КЫРГЫЗ МЕТОДИСТТЕРИ КАЗАКСТАНДАН ОКУП КЕЛИШТИ

  • 23.05.2019
  • 0

Кыргызстандын жер-жерлердеги билим берүү институттары жана метод борборлорунун жетекчилери жана окутуучулары Казактандын Алматы шаарындагы “Орлеу” квалификацияны жогорулатуу боюнча улуттук борборуна барып окуп келишти.

КЫРГЫЗ МЕТОДИСТТЕРИ КАЗАКСТАНДАН ОКУП КЕЛИШТИ

Иш сапардын жүрүшүндө алар квалификацияны жогорулатуунун 40 сааттык «Мектептик билим берүү системасынын сапатын жогорулатуунун шартында педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү» программасын өздөштүрүштү. Бул программанын мазмунунда алдынкы билим берүү тренддери жана тематикалар камтылган: Мектептик билим берүү системасынын сапатын камсыз кылуу; PISA Эл аралык изилдөөлөрү, TIMSS: максаты, форматы, баалоо критерийлери. Предметтик компетенцияларды калыптандыруунун заманбап усулдары жана технологиялары ж.б.

Бул иш сапар Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен Казакстандын «Орлеу» улуттук борборунун ортосунда ккол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумдун негизинде болду.    

КЫРГЫЗ МЕТОДИСТТЕРИ КАЗАКСТАНДАН ОКУП КЕЛИШТИ

Кыргызстандык методисттер казакстандык кесиптештеринин эл аралык изилдөөлөргө даярдык көрүү тенденциялары жана технологиялары менен таанышты, тажрыйбалуу адистердин иш-тажрыйбаларын үйрөнүштү. Ошондой эле баалоонун ар кандай түрлөрү боюнча консультация алышты жана тажрыйбалык көндүмдөргө ээ болушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер