IT-АДИСТЕР ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ СЕМИНАР-ТРЕНИНГ

  • 23.05.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү жана педагогикалык кадрларды кайра даярдоо институтунда 15-23-майда инновациялык жана маалымат технологиялары адистери үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү.

Семинарды алып барган тренерлер Борбордук Азиядагы Америка Университетинин окутуучулары Зарлык Жумабек уулу менен Беккелдиев Нурдин. Алар бир эле учурда тийиштүү окуу-методикалык пособияларды иштеп чыгууда.  Пособиялар өз кезегинде областтык билим берүү институттарына, областтык метод борборлорго жана 30 инновациялык мектепке жеткирилмекчи.

2019-20-окуу жылында квалицикацияны жогорулатуу системасында регионалдык тармактык система сынак режиминде иштеп баштайт. Бул өз кезегинде бардык региондогу мугалимдерге дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен тикелей жана сырттан окуу режиминде квалификацияны көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бөлүшүү

Комментарийлер