(Албетте, бул “аламан байгеде” мен алдыдагы күлүктөргө караандаган да жокмун; акыры Ишенбай Кадырбеков агабыз, А.Акаевдин авторитардык мамлекеттик машинесинин ошондогу тоскоолдугуна карабастан, карапайым элдин колдоосунун аркасында шайлоодо татыктуу жеңип чыкты; бирок, мындагы башкы айтаар сөзүм – дал ошол кырдаалда Райымкул байкенин ак эдилдигине мен гана эмес, башка тилектештерибиз, санаалаштарыбыз да дагы бир ирет күбө болдук).

Анын агартуудагы көп тарамдуу ишмердиги жөнүндө жакында жаш калемгер Мирзат Мамбетованын Нарын өрөөнүнөн чыккан тарыхчы мугалимдер жана агартуучулар тууралуу китебинен окуп, карапайым, ак эдил агабыздын мээнетине да, ошону чагылдырган жаш авторго да ыраазы болдум.

Райымкул агабыз агартуучу катары далай сыйлыктарга ээ болуп келди; маселен, 1988-жылы “Кыргызстандын Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгисин, министрликтин, облустук, шаардык билим берүү тармактарынын ардак кагаздарын, 2001-жылы Нарын шаардык Кеңешинин Ардак грамотасын, ж.б. сыйлыктарды алган экен.

Райымкул агабыз менен Бактагүл жеңебиз беш уул-кыздуу болушту (Мирлан 1977-жылы, Нурлан 1980-жылы, Айбек 1982-жылы, Мырза 1986-жылы жана Жылдыз 1989-жылы төрөлгөн). Алардын он бир небереси бар.

Эми, ылайым алардын чайын ичип, жеңебиз 110го чыксын. Агабыз аларды арбагында коргосун.

Биз, замандаштары, Райымкул агабыздын жаркын элесин эч убакта эстен чыгарбайбыз. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, айкөл агартуучу!

 

Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер