КР АЙМАКТАРЫНДА IT-АКАДЕМИЯ ҮЧҮН ТРЕНЕРЛЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ

  • 13.05.2019
  • 0

Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясы  (КАРПОУ) “Сорос-Кыргызстан” Фонду менен биргеликте КРнын  Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана  Жалал-Абад областарына информатика мугалимдерин   кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.

Долбоор өзүнүн ишин 2019-жылдын март айынан баштаган, Кыргызстандын беш аймагын камтыйт жана  информатика мугалимдерин жана  эмгек рыногунда талап кылынган билимге ээ, күчтүү окутуучу кадрларды даярдоо үчүн  кесиптик-техникалык билимдин  баштапкы жана орточо  чөйрөсүндөгү окутуучулардын адистигин жогорулатууга багытталган. Бул долбоор аймактарда IT-дисциплинанын кесипкөй окутуучуларынын жетишпей жаткандыгынын маселесин чечет жана ошону менен бирге, IT-курстардагы студенттердин билим деңгээлинин өсүүсүнө таасир этет. Бул IT-компаниялардын кадрларга болгон талабын канааттандырууга салым кошууга мүмкүндүк берет.

Даярдалган тренерлер маалыматтык технология жаатында базалык практикалык ыкмаларга үйрөнүшөт жана андан ары эмгек рыногунда талап кылынган ыкмаларды студенттерге окута алышат (IT-Академиянын жана башка IT-борборлордун, колледждердин жана  лицейлердин базасында).

 

  1. КАТЫШУУЧУЛАРДЫ ТАНДОО:

 

  • Тандоо комиссиясы:

 

Комиссиянын курамына: IT боюнча адис, билим берүү маселелери боюнча серепчи, долбоордун жетекчиси жана координатору кирет.

Комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн билим берүү жана IT чөйрөсүндө тиешелүү тажрыйбалары жана адистиктери бар.

 

  • Курстун катышуучулары:
  • IT окутуу тармагындагы кызматкерлер (информатика мугалимдери, IT жана чектеш сабактардын окутуучулары), фрилансерлер, IT тармагынын кызматкерлери;
  • КРнын бардык аймактарынын тургундары.

 

1.3. Арыз берүүгө жалпы талаптар:

Биринчи этап – онлайн-арыз. Долбоорго катышууга онлайн анкета https://forms.gle/rQnAGFJMdVGGree76 шилтеме аркылуу толтурулат жана тандоого катышууга милдеттүү критерий болуп эсептелет. Анкеталар 2019-жылдын 10-июнуна чейин кабыл алынат.

Экинчи этап – Тандоо комиссиясы арыздын онлайн-формасын караштыргандан кийин талапкерлер менен байланышат. Тандоо комиссиясына төмөндөгү документтердин пакетин 2019-жылдын 20-июнь айына чейин [email protected] дарегине жөнөтүү зарыл:

  1. Резюме;
  2. Сканерден өткөрүлгөн ID-паспорт;
  3. Акыркы алган билими жөнүндө күбөлүк (аттестат/ диплом);
  4. Жумуш берүүчүнүн сунуштоо каты.

 

Бардык документтер бир кат менен “Тренерлерди кабыл алуу. 2-тур. Аты-жөнү”,  каттын темасын көрсөтүү менен жиберилиш керек.

 

Үчүнчү этап – жарым финалга чыккандар менен СКАЙП аркылуу маектешүү (25-30-июнь, 2019-ж.).

 

2.3. Катышуу жана тандоо критерийлерин шарттары:

 

— онлайн-арыздын толтурулган формасы;

— долбоорго катышуу үчүн чыгымдардын бир бөлүгүн төлөөгө даяр экендиги, т.а.:

  • окутуу үчүн ноутбуктун бар болушу,
  • онлайн окутуу учурунда Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү,

— Бишкек шаарындагы программага катышуу мүмкүнчүлүгү;

— техникалык англис тилин билүү — базалык деңгээл;

ПКны абдан жакшы денгээлде билүү:

  • Microsoft Office, Интернет,
  • HTML жана CSS (милдетүү эмес),
  • Python же JavaScript тилинде программалоо (милдеттүү эмес),
  • окуу аяктагандан кийин эки жыл ичинде аймактык IT академиясынын окутуучусу болуп иштөөгө жөндөмдүүлүгү жана даярдыгы.

 

  1. ТРЕНЕРЛЕРДИ ОКУТУУ:

 

Долбоор 2019-жылдын мартында ишке кирген.  Тандоо туру 2019-жылдын 13-майынан 1-июлга чейин жүрөт. Окутуу мөөнөтү – 2019-ж. август-декабры. Окутуу бардык катышуучулар үчүн төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:

Август, 2019 -ж. (5күн) – топторго бөлүп окутуу, Бишкек шаарында;

Сентябрь-ноябрь, 2019 -ж. – дистанциялык окутуу;

Декабрь, 2019 -ж. (5 күн) – окутуунун акыркы этабы жана сертификат берүү, Бишкек шаарында.

 

Окутуу тили – орусча, кыргызча.

 

Маалымат үчүн байланыш: [email protected]

____________________________________

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер