БИЛИМ БЕРҮҮ МАЙДАНЫНЫН КӨРҮНҮКТҮҮ УСТАТЫ

  • 24.06.2019
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮ МАЙДАНЫНЫН КӨРҮНҮКТҮҮ УСТАТЫ

Биздин эгемендүү Кыргыз Республикабызда чоңу, кичинеси болуп, ондогон жогорку окуу жайларынын иштеп жатканы белгилүү. Бирок алардын ар бирин ийгиликтүү жана абройлуу болуп эсептелинет деп сыпаттоого болбойт. Ошентсе да, Муса Рыскулбековдун атын алып жүргөн Кыргыз экономикалык университети өзүнүн жаш экендигине карабастан, анын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Камчыбековдун жетекчилиги астында жетишкен ийгиликтери менен мыйзамдуу түрдө сыймыктанууга акылуу деп эсептейбиз.

Өз тарыхынын башатында бул ЖОЖ Бишкек экономикалык колледжи деп саналып, 1995-жылы анын директору болуп, экономикалык илимдердин кандидаты, ар дайым изденип, жаңыча иштөөгө умтулган Т.Камчыбеков дайындалган болчу. Билим берүү министри аны дал ушул орунга коюп жатып, эч кандай жаңылыштык кетирбегенин мезгил өзү даана тастыктап берди. Анткени Төлөбек Кадыралиевич Кыргызстандагы экономикалык билим берүүнүн ошол учурдагы абалын абдан жакшы билүү менен, студенттик жылдарынан тарта, өзүнүн өтө курч акыл-парасатын, иш жүргүзүүдө алдыңкы, сыноодон өткөн усулдарды колдонуудагы жигердүүлүгү менен аракеттенүүсүн сактап келе жаткан, такшалган адис болчу. Бул багыттагы маанилүү факторлордун бири болуп, өлкөбүздүн жогорку билим берүү тармагынын көч башы болуп эсептелген – Кыргыз мамлекеттик университетиндеги жетекчилик кызматтардан алган чоң тажрыйбасы саналгандыгы талашсыз. Бул окуу жайында ал проректор, андан соң, эсептик-экономикалык факультетинин деканы катары ийгиликтүү эмгектенип келген.

Төлөбек Кадыралиевич анын өзүнө артылган милдеттер менен ишенимди толугу менен актай алды. Ал өзүнүн бүтүндөй терең билимин, иш билгилигин жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрүн, күчтүү, иштин көзүн көрө билген профессордук-окутуучулук курамды түзүүгө жана калыптандырууга багыттады. Анын өз ишин абдан жакшы билген, көп багыттуу билимдерин жаштарга тартуулоого жөндөмдүү болгон адистерди издеп табууга жана аларды ишке тартууга болгон таасын таланты бизди таңкалтырбай койбойт. Кыска эле мөөнөттүн ичинде колледждин ишин түп тамырынан бери кайрадан түзүп чыгууга жетише алды. Келип чыккан айкын-ачык ийгиликтер адегенде аны – Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция мамлекеттик институтун кайрадан түзүп чыгууга, андан кийин, т.а. 2010-жылы – бүгүнкү М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине (КЭУ) айландырууга бардык ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенин баса белгилеп кетишибиз шарт.

Т.Камчыбековдун өмүр таржымалындагы өзгөчө артыкчылыктарынын бири – анын өзүнүн тарбиячы-мугалими, ошол кезде КМУнун саясий экономика факультетинин башчысы, профессор Муса Рыскулбековдун татыктуу окуучусу болуп саналгандыгында жатат.

Азыркы учурда КЭУ, анын ректорунун жана жалпы эмгек жамаатынын жигердүүлүк жана ырааттуулук менен иштөөсүнүн натыйжасында, өлкөдөгү жападан жалгыз атайлаштырылган экономикалык университет, Кыргызстандагы эң алдынкы жогорку окуу жайлардын бири болуп эсептелет. Бул нары татаал, нары жооптуу кызматта Т.Камчыбековдун уюштуруучулук таланты даана көрүнүп турат. Бүгүнкү түшүнүк менен айтканда, ал алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн өзүнүн артынан жалпы жамаатты ээрчитип кетүүгө жөндөмдүү болгон эң мыкты менеджер катары көрсөтө алды.

Ректордун бүтүндөй ишмердиги жаштарды окутуу жана илимий-изилдөөчүлүк маселелери менен ажырагыс бирдикте келе жатканын бөтөнчө белгилеп кетүүгө тийишпис. Бул асыл ишке ал Кыргыз мамлекеттик университетинин катардагы окутуучусунан баштап Кыргыз экономикалык университетинин ректоруна чейинки өзүнүн 50 жылга  чамалаш барандуу эмгек жолун татыктуу улантып келе жатат.

Бирок анын бул эмгектик жана чыгармачылык жолу дайыма эле жеңил жана тез болгон эмес. Анткени, Төлөбек Кадыралиевичке университетти аяктагандан кийин тандап алган ишке жетиш үчүн өзүнүн бүтүндөй билимин, тажрыйбасын, уюштуруучулук шык-өнөрүн жана демилгесин колдонууга туура келди. Профессордун ушул тандап алуусу — анын бүтүндөй өмүр жолу менен ишмердигинин негизги маңызы болуп калганын айта кетишибиз абзел.

Ишке дал ушундай жооптуу мамиле жасоо – анын жетекчилик, окутуучулук жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердигиндеги бийик ийгиликтерге жетишүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп берип, ага республиканын экономикалык билим берүү тутумунун ичиндеги өзүнүн кесиптештери менен окутуучулардын, ошондой эле Борбордук Азия жана алыскы чет өлкөлөрдүн адистеринин арасында ага бийик кадыр-барк менен сыйлоо сезимин ыйгарып келүүдө. Мааракенин ээсин ишке болгон бийик жөндөмдүүлүк, максатка умтулгандык жана чыгармачылык чеберчилик касиеттери менен сапаттары айырмалап турат. Мисалы, университеттеги уюштуруучулук ишмердикти аркалоо менен бирге, Т.Камчыбеков доктордук диссертациянын үстүнөн жигердүү иштөөсүн улантып, аны 2001-жылы ийгиликтүү жактоо менен, кийинки эле жылы, профессор деген илимий наамга ээ болгон.

Бирок ал ушуну менен эле чектелип калган эмес. Анын түздөн-түз жетекчилиги астында университеттин окуу жараянын билим берүүнүн Болондук тутумунун талаптарына ылайыкташтыруу боюнча бөтөнчө чоң иштер аткарылган. 2004-жылы КЭУ өлкөдө биринчилерден болуп, билим берүүнүн эки деңгээлдеги тутумуна: бакалавриат менен магистратурага ырааттуулук менен өтүп алды.

Университет кадам сайын жүрүп отуруп, билим берүүнүн дүйнөлүк тутумунда орун алган жаңычылдык (инновациялык) жана учурдагы бардык алдыңкы жана келечектүү багыттарды киргизүү менен, билим берүү жана илимий ишмердиктердеги жаңы бийиктиктерге жетише баштаган. Алсак, КЭУда аспирантура, докторантура, ал эми 20 жылдан ашуун убакыттан бери экономика илими боюнча кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш жемиштүү иштеп келүүдө. Республиканын окутуучуларынын арасында КЭУнун аспирантурасы менен докторантурасында, анын алдыңкы илимпоздорунун, экономикалык илимдеринин докторлорунун колунан окууну маанилүү деп эсептешкендер өтө эле арбын. Алардын бир тобунун илимий жетекчиси болуп Төлөбек Кадыралиевичтин жеке өзү саналгандыктан, алар ушул эки багыт боюнча өздөрүнүн диссертацияларын ийгиликтүү жактап келе жатышат.

Профессор ишин кынтыксыз билгендиги, адистер менен жалпы тил табыша билүү жөндөмдүүлүгүнүн аркасы менен, өзүнүн чоң эмгек жамаатын ийгиликтүү жетектеп келүүдө. Алардын ар бир мүчөсү үчүн жагымдуу сөз, жакшы кеңештерин берип, эгерде зарыл болсо, эч качан тиешелүү жардамын аябаган инсан. Анын ушул сапаты жөнүндө КЭУда ректор кимге да болбосун, адамдардын чоңуна да, кичинесине да карабай, өз жардамын эч аябаган инсан деген сөз жүрөт.

Т.Камчыбеков кесиптештерине өзүнүн терең билимин марттык менен бөлүшүп, маанилүү демилгелерди жана пайдалуу сунуштарды ар дайым колдоп келе жатат. Кадрларды даярдоо – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттары жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык ишке ашырууда. Айрым сабактар мында чет тилдеринде окутулуп жатат.

Ректорлук милдетти аткаруу менен бирге, ал өзгөчө көңүлдү студенттердин окуу китептер жана окутуу-усулдук куралдар менен камсыз болушуна буруп келүүдө. Кыргызстандын рыноктук мамилелерге өтүшүнө байланыштуу экономика боюнча көптөгөн окуу китептердин эскирип калгандыгы белгилүү. Ошондуктан рыноктук шарттардагы чарба жүргүзүүнүн талаптары менен ыкмаларын чагылдыруучу окуу китептеринин жана окуу куралдарынын жаңы муундарын даярдап чыгуу көйгөйү өтө курч турду. Муну эске алуу менен, КЭУнун жамааты Европанын жана КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖОЖдорунун тажрыйбасын изилдеп, баалап чыгып, республиканын мамлекеттик стандарттары боюнча жаңы окуу китептерин, окуу жана усулдук куралдарды жазып чыгууга киришип, жаңы иштеп чыгуулар окуу жараянына тездик менен киргизилген.

Ушул тапта КЭУнун окутуучулары экономикалык илимдин ар кандай көйгөйлөрү боюнча усулдук каражаттардын үстүнөн да иштеп жатышат. Окуу жайында үзгүлтүксүз түрдө теориялык-усулдук семинарлар, илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп, алар Кыргызстандын бардык аймактарынан гана эмес, чет өлкөлүк окутуучуларды да өзүнө тартып турат.

Т.Камчыбеков чет өлкөлүк ЖОЖдор менен кеңири чыгармачылык байланыштарды түзүүгө жетишип, КЭУнун көптөгөн окутуучулары алардан такшалмалардан өтүп, рыноктук экономика жана бакалавриат менен магистратуранын программалары боюнча зарыл болгон билимдерге жетишип келишти.

Анын илимий-педагогикалык ишмердигинин жыйынтыктарына токтолуп  жатып, ал Кыргыз Республикасындагы экономикалык жогорку билимди өстүрүп, өркүндөтүү, бийик дасыктуу кадрларды, окутуучулар менен илимпоздорду даярдап чыгаруу үчүн өтө арбын иштерди жасады деп, ишенимдүүлүк менен айтууга акылуубуз. Алардын көпчүлүгү жогорку билим берүү турпатында, өлкөбүздүн экономикасы менен эл чарбасынын тармактарында барандуу эмгектенип жатышат. Биз Т.Камчыбековдун Кыргыз Республикасында инновациялык экономиканы түзүп чыгуу боюнча жигердүү иштей ала турган жаш, жөндөмдүү, демилгелүү адистерди даярдап чыгаруу үчүн дагы да көптөгөн максаттарды жүзөгө ашыраарына ишенебиз.

Бир сөз менен айтканда, профессор Т.Камчыбеков — улуттук жогорку билим берүү тармагынын өнүгүшүнө опол-тоодой эмгек сиңирген белгилүү менеджер, көрүнүктүү окумуштуу, таланттуу педагог жана адамгерчилик менен таза ыйманды бийик туткан мекенчил инсан.

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин эмгек жамаатынын атынан, Сизди, кадырлуу Төлөбек Кадыралиевич, 70 жылдык торколуу мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктап, Сизге чымыр ден соолук, узак өмүр, Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө багытталган үзүрлүү ишиңиздеги мындан аркы да чыгармачылык чоң ийгиликтерди каалап кетебиз!

 

А.И. Мусаев, БГУнун ректору, профессор  

Бөлүшүү

Комментарийлер