ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

  • 27.04.2019
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде 27-апрелде  университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган “Билим” майрамы болду.

ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

ОшМУнун факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери, магистратура департаменти, структуралык бөлүмдөрү жандуу көргөзмө-презентацияларын көрсөтүшүп, университетте окутулуп жаткан адистиктер (багыттар) жана материалдык-техникалык база менен жакындан тааныштыруу максатында жарманкелери тартуулап жатышат.

Аталган майрамга быйылкы жылы он миңге жакын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан мектеп бүтүрүүчүлөрү жана алардын ата-энелер, мугалимдер келишти.

ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

Аталган майрамга карата жыйын уюштурулуп, ага Ош, Жалал-Абад,Баткен облустарындагы мектептердин директору, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жогорку окуу жайлардан, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бардык райондорунан, Ош шаарынын бардык мектептеринен мектеп бүтүрүүчүлөрү, жогорку окуу жайларынан студенттер, мектеп мугалимдери, ата-энелери келип майрамга күбө болуп, каалаган адистик боюнча маалымат алышып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар менен таанышып, университетке саякат жасашты.

ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

Жыйындын жүрүшүндө университет тууралуу даярдалган видео-ролик көрсөтүп, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университети, келечек пландары, алдыдагы максаттары  тууралуу презентация жасады.

ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

Ал эми ОшМУнун ЖОЖго чейинки даярдоо департаментинин директору Тажимамат Эркебаев “ОшМУда окуп жаткан студенттердин көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат” аталышындагы презентациясын жасады.

ОшМУда 2018-2019-окуу жылына кабыл алынган студенттердин саны боюнча мектептердин рейтинги чыгарылды. Рейтингдеги биринчи бештикке токтолсок, Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынан 81 студент, №4 С.М.Киров атындагы орто мектебинен 74 студент, Ноокат районунун Көк-Жар орто мектебинен 60, Ош шаарындагы №6 А.С.Макаренко атындагы орто мектебинен 53, Кара-Суу районундагы №86 Курманжан Датка атындагы орто мектебинен 52 студент билим алып жатышат.

ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

2018-2019-окуу жылында ОшМУга кабыл алынган студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдөн алган негизги тест боюнча рейтингинде 1-орунда ОшМУнун “Билим” лицейинин окуучусу Акбаралиева Айкөкүл 413, упай менен дарылоо иши адистигине, Аксы районундагы №26 Ч.Турдубаев атындагы мектептин окуучусу Айбекова Лиза 423 упай менен дарылоо иши адистигине, Ош шаарындагы Илим-Ош мектебинин окуучусу Мадамбек кызы Роза 378 упай менен дарылоо иши адистигине, ОшМУнун “Ыйман” гимназиясынын окуучусу Арстанбек уулу Айдарбек 203 упай менен туризм адистигине, Баткен облусунун Газ орто мектебинин окуучусу Абдыкалык кызы Кайрынса 304 упай менен математика адистигине тапшырып, билим алып жатышат.

Алдыңкы мектептерге жана эң жогорку балл алган алдыңкы окуучуларга жана  предметтик мугалимдериге ОшМУнун дипломдору, ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

Ал эми келген абитуриенттерге уюштуруучулар тарабынан ОшМУ тууралуу маалыматтар таркатылып, ОшМУнун “Адис” окуу борбору тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн көз карандысыз тестирлөө борборлорунда алдын-ала ЖРТга тестирлөөлөр жүргүзүлдү жана эң жогорку упай топтогон окуучуларга университеттин эстелик белектери ыйгарылды.

Учурда ОшМУда 2 институт, 19 факультет, 1 педагогикалык, психологиялык окуу-усулдук борбор, 4 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 126 кафедра, 7 департамент, 1 башкармалык, 7 бөлүм, 6 гимназия, окуу борборлору, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук ж.б. борборлору, 10 жатакана, 2 медициналык клиника, 1 млн. нускадан ашуун китеп фонду бар китепканалары, окуу залдары иш алып барышат.

ОШМУдагы БИЛИМ МАЙРАМЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер