ЭЛЕКТР ЧЫНЖЫРЫ ЖАНА АНЫН БӨЛҮКТӨРҮ

  • 28.03.2019
  • 0

Сабактын тиби:     Жаңы билим берүү

Сабактын усулу:   Көрсөтмөлүү түшүндүрүү, интерактивдүү, топто жана жупта иштөө

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, ватмандар, слайд, физикалык куралдар, маркерлер, баалоочу каражаттар

ЭЛЕКТР ЧЫНЖЫРЫ ЖАНА АНЫН БӨЛҮКТӨРҮ

Сабактын жүрүшү

Мугалим:

  • Саламатсыңарбы балдар! Маанайыңар кандай?
  • Кана эмесе, бири-бирибизди карап жылмаябыз.
  • Эми келген конокторго карап жылмаябыз. Кана эми, балдар, мени карап жылмайып койгулачы.
  • Айсалкын, бүгүн сабакка ким келбеди?
  • Балдар, быйыл кандай жыл деп белгиленди?
  • Аймактарды өнүктүрүү жылында кандай иштер аткарылышы керек деп ойлойсуңар?

Окуучулардын жообу:

  • Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин жарлыгы менен 2018-жыл-Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды.
  • Ишканалар ачылышы керек, айыл жерлеринде жашаган калкты таза суу менен камсыздоо керек, жолдор оңдолушу зарыл. Аймактарда кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү керек.
  • Тартиптүү, ата-энебизди угушубуз керек. Сабактарды калтырбашыбыз керек. Татыктуу билим алуубуз зарыл.

Мугалим:

  • Азаматсыңар балдар! Оюңар туура. Бирок биз түздөн-түз аткара албашыбызды билебиз. Андыктан келечекте бул ой-максаттарге жетүү үчүн кандай болуубуз зарыл?
  • Татыктуу билим алып, бүгүнкү сабакты жакшы түшүнүү үчүн эмне кылуубуз керек?

Окуучулар:

  • Сабакка көңүл буруу, бирөөнүн оюн бөлбөө, кол көтөрүп жооп берүү, убакытты туура пайдалануу.

Кана эмесе, балдар, бүгүнкү сабагыбыз кызыктуу өтүш үчүн топторго бөлүнүп алабыз. Суроого жооп берүү аркылуу эки топко бөлүнөбүз.

  1. Бүткүл дүйнөлүк жердин тартылуу күчүн кайсы окумуштуу ачкан?
  2. Туура эмес формадагы заттардын көлөмүн кайсы окумуштуу ачкан?

Биринчи суроого туура жооп берген окуучунун тобу Ньютон тобу деп аталат. Экинчи  суроого туура жооп берген окуучунун тобу Архимед деп аталат.  Суроого жооп берген окуучуларды топ башчысы деп дайындап алабыз.

Ар бир туура жоопко бирден  электр лампасы берилет. Ал лампалар менен  кыргыз элинин улуттук турагы болгон боз үйдү жарыктандырабыз.  Кана балдар, эми сабакка активдүү катышкыла. Кайсыл топтун үйү жарык болот.

-Балдар өткөн сабакта кайсыл теманы өткөнбүз?

(Окуучуларга экрандан сүрөттөр көрсөтүлөт).

-Биринчи сүрөттө эмнени көрүп турасыңар?

-Электрофордук машина

-Экинчи сүрөттө эмнени көрүп турасыңар?

-Термоэлементттин ток булагы катары көрсөтүлүшү.

-Ток булагы катары кайсыл элемент көрсөтүлгөн?

-Фотоэлементтин ток булагы катары

-Бул эмне?

-Гальваникалык элемент (батарея)

 

ЖАҢЫ ТЕМАГА ӨБӨЛГӨ ТҮЗҮҮ

Демек балдар, ток булагынын кайдан пайда болгонун билдик.  Ток булагын кантип пайдаланбыз? Демек биз бүгүнкү темада электр чынжырын жана анын бөлүктөрүн кантип туташтырганды жана схемасын сызганды үйрөнөбүз.

ЖАҢЫ ТЕМА

Электр чынжыры жана анын бөлүктөрү

Электр чынжыры ток булагынан токту керектөөчүлөрдөн жана жөнгө салуучу түзүлүштөрдөн турат. Келгиле балдар, эми экранга көңүл бурабыз. Электрдик куралдарды жана түзүлүштөрдүн схемадагы шарттуу белгиленишин үйрөнөбүз. Эми балдар, ушул  шарттуу белгилердин кээ бирлерин колубуз менен кармап көрөбүз.  Эске тутууну текшерүүчү көнүгүү иштейбиз. Бул жерде белгилер берилген. Кайсыл белги экенин жазасыңар.

  • Гальваникалык элемент
  • Туташтыргыч же ажыраткыч
  • Электр лампочкасы
  • Электр конгуроосу
  • Өткөргүчтөрдүн бириктирилиши ж.б

ЖЫЙЫНТЫКТОО

Лампочка жандырууну демонстрациялайбыз.

Тест менен иштейбиз балдар.

  • Токту керектөөчү куралдардын иштеши үчүн алар эмнелер аркылуу бириктирилиши керек?
  • Ɵткөргүчтөр.
  • Электр лампочкасы электр тогунун кандай милдетин аткарат?
  • Керектөөчү.
  • Кандай чынжырда дайыма ток болот?
  • Туюк.
  • Өткөргүчтөгү заряддуу бөлүкчөлөрдүн багытталган кыймылы эмне деп аталат?
  • Ток.

БААЛОО

47-параграфты окуп, 98-беттеги суроолорго жооп берип, электр куралдардын жана түзүлүштүн схемасын  чийүү.

Кана балдар, эми кайсыл топтун боз үйү жарык болду?

Окуучулар боз үйдөгү электр лампаларын эсептешет. Жекече бири-бирин баалашат.

 

ЭЛЕКТР ЧЫНЖЫРЫ ЖАНА АНЫН БӨЛҮКТӨРҮ

Мамасыдыкова Айнура, физика мугалими, №17 жалпы орто билим берүүчү мектеби, Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облусу

 

«Алдыңкы окуучуларым менен сыймыктанам»

 

Мектепти бүтүрүп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин физика адистиги бөлүмүнө тапшырып, өз сүйгөн кесибимдин ээси болдум. Бала чактан кыялданган мугалимдик кесипти аркалоону Жалал-Абад шаарындагы №17 орто мектебинен баштадым. Биринчи иш күнүмдөн баштап эле билим берүү менен тарбия, теория менен практика жана окуучу,  ата-энелер менен иштөө, баары биригип мугалимдин күндөлүк иши экенине ынандым, бар күчүмдү жумшап иштей баштадым.

Окуучулардын келечеги менин колумда экендиги көп ойлондурат. Алар кайсы кесиптин ээси болот, кандай инсандар болот, кайсы жолго түшөт? Мына ушул ойлор ар дайым менин тынчымды алат. Ушул ойлор мени дагы да изденүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө, психолог, артист болууга, керек учурда дарыгер болууга түртүп турат. Алымов “мугалим-окуучунун жан дүйнөсүн билдирбей, айыктыруучу дарыгер” деген сөздү бекеринен айтпаптыр. Менин оюмча, мугалим менен баланын ортосунда өтө чоң ажырым болбошу керек. Алар бирдей деңгээлде мамиле түзгөнү туура. Бала өз оюн ачык айтуусу үчүн, өзүндө катылган талантын, эч кимге айтпаган сырларын сиз менен бөлүшсүн десеңиз, аны менен пикирлеш, сырдаш катары мамилелешкениңиз туура. Келечектин инсанын, татыктуу кадрын тарбиялоо үчүн баарлашуу, талкуу, топтордо иштөө ыкмаларын колдонуу абзел. Балдарды “жакшы окуган”, “жаман окуган” деп бөлгөнгө караганда, жекече иштөөнү көп колдонуу жакшы жыйынтык берет. Балдар көбүнчө оюн-сабак, интерактивдүү ыкма, бир ситуация түзүү ыкмасы, инновациялык сабактар аркылуу көп маалыматты кабыл алышса, ал билими бекем болот. Окуучулардын туура эмес жоопторун «дагы бир ирет ойлоп көрчү» деп жолго саламын. Мен өзгөчөлөнгөн, таланттуу окуучуларым менен сабактан тышкаркы убактарда жылуу мамиледе болуп, өз баламдай көрүп, физиканын жашоодогу орду, аны ыктуу пайдалануу жөнүндө баарлашып, аларга көбүрөөк материалдарды берүүгө аракет жасаймын. Окуучумдун өз оюн ачык айтуусуна шарт түзүп берүү менин милдетим деп билемин.

Адам баласынын өз пайдубалын түптөөдө, коомдун өнүгүшүнө татыктуу жарандарды калыптандырып тарбиялоодо мугалим чоң роль ойнойт. Мугалим билим гана бербейт, келечектин кесип ээлерин гана даярдабайт, ал баарынан мурда чыныгы адамдарды тарбиялайт. Менин кесибим күндөлүк жашоодо ар бир адам пайдалануучу, башкача айтканда, жөнөкөй эле бөлмөнүн жылуулугун өлчөө менен адамдын жашоосу үчүн керек болгон абалды аныктоого, анын пайдалуу, зыяндуу жактарын үйрөтөт.

Бүгүнкү күндө окуучулардын билим сапатынын төмөндүгү жөнүндө көп сөз болууда. Албетте, билим сапаты көп факторлордон көз каранды. Алардын эң орчундууларынын бири- мугалимдин окуучуларды шыктандыруу аркылуу билим сапатын жогорулатуусу. Окуучу жашоосунда билгенин, башкача айтканда алган билимин практикалай алса, бул жакшы жыйынтык. Заман талабына ылайык физика илимин ар бир адамдын жашоо-шартына, чөйрөсүнө карап пайдалана алууга жеткирүү –биздин милдет.

Менин төрт жылдык окутуучулук ишимдин алгачкы жыйынтыгы бир кыйла жемиштүү болду десем, аша чапкан болбосо керек.

2015-2016-окуу жылында физика сабагы боюнча шаардык мектептер арасында өткөрүлгөн олимпиадада 10-классынын окуучусу Кубатбеков Нурбакай III  орунга, 9-классынын окуучусу Шайырбек кызы Гулсима III  орунга жетишкен. 2016-2017-окуу жылында Шайырбек кызы Гулсима шаардык мектептер арасында өткөрүлгөн олимпиадада I орунга жетишип, облустук турда II орунду багындырган. Ошол эле жылы 9-классынын окуучусу Султанова Бегимай III орунду ээлеген. Ал эми 2017-2018-окуу жылында 11-классынын окуучусу Шайырбек кызы Гулсима шаардык олимпиадада I орунду алып, облустук турда III орунга жетишкен. 10-классынын окуучусу Султанова Бегимай III орунга, ал эми 8-классынын окуучусу  Бекмолдоев Айбек III орунга татыктуу болушкан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер