ЗАЛКАР ОКУМУШТУУ, КӨП КЫРДУУ КООМДУК ИШМЕР

  • 28.03.2019
  • 0

Кыргыз тарых коомунун президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү публицист Тынчтыкбек Чоротегин 28-мартта 60 жашка толду.

ЗАЛКАР ОКУМУШТУУ, КӨП КЫРДУУ КООМДУК ИШМЕР

Тагдырына жазылган буйрук шыбагасы экен, жыйырманчы кылым – жамы кыргыз элин таанылгыс өзгөрүүлөргө түрткөн тарыхый окуяларга бай болгону, өтө бай болгону жалпыбызга белгилүү. Ың-жыңсыз жоголуп кетчүдөй түрлөнүп баратып, кайра жаралган, өлүп баратып, кайра тирилген элинин ченебеген бактысына – кылымдар тогошоордо акыры эгемен мамлекет куруу бактысына туш келгенине толкуп кубанган улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков тегин жерден: “мен — миң жыл жашадым” деп айтып жибербесе керек. Бирок да элинин турмушун коштогон бир көрүнүш жүрөгүн такай өйүп, көңүлүн ооруткандан, улуу жазуучу ошол кенемтени толтурууга күч үрөп жүрүп өткөнү да маалым. Ал – кыргыз элинин тарыхы жана улуттук аң-сезими жөнүндөгү эриш-аркак маселе эле. Кайран киши ошол себептен, кыргыз элинин байыркы тарыхын терең изилдеген, ошентип, улуттук өзүн-өзү таануунун маданиятын өөрчүткөн, алкагын кеңейткен окумуштуулардын калың катары жаралса деп, ак эткенден так эте самаган.

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында орто кылымдык мусулман булактарын изилдөө жаатында адистешкен, чыгыш таануунун дүйнөлүк таанымал борборлорунун бири – Ташкендеги Абу Райхан Беруни атындагы чыгыш таануу институтунда билим алып, Бөрү Ахмедов сындуу алптардын таалимин алган жаш окумуштуунун — Тынчтыкбек Чоротегиндин (Чороев) кыргыз тарых илимине келиши менен тарыхты изилдөө ары жаңы, ары жандуу деңгээлге чыкты.

Маселен, байыркы (Енисей) кыргыздар менен Теңир-Тоолук кыргыздардын ортосундагы этногенетикалык байланыштар тууралуу маселеге кайрылалы. Советтик илимде кызуу талаш жаратып, расмий тарыхнаамада четке кагылып баратканда, Тынчтык Чоротегиндин жана анын сааналаштарынын жаңы  дем менен жаңыча жүйө келтирип, аксакал чыгыш таануучу Өмүркул Караев (1930 – 2002) жана башкалар ырааттуу жактап келаткан көз карашты сүрөөнгө алышы ушу күнгө чейин күүсүнөн жанбай келатат.

Түгөлбай Сыдыкбековдун зээнин кейиткен дагы бир маселе – тарыхый мураска болгон түркөй мамиле. Асыресе, Жусуп Баласагын (XI кылым), Махмуд Кашгари-Барскани (XI кылым) жана башкалардын мурасын кабылдоодогу эртеги көчмөндөргө мүнөздүү түркөйлүктөн арылуу көп күч-аракетти, оңбогондой мээнетти талап этти. Тынчтык  Чоротегиндин ушул багытта да салымы зор. Атап айтсак, ал Махмуд Кашгари-Барсканинин мурасын изилдөөгө эле докторлук диссертация арнап, элге жайылтуу максатына эки китеп, ондогон макалаларды тартуулады. Натыйжада, Махмуд Кашгари-Барсканинин өмүр таржымалы менен чыгармачылыгы жаңы маалыматтар менен толукталып, жыйырма биринчи кылымдын окурманы анын мурасы менен жаңыча таанышуунун мүмкүнчүлүгүн алды.  Демек, Тынчтыкбек Чоротегиндин тарых илимине жана аны улуттук кайра жаралуу жараянына кошкон салымын баалай турган болсок, ал – улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков учурунда кудайдан тилеген муундун ири өкүлү.

 

ЗАЛКАР ОКУМУШТУУ, КӨП КЫРДУУ КООМДУК ИШМЕР

«Азаттык үналгысынын» туңгуч кызматкери жана мурдагы директору Азамат Алтай (1920-2006) «Азаттыктын» Прагадагы башкеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин (оңдо) менен. Прага шаары, Чехия. 2003-жыл

 

Кыргыздын ушундай улуу тилектен жаралган патриот уулу жалпы журтка таланттуу илимпоз эле эмес, чыгаан журналист, көрүнүктүү публицист, абройлуу коомдук ишмер катары таанылды.

90-жылдардын башында Кыргызстан Демократиялык Кыймылын биринчи уюштурган демократтардын ичинде болду, коммунисттик бийликке каршы саясий акциялардын алдыңкы сабында жүрдү, демократиялык түзүлүштү орнотууга, коммунисттер өгөйлөгөн улуттук нарк-дөөлөттөрдү кайтарып келүүгө эң биринчилерден болуп жигердүү киришип, орчундуу салым кошту.

“Азаттык” жана Би-Би-Сидеги ишмердиги учурунда анын бийик интеллектуалдык жана чыгармачылык ишмердиги дагы бир кырынан ачылды. 1998-жылы Дүйнөлүк журналистиканын эталону болгон Би-Би-Синин  Лондондогу кеңсесине конкурстук жол менен тандоодон өтүп, эң биринчилерден болуп барып, эң натыйжалуу иштеди. Би-Би-Сиде топтогон кесиптик тажрыйбасы кийин Прагада ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматын жетектөөдө эң сонун кереги тийди. “Азаттыктын” жамаатынын журналисттик кесиптик потенциалын чыңдап, эл аралык стандартка шайкеш болгон редакциялык саясатты иштеп чыгып, Кыргызстандагы эң таасирлүү медиа уюмдун деңгээлине жеткирди. Кыргызстандын мурдакы премьер-министри Н. Танаев “өкмөт маалымат согушун “Азаттыкка” уттуруп койдук” деп өкүнүп жер чапчыган тарыхый мезгил “Азаттыкты” так ушул Тынчтыкбек Чоротегин жетектеп жаткан учурда болду.

ЗАЛКАР ОКУМУШТУУ, КӨП КЫРДУУ КООМДУК ИШМЕР

Чоротегиндин башка окумуштуулардын өзгөчөлөнтүп турган артыкчылыгы  анын көп тил билгенинде десек болот. Кыргыздын көп окумуштууларынын күчү бир эле тилден көрүнөт эмеспи, же кыргызча, же орусча кыйын билишет. Тынчтыкбек агай бул эки тилде кандай эркин сүйлөсө, англис тилинде да эркин сүйлөп, сабаттуу жаза билет. Андан башка араб тилин өз алдынча өздөштүрдү. Ошондой эле бир топ түрк тилдерин кыйналбай түшүнүп, керектүү деңгээлде чечмелеп бергенге кудурети жетет.

Кыргыз өкмөтү ушуга чейин Тынчтыкбек Чоротегинге анын кесиптик интеллектуалдык деңгээлине татыктуу кызматты ыраа көргөн жок. Бирок патриот окумуштуу ага карабай, бардык ал күчүн, акыл мээнетин аябай, мамлекет менен элдин кызыкчылыгына күйүп жанып иштеп келатат. Демократиялык өнүгүү, адам укуктары, жарандык коом, парламентаризм, улуттук стратегия сыяктуу кандай гана ургалдуу маселе болбосун, бардык жерде Чоротегиндин интеллектуалдык бийик чабыттан караган парасаттуу акыл кеңеши, таамай сөздөрү өз убагында угулуп, кыргыз элибиздин эгемен өнүгүү жолуна өзүнчө бир руханий шам чырак сыяктуу жарык берүүдө.

Сүйүктүү устат агайыбыз Тынчтыкбек Чоротегинди алтымыш жаш мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Илимий-педагогикалык, коомдук-саясий жана журналисттик өрнөктүү ишмердигиңиздин чабыты дагы бийиктеп, зоболоңуз арта беришине тилектешпиз!

Шакирттери

Арслан Капай уулу Койчиев, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу

Кубатбек Чекиров, журналист

 

АШУУДАГЫ ОТЧЕТКО АЛИ ЭРТЕ…

 

Адегенде, Тынчтык менен студенттик ишке барганда таанышып, прессподборщик сапырган саман чаңынан бозоргон ыраңы менен күнгө күйгөн өңүнүн көркүн ачкан жаркылдаган мамилеси эсте калган. Күзгө чукулдаган мезгилдеги боз мейкиндик менен түспөлдөш өңдөр арасынан пайда болгон – “ушундай чаң арасында жумуш уланат экен да” деген тунарган ойду, анын акыл тиши көрүнгөн шаттуу күлкүсү менен иштин майын чыгара эмгектенген курсташтардын эмгекчилдиги оолактатканы ырас. Кыштакка жакын орун алган студенттик палаталар айылдык жаштарды кызыктыргандан улам го, алар күн алыс коктунун этегиндеги палаткаларга “таанышуу максатында” дөңгөлөк шиналарын тоголотуп кетишчү. Мындай мамиле эч кимге, айрыкча кыздар коллективине жакчу эмес. Ошентип, “укук бузуучуларга” каршы “иликтөө иштери” башталып, ага демилгелүү тартылган адам Тынчтык болчу. Биз анда анча таназар ал берчү эмес экенбиз, кийин баамдасак, Тынчтыктын чындык үчүн акыйкаттык деген турмуштук кредосу тээ бала чагында эле калыптанган экен. Ага өзгөчө таасир тийгизген адам, жашоодон эрте өтүп кеткен атасы Кадырмамбет Чороев экендигин анын чын дилден чыккан муңайым эскерүүлөрүнөн баамдачубуз. Анын дилбилги жапакечтиги менен сезимтал адамкерчилиги ошол бала кездеги ой толгоо түшүнүктөрдөн жана коюн-колтук чоңойгон бир туугандардын биримдик-колдоосуна эриш-аркак тамырлангандыгы байкалат.

Студенттик кезде Тынчтыкбек Кадырмамбетович жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлө алды. Ал окутуучуларды такымдай суроолорду берип, кафедрага чейин барып, алар менен баарлашып, баалуу кеп-кеңештерин угуп, мыкты устаттар менен профессионалдык мамиле курууга жетишкен. А. Х. Хасанов, М. Б. Жамгырчинов, Т. М. Мырзабеков сыяктуу тарыхчылардын кеп-кеңешин угуп, кийин ал жемишин берип, Тынчтыктын кесиптик багытын тандашына жана кыргыз тарыхына дасыккан адистин даярдалышына көмөк кошкону ырас.

Тынчтыктын кийин унутулуп кеткен дагы бир касиети – ал чыгармачылыкка байланышкан багыт. Студенттик курактагы “каткан нанды бөлүшкөн” шартта анын жарыяланган ырлары менен сатыиралык макалаарынан алган гонарары көктөн түшкөн ырайымдай эле көрүнчү. Нарынбектин спорттук талондору менен Тынчтыктын гонарары “кедейдин бир тойгону, жарым байыганы” дегендей майрам эле болчу. Тынчтык да эринбей жаза да берет, ыр жана Беганас Сартовдун кружокторуна бара да берет, чыгармачылыгы арткан сайын гонаралардын саны да арта берет да…

Тынчтык элет жергесинде жетилип, бала чагынан бир туугандар арасында жоопкечиликти өздөрү чечип келгенден улам эмгектенге, болгондо да көгөрө, майын чыгар иштегенге көнгөн. Анын өрнөктүү өзгөчөлүгүнун дагы бир кыры, ал мындай мамилени башкалардан да талап кылат жана иштин так бүткөрүлүшүн көзөмөлдөй алат. Чаалыкпай эмгектенүү жана ишбилгилик артыкчылыктартар менен зээндүү акылгөйлүк өз натыйжасын берип Тынчтыкбек Кадырмамбетович кыска араылкта илим дүйнөсүнө өзүн тааныта алды. Илим кандидаттыгы менен илим доктордугунун диссертациялары илим чөйрөсүндө жогору бааланып, кыргызтаануу багытына жаңы күч келгендигин айгинеледи.

Тынчтыкбек Кадырмамбетовичтин уюштуруучулук менен идея жаратуу касиеттерин айтбай кетүү мүмкүн эмес. Анын айрыкча уюштуруучулугу менен дасыккан педагогдук таланты Улуттук университеттин тарых факультетиндеги Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасындагы ишкердүүлүгүндө байкалды. Кафедрага Т. А. Абдрахманов, О. К. Каратаев, А. М. Кылычев, А. К. Койчуев сыяктуу таланттуу адистерди тартып, кыска аралыкта анын окуу программасына жаңылоолор киргизилген. Жаштык дем менен жаңы предметтер киргизилип, ал профессордук-окутуучулар курамынын эле эмес студенттердин да колдоосуна арзыган.

“Кайра куруу” деген горбачевдук учур келгенде Тынчтык эми коомдук иштер айдыңына жаштарга багыт берип, “Кыргызстан жаш тарыхчылар ассоцияциясын” курганга киришти. Тарых багытындагы ак тактар жаңыча каралып, жаңы изилдөө методологиясы туурасында кеп козголо баштаган. Тынчтыктын талыкпай изденүү аракетинин натыйжасында жана илим дүйнөсүнө аралашкан кадыр-баркыны аркылуу көрүнүктүү адистер кыргыздардын орто кылымдагы тарыхын изилдоо проблемасы тартылды. Юлий Сергеевич Худяков, Виктор Яковлевич Бутанаев сыяктуу көрүнүктүү окумуштуулар кыргызтаануу багытындагы өрнөктүү изилдөөлөрдү жасашты жана ал жемиштүү иштерин улантышууда.

Табият тартуулаган сезимталдык, бала чагынан калыптанган жапакечтик жана эмгекчилдик менен айкалышкан жоопкерчиликТынчтыкты ар тараптуу даярдыктагы монументалдуу профессионал адиске айландырды.

Ошентип шуулдап аккан дүйнө закымын илгиртбей биздин Тынчтыкбек да алтымыш жашка чыгып отурат. Жакшы адамды сөз ээрчийт дегендей, маңдай тер төккөн адал эмгегиң менен адамдык абийир акыбети аркылуу коомдук арзууга алындың. Тынчыке, юбилейиң кут болуп, бүгүн үй бүлөөң жана тууган, досторуңдун жүзүнө нур чайып, ичи толо кубаныч ээлесе, жүздөгөн окуучу жана шакирттериң болсо өзүңдөн билим алганына сыймыктанып турган чакта сага улуулуктун атын, Улукмандын жашын тилейбиз!

Кожобеков Муратбек

 

Бөлүшүү

Комментарийлер