ЭАУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЯДАН УЧУРДУ

  • 24.06.2019
  • 0

21-июнда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде “Ак жол сага, бүтүрүүчү — 2019!” аттуу бүтүрүүчүлөрдү уядан учуруу аземи болуп өттү.

ЭАУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЯДАН УЧУРДУ

Ага Мамлекеттик салык кызматынын, банк тармагынын өкүлдөрү, чет мамлекеттик ишкерлер жана  бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышып, ириде бүтүрүүчүлөрдү окуу жайдын I проректору Айжамал Кантөрөева куттуктап, мыктыларга сыйлыктарды тапшырды. Салтанаттын ардактуу мейманы, “Айгүл” курулуш компаниясынын директору Хасан Сакман бир катар мыкты бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды ыйгарса, Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору Э.Кокуева, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору Чагры Эргезер, Гуманитардык-экономикалык колледждин директору К.Раймкулов жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин директорунун орун басары А.Султанова салтанат ээлерин куттукташып, ийгиликтерди каалашты. Алардын катарын толуктаган ата-энелер жана жана бүтүрүүчүлөр окуу жайдын ректоратына жана профессор-окутуучуларына өз ыраазычылыктарын билдиришти.

ЭАУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЯДАН УЧУРДУ

Иш-чаранын соңунда Маданий-эстетикалык борбору менен Жаштар иштери боюнча комитети уюштурган, белгилүү ырчылар коштогон шаңдуу майрамдык концерт тартууланды. Акырында дискотека болуп, салют атылды. Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы кабарлады.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер