14 000ДЕН АШУУН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИ МАТЕМАТИКА САБАГЫН ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНӨТ

  • 12.01.2022
  • 0

2022-жылдын 10-11-январында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору математиканы окутууда базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган башталгыч класс мугалимдери үчүн тренингдерди баштады. Бул тренингдер менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту бекиткен 72 сааттык башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы ишке ашырыла баштады. Окутуу программасынын алкагында тренингдер быйылкы жана кийинки окуу жылдарында өтөт.

14 000ДЕН АШУУН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИ МАТЕМАТИКА САБАГЫН ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНӨТ

Башталгыч класстын окуучуларынын базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн мугалимдерди натыйжалуу стратегияларды колдонууга үйрөтүү менен бирге, окуучулардын маселенин чыгарылышын негиздөө жана ой жүгүртүү көндүмүн калыптандыруу үчүн «Түшүндүрүү жана негиздөө» стратегиясын өздөштүрүүгө окутат.

Бул тренинг аркылуу окуучуларга математикалык кырдаалдарды болжолдоого жана талдоого, маселелерди альтернативалык ыкма менен чыгаруу варианттарын сунуштоого, өздөрүнүн сунуштарын негиздөөгө мүмкүнчүлүк берүү менен, окуучулардын окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мугалимдер даяр болушат.

14 000ДЕН АШУУН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИ МАТЕМАТИКА САБАГЫН ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛУУ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНӨТ

“Мен көп жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келе жатам. Ошондуктан, бизге дагы кандай жаңы нерселерди сунуштай алышмак эле деген ой менен келгем. Окутуу усулдарынын жана ыкмаларынын баары көптөн бери эле белгилүү нерселердей туюлган. Ошентсе да, биринчи эки модуль боюнча эки тренингге катышкандан кийин, мен мурда өзүмдүн ишмердүүлүгүмдө колдонбогон жаңы усулдар бар экенин түшүндүм. Модулдарда сунушталган жаңы тапшырмалар, теңдемелер жана турмуштук кырдаалдарга жакындатылган стандарттуу эмес маселелерди чыгаруу жолдору мугалимге жана окуучуларга ар бир тапшырманын маңызын түшүнүүгө жана жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Математика сабагын башка форматта өткөрүү мүмкүн экендиги мен үчүн дагы жаңылык болду”, – дейт Чүй областынын Дмитриевка айылдык орто мектебинин башталгыч класс мугалими Бочкарева Елена.

Натыйжада, өлкө боюнча 14 000ден ашуун башталгыч класстын мугалимдери 300 000 башталгыч класстын окуучуларына ийгиликтүү окуу жана жашоо үчүн зарыл болгон функционалдык окуу көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргызстандын мектептеринин башталгыч класстарында окуган 300 000 окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1686 мектепте ишке ашырылып жатат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер