Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев: “ЭМГЕГИ БААЛАНБАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЭЧ КИМ МУГАЛИМ БОЛГУСУ КЕЛБЕЙТ”

  • 31.05.2019
  • 0

Ысык-Ата районунун мектеп окуучулары олимпиада жетишкендиктери боюнча акыркы үч жылда ийгиликтерге жетишип, алдыңкы байгелүү орундарга озуп чыкты. Окуучулардын окуудагы жана башка жетишкендиктери тууралуу Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев биз менен болгон маегинде айтып берди.

Жакынбыз деген менен мектепке жардыбыз

Ысык-Ата районунда учурда 47 мектепте баш-аягы 31 миң бала билим-тарбия алышат. Мугалимдердин жалпы саны — 1 615 мугалим. Борборго жакын жайгашкан бул районду шарттуу түрдө экиге — тоолуу жана борборго боордош жайгашкан аймакка бөлүп койсо болот. Тоо этегиндеги мектептерде сааттар азыраак болгондуктанбы, мугалимдер толук, ал эми бери, борборго чукул жайгашкан айылдардагы чоң мектептерде мугалим тартыштыгын, мугалим эле эмес, мектеп имараты жагынан да тартыштыктар бар экендигин айткан Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев, ар кандай тоскоолдуктарга карабай, окуу жылын сабактарды үзгүлтүккө учуратпай аякташканын белгиледи.

— Биздин райондун борбор калаага жакын жайгашканынын оң жагы да, терс жагы да бар. Борбордон алыс эмеспиз деп жүрүп, союз ыдырагандан бери райондо бир да мектеп салынбаптыр. 2015-жылы гана Ак-Сай жана Үч-Эмчек айылында эки жаңы мектеп салына баштады. Ушундай эле тартыштык бала бакчаларда да орун алган.

Район боюнча учурда 27 бала бакчада 4 миңден ашуун бала тарбияланат. Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки даярдоо программасынын алкагында үч-төрт жаштагы балдар үчүн үч сааттык бала бакчалар уюштурулган. Аларды кээ бир жерлерде толук иштеген бала бакчага айландырып алдык. Анткени баары бир бала бакча жетишпей жатат. Район боюнча жети айыл өкмөтүндө башынан бери бала бакча жок. Өзгөчө, Ысык-Ата, Жээк, Сын-Таш, Бирдик айыл өкмөттөрүнө бала бакча керек.

Бала бакча жана мектеп тартыштыгын мен биринчиден ички миграциянын агымы чоң болуп жатканынан көрөм. Мисалга алсак, 2014-жылы райондогу окуучулардын саны 23 миң болсо, беш жыл аралыгында 30 миң болду. Экинчиден, акыркы жылдары эне-аталар мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп, балдарын бала бакчаларга орноштурууга аракеттенип калышты. Бул албетте, жакшы көрүнүш,-дейт Б.Иманалиев.

Болот мырзадан алган маалымат боюнча тоо этегиндеги айылдардагы мектептерде орус тилдүү башталгыч класстын мугалими, математика, физика, англис тили, орус тили мугалимдери, жалпысынан 60 мугалим жетишпейт. Ал өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун келаткан жаңы окуу жылында мугалимдердин айлыктарын көбөйтөбүз деген убадасын уккандан бери мугалимдер өзгөчө дем-күч байлап иштеп жатышканын жашырган жок.

Жаш адистерди салтанаттуу кабыл алууну салтка айланттык

Болот Иманалиев Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп келатканына беш жылдын жүзү болуп калды. Жетекчи болуп келгенден бери билим сапатын арттырууга, кадр саясатын туура жүргүзүүгө, жогорку окуу жайлар менен кызматташып иштөөгө басым жасоодо.

— Мугалимдин эмгеги өтө жооптуу, ары татаал жана сыймыктуу эмеспи. Анын  ошол иши кайтарымдуу, балдарга үйрөткөн билими сапаттуу болушу үчүн адегенде мугалимдин өзүнө көңүл буруп, ага иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Анткени мугалимдин эмгеги татыктуу бааланбагандыгы үчүн кадрлар токтобой жатат. Бизге жыл сайын жаңы окуу жылында 50-60 жаш адис келет, тилекке каршы, алардын баары эле мектепке кармалып калбайт. Себеби аз маянасына алымсынышпайт. Жаш адистерге колдоо көрсөтүү, алардын мектепте иштөөсүнө шарт түзүү максатында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте жаңы окуу жылы башталарда өтүүчү август кеңешмесинде райондун акими жаш адистерге өзүнүн белектерин тартуулап, аларды салтанаттуу кабыл алууну салтка айландырганбыз. Жаш адиске жасалган мындай мамиле жоопкерчиликтүү болууга, өзүнүн милдетине олуттуу кароого түрткү берет деп ойлойм,-дейт Б.Иманалиев.

Мугалимдер журтуна колдоо көрсөтүү жагынан билим берүү бөлүмүнүн башчысына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жакындан жардам беришет. Болот Токтоналиевич райондук администрациянын аппарат кеңешмелеринде билим берүү маселеси байма-бай көтөрүлүп, ал жерден мугалимдин статусуна, билим берүү мыйзамына ылайык талаптардын аткарылышын тыгыз көзөмөлдөп турушарын белгиледи.

— Мен айрыкча Кант шаарынын мэри Эркин Абдрахмановдун эмгегин баса белгилегим келет. Мэрия шаардык кеңеш менен биргеликте мектептердин материалдык-техникалык базаларын чыңдоо багытында чоң иштерди аткарышты. Айрыкча олимпиадаларда, ЖРТда жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларды жана алардын окуткан мугалимдерди акчалай сыйлык менен сыйлап турат. Андан тышкары, Ново-Покровка, Ивановка, Красная Речка айыл өкмөт башчылары да мугалимдерден жардам аяшпайт. Мамлекетибиздин биринчи байлыгы – адамдар экендигин, коомчулук, ата-энелер баарыбыз биригип келечек муундарга татыктуу, туура билим жана тарбия берүү зарылдыгын калк катмары жакшы түшүнүп калды. Азыркы заманбап мектептин милдети — коомго пайда алып келген, өзүнүн келечеги жөнүндө так план түзгөн инсанды даярдап чыгаруу. Ошол эле учурда улуттук каада-салттарыбызды унутпай, улут аралык ынтымак-ырашкерликти даңазалаган улуу иштерди аткаруучу улан-кыздарды тарбиялашыбыз керек. Бул балким куру чакырыктай туюлушу мүмкүн, бирок жакшылап байкасаңыз, азыр жаштардын арасында өзүнүн болочок жашоосун так пландап түзө билгендер көп,-дейт Б.Иманалиев.

Жеке ишкерлердин жалпы салымы

Өспүрүм жаштардын жашоодогу баалуулуктарды баамдап, жаман менен жакшыны ажырата билишине алардын айланасындагы эле адамдар таасир этери анык. Маселен, көп улуттуу райондун элинде сөзсүз улут аралык мамилелерди түзүү, башка элдин маданият билүү, сыйлоо ж.б. максаттарды көздөгөн иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат. Кант шаарындагы Чүй облустук китепканада Россия элчилигинин жардамы менен ачылган “Русский мир” бурчу, Америка элчилигинин катышуусунда ачылган Америка бурчу, андан тышкары, балдарга билим берүү борбору, спорт мектеби, жеке ишкер Советбек Сакебаев түзгөн “Абдыш-Ата” спорт клубунун каалоочуларга дайыма эшиги ачык, балдар бош убактыларында билим көрөңгөсүн толтуруу менен бирге, ден соолуктарын да чыңдашат.

Биз жогоруда белгилегендей, Ысык-Ата районунун окуучулары Чүй облусунун райондорунун ичинде олимпиада боюнча мурда бешинчи орундан өйдө көтөрүлбөй келген болсо, үч жылдан бери биринчи орунга ат салыша баштады.  Билим көрсөткүчүн билдирген олимпиадаларда Кант шаарынын мектептеринин, Ново-Покровкадагы №2 мектеп лицейинин окуучулары алдыңкы орундарды ээлеп келатышат. Айрыкча, физика, математика, биология, информатика, орус тили сабактарынан алдыга озуп чыгышты.

Жакында эле коомдук ишмер, “Солто” коомунун төрагасы Эркин Тентишев алдыңкы 50 мугалимге жана 50 окуучуга акчалай стипендия ыйгарып, алардын демине дем кошуп, ийгиликке шыктандырып койду. Андан тышкары, жылдын жыйынтыгында мыкты жетишкендиктерге жетишкен үч мугалимге Туркияга жолдомо тартуулоо жөнүндө убадасы бар.

— Эмгек менен эс алууну айкалыштыра билүүнүн мааниси өтө чоң экендигине мен бекем ишенем. Окуучуларды эле эмес, мугалимдерди да колдоп, эмгегин белгилеп, жок дегенде оозеки ыраазычылык билдирип койсок, аларды дагы да чоң ийгиликтерге шыктандырары шексиз. Биз мына кечээ жакында эле “Жылдын мыкты мугалими” сынагын өткөрдүк. Бул сынак мугалимдердин чыгармачылыгын өркүндөтүп, тажрыйбасын арттырган өтө жоопкерчиликтүү иш-чаралардын бири. 14 катышуучунун ичинен алдыңкы орунду Жээк айылындагы К.Жакыпов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Аманбек кызы Жазгүл ээлеп, акчалай 25 миң сом менен сыйланды. Экинчи орунду Кеңеш орто мектебинин мугалими Алтынай Кожалиева ээлесе, үчүнчү орунга баллдары бирдей чыккан эки мугалим: Кант шаарындагы №4 мектеп-гимназиянын мугалими Рахат Алиева жана Гидростроителдеги Ленин орто мектебинин мугалими Гүлнур Орозобековалар татыктуу болушту. Жеңүүчүлөрдөн тышкары, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн мугалимдерге да кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. Ушундай сынактар мугалимдердин тажрыйбасын арттырып, билимине билим кошору бышык.

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев: “ЭМГЕГИ БААЛАНБАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЭЧ КИМ МУГАЛИМ БОЛГУСУ КЕЛБЕЙТ”

Тажрыйба демекчи, мен жакында эле Кыргызстандын делегациясынын курамында Молдова Республикасына иш сапарда болуп кайттым. Негизги максатыбыз Молдовадагы интернат тибиндеги балдар үйлөрүн реформалоонун жолдорун үйрөнүү болду. Бул республика акыркы 10 жыл ичинде интернат тибиндеги балдар үйлөрүн оптимизация жасоо жолу менен ал жерде тарбияланган балдардын санын миңге чейин кыскартышкан. 10 жыл мурун алардын саны 11 миңден ашуун эле. Молдова Республикасынын социалдык кызматтары жөнүндө кеңири маалымат алып, аткарган иштерине күбө болдук. Аларда балдардын жатак жайлардан үй-бүлөлүк шарттарга алып багуу тажрыйбасы жакшы жолго коюлган экен. Мектептеринде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна бардык шарттар жасалыптыр. Акыркы жылдары өкмөт тарабынан билим берүү кызматкерлерине чоң көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп жатканын байкай алдык. Жаш адистерди жумушка тартуу боюнча да программалары иштеп жатыптыр. Делегация курамында Кишинев шаарынан тышкары эки ири райондо болуп, жергиликтүү бийлик, балдар менен иш алып жаткан тиешелүү социалдык кызматтарынын иштери менен тааныштык. Кыскасы, көп жаңы нерселерди көрүп-угуп, үйрөнүп кайттык,-деди Болот Иманалиев.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер