“ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ” ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

  • 19.06.2019
  • 0

Кыргызстандын тоолуу райондорунда жүздөн ашык “Жайлоо өнүгүү борборлору” өз иштерин баштады. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун адиси Нурия Кийизбаева билдирди.  

“ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ” ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Н.Кийизбаеванын айтуусу боюнча, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы “Ата-бала” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук администрациясынын башчысы, аким, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ата-энелер катышты.

— Учурда 28 бала тарбияланууда, аларга ар кандай мастер-класстар өтүлүүдө.  Билим берүү башкармалыгы тарабынан балдарга көптөгөн китептер берилди. Айыл өкмөтү балдардын жана тарбиячылардын тамак-аш маселесин  чечип бермей болду, — деп билдирген райондук билим берүү бөлүмүнүн бала бакчалар боюнча адиси,  Чынара Табылдиева.

Ал эми Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов “Балдарга китеп окуйбуз” акциясын колдоп, балдарга жомок окуп берди.

  • Уюштуруучулардын айтуусунда, жайлоо өнүгүү борборун балдар, ата-энелер абдан күтүп жаткандарын белгилөө менен, боз үйлөрүн тигип бүтө электе эле балдар чогулуп жардам берип, кубанычтары койнуна батпай жаткандарын белгилешүүдө. Маселен, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кайнама жайлоосундагы “Нур үлгү” ЖӨБ ачылышына шаардан жайлоого эс алууга келген балдар да кошулуп, ата-энелер тарабынан жомок коюлуп өзгөчө шаң менен ачылды. Мастер-класстарды элден чыккан кол өнөрчүлөр өтүүдө, алардын бири Көтөрмө айылынын тургуну Бактыгул Эралиева өзүнүн каалоо, кызыгуусу менен бизге жардам көрсөтүп, балдар-кыздарга тогуз коргоол, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарды өтүүдө.

Ал тургай, өнөкөштөштөрдүн бири төмөндөгүдөй ыр саптарын чыгарышкан:

Жайлоонун көркүн карачы,

Бооруна тартты балдарды.

Айран ичип, каймак жеп,

Ичеги, боору тазарды.

Баарынан жакшы болгону,

Ачылып “Жайлоо борбору”.

Мээнеткеч ата-эненин,

Узарды бут колдору.

Тарбия-таалим алышат,

Эртелеп сабат ачышат.

Эжейи менен кечке ойноп,

Күн батып үйгө кайтышат, — дейт Н.Кийизбаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер