ФРАНКОФОНИЯ ЖУМАЛЫГЫ     

  • 26.03.2019
  • 0

Бишкекте франкофония жумалыгы жыйынтыкталып,  кыркка жакын  ар кандай конкурстардын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды. Алардын арасында Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары да бар.

Жумалыктын алкагында француз ырларынын чечүүчү сынагы Кыргыз экономикалык университетинде өттү. Анда  Бишкектин  мектептеринен  жана ЖОЖдордон келген  француз ырларын сүйүүчүлөр ат салышып, натыйжада 1-орунду КУУнун Кыргыз Европалык факультетинин студенти Курумшиев Канат, 2-орунду КЭУнун студенти Айзада Кудушева, 3-орунду Кыргыз Европалык факультетинин студенти Эгембердиева Алия ээлеп, баалуу белектер менен сыйланышты.

Сынакка Француз  Республикасынын  Кыргызстандагы элчиси Микаэль РУ жубайы менен келип,  КЭУнун ректораты менен мындан ары дагы тыгыз кызматташууну улантуу тууралуу макулдашышты.

  • Бул конкурска катышуучулардын саны жылдан жылга өсүп, кыргызстандык жаштардын француз тилине, маданиятына, обондуу ырларына болгон кызыгуусу  артып бара жатат. Муну биз сынакка катышуу үчүн жана жөн эле ыр угуу үчүн келген жаштардын көптүгүнөн байкадык.  Франкофония  жумалыгы Кыргызстанда  башталган жылдарда  эле биринчилерден болуп биздин университет кызматташууга өткөн. Жыл сайын  «Франция элинин тамак-ашы»  деген сынак өткөрүлүп келген.  Анда биздин студенттер менен бирдикте франциялыктар улуттук тамак-ашын өз колдору менен жасашып, келген конокторго тартуулашчу. Акыркы эки жылдан бери обондуу ырлардын сынагы өтүп жатат, — дейт КЭУнун чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Ч.Бектурова.

Франкофония жумалыгы Кыргызстанда 15 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Жыл сайын кеңири майрамдалуучу бул иш-чарада Франциянын маданиятын, тарыхын, салтын ар кандай оюндар, кызыктуу сынактар аркылуу жайылтуу болуп эсептелет. Быйылкы жумалыкты жыйынтыктоочу иш-чара Россия кинотеатрында өтүп, анда “Кофенин өңүндөй” киносунан кийин жалпы эле киного жана Франкофония жумалыгынын жыйынтыктоочу кечесине келгендерге сый тамак тартууланды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер