ПРЕЗИДЕНТ МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ «АЛТЫН СЕРТИФИКАТ» ТАПШЫРДЫ

  • 11.07.2019
  • 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-июлда 2019-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтогон орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө «алтын сертификаттарды» тапшырды.

ПРЕЗИДЕНТ МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ "АЛТЫН СЕРТИФИКАТ" ТАПШЫРДЫ

ПРЕЗИДЕНТ МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ "АЛТЫН СЕРТИФИКАТ" ТАПШЫРДЫ

Мамлекет башчысы быйылкы жылдагы ЖРТда эң жогорку упай алгандардын 57%ы аймактардын бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгиледи.

С.Жээнбеков жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналарын баса белгиледи.

Бул жылы «алтын сертификатка» 52 бүтүрүүчү жана жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай алган аймактардын 14 бүтүрүүчүсү ээ болушту.

ПРЕЗИДЕНТ МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ "АЛТЫН СЕРТИФИКАТ" ТАПШЫРДЫ

Мамлекет башчысы сертификаттардан сырткары, бүтүрүүчүлөргө символикалуу белектерди тапшырды.

Айтмакчы, 2019-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө 238 упай топтоп, Кыргызстан боюнча биринчи болгон Элдияр Чормонов Жалал-Абад шаарындагы №15 Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер