ОШМУ МЕНЕН КУУ КЫЗМАТТАШТЫГЫН БЕКЕМДЕДИ  

  • 13.05.2019
  • 0

Кыргыз улуттук университети менен Ош мамлекеттик университети өз ара кызматташуу, биргелешкен билим берүү жана илим изилдөө программаларын ишке ашыруу,  профессорлордун, окутуучулaрдын конок лекцияларын уюштуруу, изилдөөчүлөрдү, студенттерди aлмaшуу, биргелешкен билим берүү, илимий изилдөө долбоорлорду, кыскa мөөнөттүү билим берүү, илимий прогрaммaлaры ишке ашыруу, конференция, семинaр жaнa илимий отурумдaрды уюштуруу сыяктуу бир топ багытта кызматташат. Бул тууралуу КУУнун ректору Канат Садыков баштаган делегациянын ОшМУга болгон иш сапарында белгилүү болду.

ОШМУ МЕНЕН КУУ КЫЗМАТТАШТЫГЫН БЕКЕМДЕДИ  

Эки окуу жайдын ректорлору эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул иш-аракет университеттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерди жаңылоо максатында уюштурулду. КУУ менен ОшМУ буга чейин да жемиштүү кызматташып, ички академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттерди алмашып келишкен.

ОшМУга болгон сапарынын алкагында делегация  университеттин клиникаларында жана бир топ  факультеттеринде болуп, электрондук башкаруу системасы, билим берүүгө түзүлгөн шарттар, окуу лабораториялар, өндүрүштүк ишканалар, инновациялык иш аракеттер менен таанышышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер