БАЛДАР ИНТЕРНАТТАРЫН РЕФОРМАЛОО ПЛАНЫ

  • 11.04.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Интернаттык типтеги балдар мекемелер тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттер планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйынын өткөрдү.

БАЛДАР ИНТЕРНАТТАРЫН РЕФОРМАЛОО ПЛАНЫ

«Өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков балдар үчүн зарыл шарттарды түзүү аркылуу интернаттык типтеги балдар мекемелер тутумун реформалоо зарылдыгы тууралуу бир нече ирет баса белгилеген. Бул Өкмөт жана жарандык коом тарабынан биргелешкен күч-аракетти талап кылуучу иш болуп саналат. Үй-бүлөгө барган балдар жылуулукту жана кам көрүүнү сезип, алардын жеке өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүшү кажет. Ошол эле учурда алардын жашоо шарттары начарлабашы керек», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында 2019-2021-жылдарга Интернаттык типтеги балдар мекемелер тутумун реформалоо боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жана Интернаттык типтеги балдар мекемелер тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттер планынын долбоору тартууланды.

Документте социалдык тейлөөлөрдү өнүктүрүүнү караган ченемдик-укуктук базаларды өркүндөтүү, интернаттык типтеги балдар мекемелерин оптимизациялоо, баланын үй-бүлө чөйрөсүнө карата укугун камсыздоо, социалдык тейлөөлөрдү түзүү жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын инклюзивдик билим алуусуна карай жеткиликтүүлүгүн камсыздоо сыяктуу маанилүү милдеттерди ырааты менен аткаруу мерчемделген.

Жыйын соңунда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына интернаттык типтеги балдар мекемелер тутумун реформалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун киргизүү тапшырмасы берилди.

Кеңешменин ишине тийиштүү министрлик жана ведомстволордун жетекчилери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер