КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН «БИЛИМ КЕРБЕНИ» САПАРЫН УЛАНТТЫ

  • 23.05.2019
  • 0

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин кандидаты Алмазбек Даткабекович Токтомаметовдун демилгеси менен «Аймактарды ѳнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында «Билим кербени» долбоору уюштурулду. Апрель айында Чүй областынын жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында ѳткѳрүлүп келген «Билим кербени» май айынын үчүнчү жумалыгында Нарын, Ысык-Кѳл жана Талас областтарында сапарын улады.

«Билим кербенине» Нарында 250, Ысык-Кѳлдѳ 300 жана Таласта 210, жалпысынан 800гѳ чукул мугалим катышты.

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН «БИЛИМ КЕРБЕНИ» САПАРЫН УЛАНТТЫ

«Билим кербенинин» максаты – мугалимдер менен жолугушуп, аларга окуу-усулдук жардамдарды берүү жана алардын муктаждыктарын аныктоо менен, келечекте аларга жардам бере турган багытта иштерди аткаруу. Ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын ишмердигин мугалим менен тыгыз кызматташтыкка буруу болуп саналат.

Программага ылайык, алгач пленардык жыйын ѳтүлүп, анда «Билим берүүнүн жалпы маселелери, мугалимге коюлуучу жаӊы талаптар» (докладчы: КББАнын президенти А.Д.Токтомаметов), «Билим берүүнүн концепциясы» (докладчы: Педагогика жана кесиптик билим берүү борборунун директору К.Д.Добаев) жана «Окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоонун жаӊы ыкмалары» (докладчы: Мониторинг жана баалоо лабораториясынын башчысы Г.Тагаева) темаларынын алкагында баяндама-бетачарлар жасалып, талкууланды. Андан кийин мугалимдер предметтер боюнча топторго бөлүнүп, ар бир предмет боюнча семинар-тренингдер ѳтүлдү. Анда, негизинен, жаңы предметтик стандарттардын, окуу программаларынын, окуу китептеринин өзгөчөлүктөрү жана алар менен иштөө жолдору талкууланды. Окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу үчүн кандай иштерди аткаруу керектиги, эмнелер өзгөрө тургандыгы тууралуу кеңири сөз болду.

Белгилүү болгондой, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн токтому менен бекитилген «Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты» аркылуу Кыргызстан жаш муундарга компетенттик негизде билим берүүгѳ багыт алды.  Аталган документтин негизинде окутуунун бардык баскычтары боюнча ар бир предмет үчүн предметтик стандарттар жана окуу программалары иштелип чыкты. Жаңы предметтик стандарттар менен окуу программаларынын негизги ѳзгѳчѳлүгү катары тѳмѳнкүлѳр эсептелет:

  1. Билим берүү процессинде окутуунун максатынын жана милдеттеринин конкреттештирилиши жана окуучунун позициясынан коюлушу. Окуучуларда билим, билгичтик, кѳндүмдѳрдү калыптандыруу менен чектелбестен, аларды ѳз ичине камтыган компетенцияларды калыптандырууга, компетенттүү инсанды тарбиялоого ѳтүү.
  2. Окутуунун билим берүүчүлүк, тарбиялоочулук жана ѳнүктүрүүчүлүк максаттарын кеӊейтүү менен, окутуунун таанып-билүүчүлүк, иш-аракеттик жана баалуулук милдеттерин аткаруу.
  3. Ар бир предметтин фундаменталдык ядросун түзүп, бардык окуу материалдарын жана окуучулар ээ болуучу компетенцияларды топтоштура турган негизги идеялар жана түшүнүктѳр болуп эсептелген мазмундук тилкелерди айырмалай билүү.
  4. Окуучуларда калыптандырылуучу негизги (түйүндүү) жана предметтик компетенцияларды айырмалай билүү.
  5. Окутуудан күтүлгѳн натыйжаларды, б.а. окуучуларда негизги (түйүндүү) жана предметтик компетенциялардын калыптанышынын үч деӊгээлин кѳрсѳтүүчү индикаторлорду (кѳрсѳткүчтѳрдү) түшүнүү.
  6. Күтүлүүчү натыйжаларды индикаторлорго жана деӊгээлдерге ылайык окуучунун жетишкендиктерин баалоону билүү.
  7. Жогорудагылардын сабактын планындагы ордун аныктоо менен сабактын планын түзүүнү үйрѳнүү.

Мына ушул багыттарда мугалимдер академиянын кызматкерлеринен нускама сабактарды, пайдалуу сунуштарды жана бир топ суроолоруна жоопторду ала алышты. Ар бир предмет боюнча сабактын пландарынын жана иштелмелеринин айрым үлгүлѳрү берилди.

«Билим кербенинин» мүчөлөрүнүн нускама сабактарынан мисал келтирсек, физика боюнча сабакта тѳмѳнкүдѳй практикалык кеӊештер берилди: Окуу китебиндеги материалды окуп, же мугалимдин айтканын кайра айтып берген окуучуну мактап, ага дароо эле «5» коюуга ашыкпаӊыз. Сиз аны менен окуучуну чектеп, ѳнүгүүсүн тормоздоп коёсуз. Окуучуну мугалим айтпаган, китепте да жазылбаган ойлорго, билимдерге, ачылыштарга жетелеӊиз. Жок эле дегенде сиз чыгарган маселени башка, оптималдуу жол менен чыгарып берген, башка предметтерден алган билимдерин колдонуу менен чыгармачыл (креативдүү) ой жүгүрткѳн окуучуӊузга артыкчылык бериӊиз. Бул компетенттик негизде билим берүүнүн талабы; баалоонун диагноздоочу жана калыптандыруучу түрүн такай колдонуӊуз. Кайсыл окуучу сабакка даярданбай келсе, же жакшы жооп бере албай калса, ага «диагноз» коюӊуз, б.а. себебин аныктап, ага жардам бериӊиз. Ар бир аракетин, ѳсүшүн баалап (калыптандырып) туруӊуз. Айталы, окуучуӊуздун башка сабактарды ѳздѳштүрүүсүн баамдасаӊыз болот. Эгер башка сабактарды жакшы окуп, сиздин сабактан кыйналып жатса, анда сиз ал окуучу менен иштешиӊиз керек. Жекече иштѳѳдѳ окуучунун ар бир аракетин баамдап, баа берип туру керек». Такыр кызыкпаган окуучуларга физиканын физиктер үчүн эле эмес, ар бир адам үчүн пайдасы болорун айтып, практикалык тапшырмаларды берип («оор шкафты ордунан жеӊил жылдыруу үчүн эмне кылса болот», «токтон кантип сактанабыз», үйдү кантип жылуулоо, энергияны кантип үнѳмдѳѳ натыйжалуу» деген сыяктуу суроолор менен физикага акырындык менен кызыктырууга болот.

Кыргыз тили боюнча нускама сабакта кыргыз тилин окутууда теориялык материалдарга гана басым жасабастан, окуу материалын практикалык багытта окутуп, окуучулардын байланыштуу кебин ѳстүрүү жаатында сунуштар айтылды. Чындыгында, ушул мезгилге чейин эне тили сабагында окуучуларга теориялык билим берүүгѳ көбүрөөк басым коюлуу менен, алар мектепти аяктаганда эне тилинде жетишерлик ийгиликтерге ээ боло албай жаткандыгын жашыра албайбыз. Тактап айтканда, кыргыз тилин окутууда грамматикалык материалдарды карандай жаттатууга басым жасалып, алган билимдерди тиешелүү деңгээлде практикада колдонуу четте калууда. Окуучу 11 жыл бою кыргыз тили жана адабияты сабактарын окуйт. А бирок жыйынтыгында, тигил же бул маселе боюнча ѳз оюн эркин баяндап айтып бере албайт, же жаза албайт.  Тигил же бул грамматикалык эрежени так айтып бере алат (жаттаганы боюнча), бирок анын маанисин так түшүнүп, ѳз алдынча мисал келтире албайт, алган билимин кебинде, жашоо-турмушунда колдоно албайт. Мунун себеби эмнеде болушу мүмкүн? Ал жогоруда белгиленгендей, грамматикага ашыкча көңүл бурулуу менен, анын материалдары байланыштуу кептин жана кеп маданиятынын материалдарынан бөлүнүп окутулуусунун эсебинен, окуучулардын жазуу жана оозеки түрдөгү практикалык (функционалдык) сабаттуулугун калыптандырууга убакыт аз бөлүнгѳндүгүнѳн же такыр эле бѳлүнбѳй калгандыгынан болуп саналат. Албетте, бул кѳйгѳй окуу китептеринин, методикалык колдонмолордун авторлорун, ошол эле учурда аталган предметтерди окутуп жаткан мугалимдерди ойлондурууга тийиш.

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН «БИЛИМ КЕРБЕНИ» САПАРЫН УЛАНТТЫ

Мунун өзү баланын мектептеги башка окуу предметтерин талаптагыдай окуп-үйрөнүүгө жасалма тоскоолдуктарды түзөрүн көрсөтүп отурат.

Демек, сабакта окуучу эне тилинде грамматикалык-фонетикалык материалдарды, орфографиялык жана пунктуациялык эрежелерди өздөштүрүп жатканда сөзсүз түрдө, практикалык багытта, тактап айтканда, байланыштуу кеп менен кеп маданиятынын материалдары менен жуурулуштуруп өтүүнү практикалоо зарылдыгы – учурдун талабы.

Албетте, байланыштуу кептин материалдарын берүүдө ар бир грамматикалык тема өтүлгөндө, ал кептин курулуш материалы катары эсептелүү менен, текстти сабаттуу жазуу (жат жазуу), текстти талдоо жана кайра түзүү (баяндама) жана жаңы текст түзүү (дил баян) жазуу ишмердүүлүктөрү бирге жүргүзүлүүгө тийиш. Ал эми, кеп маданиятын грамматикалык материалдар менен бирдикте байланыштырып өтүүдө, анын негизги компоненттери толук түрдө эске алынуусу зарыл экендигин методисттер белгилеп келишет.

Эгер, эне тилинде окуучу сапаттуу сүйлөп жана жаза билүүгө, түшүнүп окууга жана түшүнүп сүйлѳѳгѳ тийиш деген талапты коё турган болсок, анда мектепте кыргыз тилин окутуу иши – мына ушундай талаптарды жүзөгө ашырууга багытталышы талап кылынат. Ал илимий-методикалык да, турмуштук да талап болуп саналат.

Демек, жалпы билим берүүчү орто мектептердин 5-6-класстарында кыргыз тили сабагын кыргыз тилин практикалык багытта окутуу үчүн, тактап айтканда, эне тили аркылуу кептик кырдаалдарга жана тилдик нормаларга ылайык жазуу жана оозеки формада карым-катнашты  ишке ашыруу, өзүнүн кептик мүмкүнчүлүктөрүн жана сөздүк корун байытуу, байланыштуу кебин, сүйлөө, жазуу маданиятын өркүндөтүү процессинде окутуунун талаптарын, ыкмаларын изилдөө жана иштеп чыгуу, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү жана жалпылоо, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду даярдоо, аларды мектеп практикасында сыноодон өткөрүү учурдун актуалдуу маселелеринен экендиги талашсыз экендиги белгиленди.

«Билим кербенинде» ар бир предмет боюнча ѳтүлгѳн семинар-тренингдин аягында мугалимдер тѳмѳнкүдѳй анкеталык суроолорго жооп жазышты:

  1. Ишиӊиздин натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн кандай жакшы жактарыӊыз бар?
  2. Ишиӊиздин натыйжалуулугун жакшыртууга тоскоол болуп жаткан кандай алсыз жактарыӊыз бар?
  3. Ишиӊиздин натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча кандай сунуштарыӊыз бар?
  4. Кыргыз билим берүү академиясына кандай сунуштарыӊыз бар?

Жогорудагы суроолорго берген жооптору аркылуу учурдагы мугалимдердин жетишкен ийгиликтерин, кыйынчылыктарын, кѳйгѳйлѳрүн жана муктаждыктарын кайсы бир деӊгээлде аныктап алууга мүмкүн болду. Алсак, азыркы мугалимдер эӊ эле жетишкен ийгилиги катары айрым семинар-тренингдерге катышуу менен окутуунун методдорун, компьютерде слайд жасоону, интерактивдүү досканы, проекциялык аппаратты колдонуунун жана интернеттен маалыматтарды алууну үйрѳнүшкѳнүн эсептешет. Бирок, буга жетишкен мугалимдердин саны да абдан аз. Анткени интернет тартпаган, компьютер-проекциялык аппараттар жетишпеген мектептер абдан кѳп.

Аймактардын мугалимдери менен жолугушуунун жүрүшүндѳ жалпы мугалимдерге мүнѳздүү бир нече кѳйгѳйлѳр жана кыйынчылыктар тѳмѳнкүлѳр болду:

  1. Стандарттын 4-бѳлүмү, тактап айтканда Ѳкмѳт бекиткен жаӊы мамлекеттик жана предметтик стандарттар боюнча билим берүү процессин уюштурууга, айрыкча ресурстук жактан камсыз кылууга карата талаптар аткарылбаса, компетенттик негизде окутуу максатына жетпей турганын белгилешти. Анткени, ал талаптарда белгиленген ар бир предмет боюнча окутууну уюштурууда алдын ала камсыздалышы зарыл болгон ресурстар ‒ физика, химия, биология предметтери боюнча лабораториялык жабдуулар дээрлик ар бир мектепте жетишсиз же жокко эсе. Ошондой эле, бардык эле предметтер боюнча окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолор, кѳргѳзмѳ материалдар, компьютерлер, интерактивдүү доскалар, проекциялык аппараттар, карталар ж.б. окуу куралдары жетишпеген мектептер да ѳтѳ кѳп.
  2. Мамлекеттик стандартта жазылгандай (4-бап, 56-пункт), окуучунун билимин баалоодо ал окуучунун жетишкендиги менен бирге, мектептеги билим берүү программаларынын, стандарттарынын ресурстук жактан камсыздалышы, мугалимдин билим деӊгээли, социалдык жана психикалык абалы, билим сапатынын ченемдик-укуктук документтерде белгиленген талаптарга шайкеш келиши аныкталса абдан туура болмогун белгилешти.
  3. Акыркы эки жылдан бери республикалык олимпиадаларды ѳткѳрүүдѳ мектептердин ресурстук камсыздалышы эске алынбастан, базалык мектептердин окуучуларын лицей-гимназиялардын окуучулары менен таймаштырууда жѳнѳкѳй айылдык мектеп окуучуларынын укуктары тебеленип жатканын белгилешти. Муну эске алуу керек деген ойдобуз.
  4. «Мугалим кагазга «кѳмүлүп» калды. Мугалимге сабакка даярданууга караганда, ашыкча кагаз жазууга убактысы кѳп короп жатат. Текшерүүчүлѳр (анын ичинде мектептик, райондук жана областтык билим берүү жетекчилери) мугалимдин даярдык деӊгээлин, кесиптик компетенттүүлүгүн окуучунун билим сапаты, же дагы башка критерийлер аркылуу баалап алса болор эле, анын ордуна жазылган план-конспектилерге, папкаларга, портфолиолорго карап мугалимге баа берүү модага айланып кетти», — деген пикирлер дээрлик бардык аймактарда айтылды. Демек, бул да жүйѳлүү пикир. Мугалимдин түйшүгүн жеӊилдетүү максатында академияда да бир топ иш-аракеттер пландалууда. Мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүнѳ коюлган талаптар, мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоонун критерийлери да такталат деген ойдобуз.
  5. Мектептердин 5 күндүк окутууга ѳткѳрүлгѳндүгүн айрым аймактык администрациялар (Ысык-Кѳл, Талас ж.б.) туура эмес пайдаланып жатышкандыгы, атап айтканда, мугалимдерди жума сайын мектептин эле айланасын эмес, башка жерлерди, кѳчѳлѳрдү шыпырып-тазалоого мажбурлап алып чыгып жатышкандыктарын мугалимдер айтышты. Албетте, тазалык ар бирибизге керек. Ал үчүн ар бир мекеме эле эмес, ар бир адам ѳз үйүнүн айланасын, ѳзү жашап турган территорияны таза сактоого, жаратылышка аяр мамиле жасоого, булгабоого милдеттүү. Бирок, булганган бардык жерлерди тазалоо үчүн «чыкпасанар айлыгыӊар кыркылат» деп мугалимди иштетүү – жетекчилердин мугалимге карата жеӊил мамилесинен, кызмат абалын ашкере пайдалануусунан кабар берет. 5 күндүк окутуу системасы болгону менен бир да мугалим 5 күн иштѳѳ менен чектелбейт, анткени, окуучулардын кѳптүгүнѳн же мектептин тардыгынан айрым мектептерде класстар үч топко бѳлүнүп, анын бир бѳлүгү бейшемби, экинчи бѳлүгү жума, үчүнчү бѳлүгү ишемби күндѳрү эс алдырылат. Мугалимдер бардык күнү иштешет.
  6. Айрым предметтер боюнча мугалим жетишпейт. Мисалы, информатика мугалимдери физика, математика, химия ж.б. предметтерин окутуп жаткан учурлар кѳп кездешет.

Информатика мугалимдерине компьютердин ден соолукка зыяндуулугу үчүн (за вредность) кошумча пайыздык акы төлөп берилбейт;

  1. «Технология» интеграциялык предмети боюнча адистер атайын даярдоодон ѳтүшсѳ деген да сунуш айтылды.
  2. 2024-жылы ѳтүлүүчү PISA баалоосуна катышууга Кыргызстандын окуучуларын даярдоо үчүн атайын тесттердин үлгүлѳрү даярдалса деген сунуш болду.
  3. Ар бир класстагы окуучулардын санынын көптүгү да окутууга терс таасир этип жаткандыгын белгилешти.
  4. РайОНО, ГорОНОлордогу адистер өздөрүн да жаңы стандарт менен иштөө боюнча курстардан ѳткѳрүлсѳ максатка ылайык болору белгиленди.
  5. Жаӊы окуу китептерин, окуу-методикалык комплекстерди апробациялоо айылдык мектептерде да жүргүзүлсѳ, айылдык мугалимдер да сабактарды өтүп көрүп талкуулашса, китептердин сапаты кыйла жогору болор эле дешти.
  6. ЖРТга даярдоо курстарынын көбөйүшү мугалимдин ишине тоскоолдук жаратып, мектеп билим берүүсүнүн, мамлекеттик документ болгон аттестаттын кадыр-баркын түшүрүүдө. Натыйжада, өзгөчө 11-класстын окуучулары ЖРТга даярданып, мектептик сабактарга азыраак көңүл буруп жатышат. Мындай курстарды жѳнгѳ салуу керек.
  7. КББАнын кызматкерлери тарабынан календардык-тематикалык пландаштыруу, сабактын иштелмелерин түзүү боюнча да жардамдар берилип турса деген сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында, КББАнын “Билим кербенине” катышкан бардык мугалимдер мындай ѳз ара байланышуу, кызматташуу улантылышын каалап, академия жетекчилигине жана предметтик адистерге ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Мурзаибраимова Б.Б.,

п.и.к., а.и.к., КББАнын жетектѳѳчү илимий кызматкери,

Абдухамидова Б.А.,

п.и.к, доцент, КББАнын жетектѳѳчү илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер