МУГАЛИМ ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨ АЛАБЫ?

  • 14.06.2019
  • 0

Редакциядан: Григорий Петровдун «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» (Бишкек, 2013. Орус тилиндегиси – «Финляндия, страна белых лилий») китебинде финдердин басып өткөн жолу өтө эле идеалдаштырылып калган деген көз караш бар. Бирок автордун романтикалуу кыялдарында чындыктын үлүшү да чоң. Анткени азыркы кезде Финляндия өнүккөн  өлкөлөрдүн катарына чыгып, билим берүү жаатында алдыга озду. «Снелман» деген бир бап келкиси жарыяланып жаткан бул китепти биздин Кыргызстаныбыз да ушундай гүлдөп өнүксө экен деп эңсеген мекендештерибиз: Турсунали БАЙМУРАТОВ, Исажан ТУРДАЛИЕВ, Эстебес ЧОТБАЕВ жана Куштарбек КИМСАНОВ которуптур.

МУГАЛИМ ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨ АЛАБЫ?

Падыша Александр Iдин тушунда фин маданиятын өнүктүрүүгө белсенген адамдардын эң алдында Снелман аттуу кадыр-барктуу инсан болгон.

Йохан Вилгелм Снелман 1806-жылы 12-майда Стокгольм шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 1881-жылы 4-июнда 75 жашында Банскарбиде көз жумган. Снелман ошол мезгилдин эң чоң философу жана атагы таш жарган саясатчысы болгон. Бирок бул чыгаан инсандын башкы өзгөчөлүгү анын фин маданиятын дүйнөгө тааныткан, улуттун чыныгы мээнеткеч элдик мугалими болгондугу эле. Снелман өзүнүн идеялаштары менен бирге элдин камын ойлогон элдик мугалим катары талыкпай иштеп, күрөшүп, сормо саздар өлкөсү атанган Финляндияны ”Ак лилия гүлдөр өлкөсүнө” айландырууга жетишкен.

Финляндиялык бул улуу ойчул өмүрүнүн аягына чейин өз мекендештеринин аң-сезимине төмөнкү чындыкты сиңирүүгө аракет кылган:

“Финляндия ар дайым Орусия жана Швеция өлкөлөрү тарабынан басып алуу коркунучу астында турат. Мындай күчтүү жана каардуу коңшулардын таасирине туруштук берүү үчүн маданият жана адеп-ахлагыбыз менен алардан дагы да бийик деңгээлде болушубуз керек”.

Снелман “Сайма” деген аталыш менен чыгарган гезитинде калкына дайыма бул сөздөрдү айтып келген:

“Качан биздин алакандай улутубуз айланабыздагы зор коңшуларыбыздан жогору маданиятка ээ болсо, ошондо гана коркуудан арылабыз”.

Финдер көп жылдар бою маданиятын өнүктүрүүгө жана кубаттуу өлкө курууга аракет кылышкан. Ал эми бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрүнүн арасында фин маданияты алдыңкы орунга озду. Ошентип, алар чоң-кичине бардык коңшуларынын алдында көз каранды болуп калуу коркунучунан кутула алышты.

Снелман – фин жаштарына сыймыктанып айткыдай үлгү инсан. Ал бир канча жаш мугалим, кечил, адвокат жана укук коргоочулар менен бирге суусаган калкына илим-билим берүү максатына күч-аракетин бүт бойдон жумшоого үндөгөн. Булар төмөнкүдөй ураан чакырышкан:

“Жогорку маданияттуу болуу – бул суусар тебетей, кундуз жакалуу тон кийүү эмес.

МУГАЛИМ ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨ АЛАБЫ?

KirkkojŠrven koulu — KirkkojŠrvi school in Espoo, Finland designed by Verstas architects. Completed in 2010.

Келечеги кең жаштар улуттун мээси сымал. Эл силерди жакшы билим алып, маяналуу кесиптин ээси болуп, кечкисин кумар ж. б. оюндарды ойногула деп окутпады. Мындай жолго баргандар интеллигенттер эмес, интеллигенциянын алсыз бир сөлөкөтү.

Билимдүүлөрдүн баары улуттун аң-сезимин өнүктүрүүгө, алардын жан дүйнөсүн ойготууга, улуттук эрктүүлүктү күчтөндүрүүгө өздөрүнүн бар күчүн жумшоосу зарыл. Бул алардын милдети. Айыл жашоочуларына, жумушчуларга жана калктын жарды катмарына эң жакшы жашоо шарттарын үйрөтүңүздөр!

Элге жашоонун маанисин түшүнүүнү жана аны коргой билүүнү үйрөтүңүздөр. Биздин какыраган мекенибиздеги шартта деле ар бир айылдаштын жана жумушчунун мындан да эркин, мындан да бакубат, мындан да жетиштүү жашай билиши керектигин түшүндүрүңүздөр. Калкка өнүмдүү иштөө усулдарын үйрөтүңүздөр. Арзан жана жупуну, жашоого ыңгайлуу үйлөрдүн кандай куруларын көрсөтүңүздөр. Адамдарга өздөрүнүн жана бала-бакыраларынын ден соолугун чыңдоону үйрөтүңүздөр. Бактылуу үй-бүлө кандай куруларын, жубайлардын өз ара милдеттери эмне экендигин, жаш жеткинчектердин өз ара кандай мамиле түзүшү жана кандайча тарбиялануусу керек экенин үйрөтүңүздөр.

Калкты бардык ишти өз убагында аткарууга, тартиптүү иштөөгө үйрөтүңүздөр. Өздөрүнүн жана башкалардын укугун коргоону жана урматтоону үйрөтүңүздөр.

Бул жана башка бардык иштерде калкка алгач өзүңүздөр үлгү болуңуздар. Өз ара жана эл ичиндеги мамилеңиздерде элдик мугалим милдетин аткарыңыздар.

Бүткүл Суомини эбегейсиз зор үй-бүлө элестетиңиздер. Мекенибизге ушундай көз караш менен караңыздар. Эң жарды көмүрчү жана жалгыз бой аял дагы биз үчүн фин улутунун жараны, сиздердин да боордош экендигин унутпаңыздар. Алардын сабатсыздыгын жоюп, маданияттуу калктын арасына кошуу — сиздердин милдетиңиздер.

Улуттун сабатсыздыгы, орой-одонолугу, аракечтиги, оорукчандыгы, жардылыгы… булардын баары сиздердин кемчилигиңиздер, сиздердин каталыгыңыздар экендиги эсиңиздерде болсун”.

Агартуучуларга мына ушул бир ууч окутуучулар, мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер дайыма ушундай жол көрсөтүшкөн. Булардын арасында өзүнүн жигердүү иши менен Снелман ар дайым үлгү көрсөтүп алдыда болчу. Ал кышында тытылган тайгак өтүкчөн, ал эми жайкысын эски кайык менен, кээ бирде жөө Финляндияны баштан-аяк кыдырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөр эле. Токойлордо жана тоолуу өрөөндөрдө кез келген акылдуу кары-жаштарга сабак берип, китеп таркатып, алар менен ар дайым кат алышып турчу.

Снелман өзү барган ар бир аймактагы акылдуу, зээндүү адамдарга төмөнкү насааттарын айтаар эле:

“Бир мамлекетти жашылдандырып, суу менен камсыз кылуу үчүн бир-эки дарыя жетпейт. Жада калса анын эң четки жерлеринде да жок дегенде сызып аккан тунук булагы, жылт эткен мөлтүр суусу болушу керек. Ал эми улуттун рухий чаңкоосу да ушул сыяктуу. Улуттун рухий суусунун бардык жерлерде кандыруу үчүн, албетте, оргуштап аккан “булактар” зарыл.”

Снелман өзү барган ар бир аймактагы жашаган адамдардын аң-сезимин ойготуп, аларга чоң таасир берер эле. Аларды өзүнө максатташ катары кошуп, ар дайым алар менен кабарлашып турчу. Алардын жазган каттарын алып, кайра башка бир аймакка жөнөтүп турчу. Снелман өзүнүн жазган жооп каттарында аларды кээде мактап насаат айтса, кээде сындап тапшырма берер эле.

Снелман барган аймактарда ыктыярдуу мугалим досторун чогултуп, алар менен ой бөлүшүп, баарлашаар эле:

“Карагыла, кара куурайдан кандай жип жана аркан эшип жатышат. Алгач эң ичке кара куурай өзөктөрүн алып, андан ичке жиптерди өрүшчү. Андан кийин ошол өрүлгөн жип топтомдорун чогултуп, калың аркан жиптерди жасашчу. Ал эми эшилген жиптердин бир канчасын бириктиришип, кемелерге байланчу зор аркандарды даярдашат. Мына, биз жасаган иш да ушуга окшош. Агартуучулардын чачыраган ойлорун бир жерге чогултуп, эки миллион калкыбыз үчүн чоң күчтү түзүшүбүз керек”.

Снелман жайкы эс алуу убагында айланасындагы мугалимдерди чогултуп, эки-үч жумалык курстарды уюштурчу. Жалпысынан алганда бул курстарга жүздөй адам катышчу. Эң алгач башталганда өз каалоосу менен катышкандар аз болгон. Өлкөнүн кээ бир алыскы аймактарында эмгектенген окутуучулар өз кесиптерин жактырышпай, курстарга да аргасыздан эле катышчу. Жада калса кээ бирлери:

“Бул курстарды ким ойлоду, ким чыгарды? Мугалимдерге курс берүү кайсыл акылсыздын оюна келди?” — деп кыжырданышчу.

Снелман мындай айтылган нааразылык ой-пикирлердин баарынан кабардар болчу, бирок ачууга алдырбай, ал адамдарга дарыгер сыяктуу мамиле жасачу:

“Оорулууну дарылоо керек”, — деп айтчу. Ал эс алуу курстарында мугалимдерге төмөнкүдөй насаатын айтар эле:

“Кымбаттуу досторум! Силердин тарткан түйшүгүңөрдүн канчалык деңгээлде оор экенин билем. Өлкөнүн алыскы аймактарында оор эмгегиңер бааланбай келатканын да билем. Ал эле эмес, жасаган эмгегиңердин акыбети кайтпай, материалдык жактан жардамга муктаж экениңерди да билем. Бирок айла канча, эмне кылабыз?! Анткен менен, эч унутпагыла, биз бир улуттун келечеги үчүн баштаган ак жолдун эң башталгыч учундабыз. Биз жаңы, таза бир улуттук билим берүү кыймылынын баштоочуларыбыз. Сабатсыздык менен алпурушуп жаткан мезгилде, улуттун бардык оор жүгүн ташуу биздин мойнубузда. Башталышында эл биздин ишти туура көрбөйт. А бирок биз жоомарттык, колу ачыктык кылабыз. Керек болсо, курмандыкка да барабыз. Себеби мындай мамиле учурдун талабы. Мен силерди берешендикке, керек болсо өз жаныңарды берүүгө чакырам. Бирок, бир нерсени айтып коёюн, бардык кесиптерде болгон сыяктуу эле, мугалимдик кесипте да өз ишин сүйбөгөндөр жок эмес. Мындай адамдар – өз ишинин чебери эмес, тескерисинче мугалимдик кесипти төмөн көрүп жаткандар. Буларга дос катары насаат айтам. Мугалимдик кесипти таштап, башка бир жактан ырыскыңарды издешиңерди суранар элем. Кааласаң барып сатуучу бол, кааласаң бирөөнүн колунда катчы бол. Андай жалкоо адамдардын ордуна мугалимдик кесипти ыйык туткан, бул кесип үчүн бүт өмүрүн арнаган, катаал мезгилде ардактуу мугалимдик кесиптин асабасын бийик көтөргөн эр азаматтар келсин.

Мынакей, ушул аракеттердин акыбети кайтып, улутубуздун эң алды болгон, эл арасында аттын кашкасындай таанымал, чыгаан инсандар силер үчүн өз конференцияларын бере баштады. Алардын билиминен пайдаланып, силер да өз мектебиңерге барганыңарда, окуучуларыңарга татыктуу билим бергиле”.

Башталгыч мектептердин мугалимдери Снелмандын айткан мындай сөздөрүнөн таасирленишип, сабатсыздык менен күрөштө ар дайым ага жардамчы болушту. Бул мугалимдердин көпчүлүгү өздөрүнүн билимин тереңдетүү үчүн бардык күч аракетин жумшоого киришти. Мезгил өткөн сайын булардын баары чогулуп, мамлекеттин чоң маданият күчүн пайда кылды.

Кыска бир убакыт өткөндөн кийин, өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан чоң-кичине жүздөгөн Снелмандар өсүп чыгышты.

Снелман Суоминин ойгонуусу үчүн жалгыз гана мугалимдерден жардам күтпөдү. Кайсы жерде мамлекеттик кызматкер, дарыгер жана тигүүчүлөр чогулса, дароо аларга жардам беришке шашып:

— Улутту унутпагыла, ойгонгула! Силер, баарыңар, ошол улуттун ичинде өсүп жетилдиңер. Эми эмне менен алек болуп жатасыңар? Сабатсыз, караңгы бир тууган досторуңардан качып жатасыңарбы? Же болбосо алардын көңүл ооруткан көйгөйлөрүн чечүү жолдорун издеп жатасыңарбы? Элдин жан дүйнөсүн ойготуп, алардын маданият деңгээлинин бийик болушу үчүн кандай иш-аракет жасап жатасыңар? — дечү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер