БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «КЫТАЙ КИТЕПКАНАСЫ» АЧЫЛДЫ

  • 10.06.2019
  • 0

Бүгүн  К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде “Кытай китепканасынын” расмий ачылыш аземи болуп өттү. Ага Кытай мамлекетинин Комунисттик партиясынын пропаганда бөлүмүнүн министринин орун басары Ван Сяохуэй, Кытай Эл  Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин кызматерлери, КР  Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана БГУнун жамааты катышты.

БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «КЫТАЙ КИТЕПКАНАСЫ» АЧЫЛДЫ

Иш-чарада КЭР Мамлекеттик маалымат бюросу менен К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин өз ара мамилеси жөнүндө меморандумга кол коюлду.

БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «КЫТАЙ КИТЕПКАНАСЫ» АЧЫЛДЫ

“Кытай китепканасы” БГУнун башкы имаратынын биринчи кабатында жайгашкан. Анын аянты 400 чарчы метрге жакын. Китепкана кытай, англис, орус, кыргыз тилдеринде 8000ден ашык китеп, 80 000ден ашык электрондук китеп, газета-журналдар жана сүрөттөр менен камсыздалды.

  • “Кытай китепканасы” тышкы дүйнө жөнүндө гана маалымдабастан, Кытай менен чет өлкөлөрдүн маданий карым-катнаштарынын  кеңейишине да жардам берет. Мындай кызматташтыктын аркасында 2012-жылдан 2018-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 19 гана “Кытай китепканасы” ачылган. Мындай китепкана ачуу эл аралык коомчулуктун Кытайды кеңири түшүнүүсүнө, чет өлкөлөр менен маданий байланыштарды жакшыртууга, чет элдик эксперттер, окумуштуулар жана аналитикалык борборлор үчүн Кытай боюнча  илимий иштерди жүргүзүүгө багытталган. Кыргызстан жана Кытай “Бир алкак — бир жол” демилгесин биргелешип ишке ашырууда маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп эсептелишет. Ал эми КЭР төрагасы  Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары эки тараптын өз ара туруктуу кызматташуусунун өнүгүүсүнө зор салым кошуу менен кыргыз-кытай мамилелери дагы жаңы деңгээлге көтөрүлөөрүнө терең ишенебиз, — дейт окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Пекин искусство көргөзмөсү” жана материалдык эмес маданий баалуулуктардын Пекин ассоциясынын спектакли көрсөтүлдү.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер