I ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ИННОВАЦИЯЛЫК ФОРУМ ӨТТҮ

  • 10.07.2019
  • 0

2019-жылдын 2-июлунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган “Илим, билим – аймактарды өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн негизги факторлорунун бири” аталышындагы I Эл аралык илимий-инновациялык форум болуп өттү.

 

Анда Өлкөнүн Президенти С.Ш. Жээнбеков жарыялаган “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдар аралыгындагы аймактык саясат Концепциясына” ылайык, саясий тармактык мамиледен, аймактарды өнүктүрүүнүн өзүнө таандык өзгөчөлүктөрүнө, айырмачылыктарына жана адистешүүсүнө карата негизделген комплекстүү үлгүсүнө өтүү сунушталды.

Андан сырткары аймактардагы академиялык, колдонмо илим, билимдин учурдагы абалы жана келечеги, биргелешкен аймактык программалардын илимий-техникалык багыттарын ишке ашыруу жолдорун иштеп чыгуу, КР УИА менен ЖОЖдордун кызматташуусу, өлкөбүзүн аймактары жана коңшу Өзбекстан Республикасынын облустары ортосунда илим жана билим берүүдөгү байланыштар, андагы жетишкендиктер, тажрыйба алмашуу, өнөктөш болуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын негизги максаты – аймактарда илимди өнүктүрүүдө көйгөйлөрдү чечүүгө ылайык мамлекеттик стратегияны аныктоо; академиялык жана аймактык илимий-изилдөө мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын ортосундагы коммуникациялык процессти калыптандыруу; Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын аймактарында жайгашкан илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Салтанаттуу иш-чараны КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев ачып, катышуучуларды I  Эл аралык илимий-инновациялык форум менен куттуктап, илимге өзгөчө көңүл буруу –  дүйнө жүзүндөгү өнүгүүнүн эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн жана артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин, илим-билим өнүккөн аймакта экономика, саясат жана башка багыттагы маселелер туура чечилип, өз ордуна коюлуп келгендигин баса белгилеп өттү. Өз сөзүндө М. С. Джуматаев: “Бүгүнкү күндө КР Улуттук илимдер академиясы ири илимий-техникалык долбоорлорду, экономикалык жана социалдык өнүктүрүү, курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу боюнча программаларды илимий деңгээлде иштеп чыгуу, экспертизадан өткөрүү боюнча мамлекеттик иштерди жүргүзүүдө, ошондой эле академиялык, тармактык жана жогорку окуу жайда билим берүүнү интеграциялоо иштерине жигердүү катышып келе жатат”- деп билдирип, бул форумдагы талкуулар жана сунуштар эске алынып, алар ишке ашырыларын айтты.

Форумга КРнын Билим берүү жана илим министри Г.К. Кудайбердиева,  КРнын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.А Усубалиев, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Ж.У. Саралаева, КРнын Жогорку Кенешинин депутаттары А.С. Токторов, А.Т. Алтыбаева, К.М. Жумалиев, А.Э. Самигуллина, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы Д.А. Молдошева, КРнын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын төрайымы Б.К. Тыналиева, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын администрацияларынан жана шаар мэриясынан, райондордон өкүлдөр, ЖОЖдун жана илимий мекемелердин башчылары,  КР УИАнын академиктери жана корреспондент  мүчөлөрү, Түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери жана Фергана, Наманган, Андижан шаарларынын  ЖОЖдорунун ректорлору катышты.

Форумдун жүрүшүндө КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев “Академиялык илим: учурдагы абалы, негизги көйгөйлөрү, өнүгүү кадамдары”,  Ош мамлекеттик университетинин ректору, ф.и.д. К.А. Исаков “Заманбап университеттердин аймактарды ар тараптуу өнүктүрүүдөгү орду”, КРнын Жогорку технологиялар Паркынын директору А. Исмаилов “Санариптештирүү – аймактар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын вице-президенти Б. Т. Ибрагимов программалык баяндамаларын жасашты. Бул сунуштамалардан кийин, форум өз ишин  бөлүмдөрдө улантты: 1-секцияда: “Илим жана билим берүүнү, өндүрүштү интеграциялоо аркылуу экономиканы инновациялык багытта өнүктүрүү”; 2-секцияда: “Кыргызстандын түштүк  аймактарындагы негизги маселелер жана аларды илимий жактан чечүүнүн жолдору”; 3-секцияда: “Өлкөнү санариптештирүү программасы боюнча аймактагы илим жана билим берүүгө илимий-маалыматтык колдоо көрсөтүүнү жакшыртуу”, маселелери талкууланды.

Ошондой эле I Эл аралык илимий-инновациялык форумдун жыйынтыгында  резолюция кабыл алынды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер