№69 ОТК: МИҢ УККАНДАН БИР КӨРГӨН

  • 20.03.2019
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Т.Сатылганов атындагы №69 ОТКга Ысык-Көлдөгү Бактуу-Долон-Оту айылындагы Токтосун Атаев атындагы мектептин жыйырмага чукул жаш мугалимдери тажрыйба алмашууга келишти. Алар №69 ОТКнын жетишкендиктери, жаңы долбоорлордун ишке ашышы, эл аралык кызматташтык тууралуу кенен маалымат алышты. Ошондой эле ачык сабактарга, “Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында “Көнүгүү көндүмдөрү” тренингине катышып, билим куржунун байытып кайтышты.

№69 ОТК: МИҢ УККАНДАН БИР КӨРГӨН

“Коопсуз мектеп” – билим сапатын жогорулатат

Т.Атаев атындагы мектептин мугалимдерин Т.Сатылганов атындагы №69 ОТКнын директору Сайрагүл Атаева тосуп алып, аларды бир күндүк иш-чаранын программасы менен тааныштырды. Андан соң коноктор №69 ОТК тууралуу “Изденүүдөн ийгилик жаралат” деген даректүү тасманы көрүштү.  Жакшы маанай түзүлгөндөн кийин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Рахат Байшериева “Коопсуз мектеп” долбоорунун иштеп жатканы тууралуу маалымат берди.

— 2018-2019-окуу жылында бизде биринчи чейректен баштап SMS-күндөлүк,  “Коопсуз мектеп” деген долбоор иштей баштады. SMS-күндөлүктүн максаты  — окуучулардын билим сапатын көтөрүү, баалардын реалдуу коюлушун көзөмөлдөө болуп эсептелет. SMS- күндөлүк аркылуу ар бир ата-энеге баласынын күнүгө алган баасы жеткирилип турат. Ар бир ата-эне баласын да, предметтик мугалимдин канчалык деңгээлде бааны реалдуу коюп жатканын да көзөмөлдөй алат. Биз класстык журналдын толтурулбай калышынан арылдык, — деди Р.Байшериева.

Айылдык мугалимдерге “Коопсуз мектеп” долбоорунун иштеши абдан жакты. Анткени бул долбоордун максаты — окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугу болуп саналат. Негизи бул долбоор bal.kg  тиркеменин негизинде ишке ашып жатыптыр. Тиркемеде окуучулар, мугалимдер, ырааттама (расписание), коноктор, настройка деген бөлүкчөлөр бар экен. Кимге эмне же ким жөнүндө маалымат керек болсо, оңой эле таап алат. Мектепке кайсы конок келгени да көрүнүп турат экен.

  • Сабакка кечигип калган, келбей калган, катышып жаткан окуучулар тууралуу жалпы статистикасы алынат. Мисалы, бүгүн 8 “а” класста биринчи сабакка беш окуучу кечигип келгени көрүнүп турат, ошондой эле келген окуучулардын тизмеси, келбегендердики өзүнчө чыкты. Мындан сырткары мектепте окуган окуучулардын, алардын ата-энелери тууралуу толук маалымат системага киргизилип жатат. Мугалимдер жөнүндө дагы статистика бар. Келгени, келбегени, кечигип келгени дегендей, — дейт директордун орун басары.
  • №69 ОТК: МИҢ УККАНДАН БИР КӨРГӨН

Мектепке киргенде эле коопсуздук кызматы келген чоочун адамды телефонго сүрөткө тартып алат, аны администраторго жөнөтөөрү менен базага кирип калат. Бул деген мектеп ичинде уурулук болуп калса, ушул бөлүкчө аркылуу ким экенин таап алса болот экен.  Мындан сырткары ар бир класстын жумалык ырааттамасы (расписаниеси) көрүнүп турат. Ар бир окуучу мектепке  чип менен кирет.  Ал эми класс жетекчилер өздөрүнүн логини жана паролу менен башкаруу системасына кирип, окуучулары тууралуу толук маалыматты алып, ата-энеге маалымат жөнөтөт. SMS-күндөлүк менен “Коопсуз мектеп” долбоорлору  эки башка иштеп жаткан, эми экөөнү бириктирип, бир эле “Коопсуз мектеп” катары иштейт.

  • Эки долбоорго ар бир окуучу 30 сомдон, т.а. тогуз айга 270 сом төлөдү. Ар бир ата-эне ушул каражатка баласынын коопсуздугун, анын билим сапатынын деңгээлин көзөмөлгө алат. Быйыл болсо операторлорго, ушул электрондук каттоолорду жүргүзүп жаткан системдик администратордун айлык акыларын төлөп бериш үчүн 50 сомго чыкты, — деди Р.Байшериева.

Бул инновациялык көзөмөл жүргүзүү жана башкаруу системасы билим берүү мекемелерине ылайык. Ошондой эле бул долбоор мектеп администрациясына бардык окуучулардын, мугалимдердин жана техникалык кызматкерлердин эсебин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары системдик администратор Тилек Козукеев мугалимдерге мектептин сайты тууралуу да  кенен айтып берди. Андан соң башталгыч класстын мугалими Бурул Барктабасованын “Айкөл Манас” аттуу ачык сабагына, ошондой эле Калийпа Айдаралиеванын “Синтетикалык кир кетирүүчү каражаттар” деген химия сабагына киришти.

№69 ОТКнын алдыңкы сабында турган башталгыч класстын мугалими Бурул Барктабасова сабакты баштаардан мурда жакшы маанай түзүү үчүн окуучуларга текст берип, аны ар кандай ыкма менен окууну сунуштады. Маселен, текстти  “Ырдап” оку, “Манас” айтып оку, “Күлүп” оку, “Жаңылмач” түрүндө оку, “Жомок түрүндө”оку,  “Муунга” бөлүп оку ж.б.у.с. Андан соң окуучуларды топ-топко бөлүп, сабагын баштады. “Айкөл Манас” темасы аркылуу мугалим окуучуларды кайрымдуулукка, кең пейилдүүлүккө, берешендикке, патриоттуулукка, өз мекенин, элин, жерин сүйүп коргоого чакырды десек болот. Ошондой эле ал окуучулардын кеп маданиятынын, сөз байлыгынын, тапкычтыгынын, дүйнө таанымынын өнүгүшүнө карата ар кандай тапшырмаларды аткартты. Окуучуларды аябай кызыктырган Гиннеске кирген маалыматтар болду. Алар: 2018-жылы май айында 1 тонна  “Беш бармак” жасаган төрт ашпозчу; циркач кыз Аида Акматова, буту менен жааны көзгө атар мергендей аткандыгы үчүн;  2016-жылы 5-мартта Калпак күнүнө карата 3 м. бийиктиктеги калпак жасагандыгы үчүн.

Ошентип ачык сабактардан кийин мугалим-коноктор мектеп менен таанышып, “Таланттуулар мектебинин ажары” деген чакан концертке күбө болушту, ошондой эле мектептин 1-корпусундагы “Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында “Көнүгүү көндүмдөрү” деген тренинге катышышты.

№69 ОТК: МИҢ УККАНДАН БИР КӨРГӨН

Сайрагүл Атаева, Т.Сатылганов атындагы №69 ОТКнын директору:

  • Айылдык мектеп менен биздин гимназия ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чарасы болду. Бул мектептин мугалимдерине эки нерсени көрсөтөлү дедик. Биринчиси, Кытайга окуучуларды жиберип, кытай тилин үйрөтүүнү. Экинчиси, окуучулардын эстетикалык табитин өркүндөтүүдө салттуу музыканы кошумча акы төлөө сабагы катары киргизүүнү сунуштап жатабыз. Мына  кечээ Пекиндин жанындагы бир провинциядан  “Chun lai Qi” компаниясынын өкүлү Лю Ли айым гимназияда иш сапары менен болду. Алардын негизги максаты – окуучулар менен тажрыйба алмашуу долбоорун ишке ашыруу болуп эсептелет. Бул долбоорго ортоңку жана жогорку класстын окуучулары камтыла тургандыгы билдирилди. Биринчи максат – тил үйрөтүү. Т.Атаев мектебинде 500 окуучу билим алат экен. Ошолордун ичинен каалоочу окуучуларды  ушул проектиге кошуп кетсек деп ойлоп жатам. Кытайлыктардын шарты боюнча балдар жол киресин өздөрү төлөп барышса, аларды тосуп алып, тамак-ашы, жатаканасы, экскурсиясы толугу менен чакырган тарап өз мойнуна алышат экен. Ал эми кытайлык балдарды Кыргызстанга жөнөтөөрдө бардыгын өздөрү каржылашат. Биздин балдар үчүн  жол кирени төлөгөнгө кыйыныраак болот го дейм. Лю Ли айым мектеп Хынан аймагында жайгашканын, 10000 окуучуну камтыган жогорку даражадагы мектеп экендигин билдирип, мектеп менен тааныштырды. Болгон документтерин көрсөттү. Келишим түзөлү деди. Элчилик менен дагы макулдашыш керек экен. Бул долбоор келечектеги ишке ашырылуучу иш катары каралып жатат.

Гимназия болгондон кийин келген мугалимдерге жетишкендиктерибиизди көрсөттүк.  Мектептин материалдык-техникалык базасынын чыңдалышы, ага кайдан каражат таап жатканыбызды дагы кенен айтып бердик. Эгерде ата-энелерди ынандыра билсек, “көп түкүрсө көл болот” дегендей, ошол каражаттарга акыркы муундагы технологиялар менен камсыздаганга мүмкүнчүлүктөр арбын экенин айттым. Бул ата-энелердин гана каалоосу, ыктыяры менен болоорун баса белгиледим. Ошондой эле башталгыч класстарда салттуу музыка боюнча кошумча акы төлөнгөн сабактар да ата-энелердин каалоосу боюнча киргизилген. Бул сабакка жумасына бир саат бөлүнгөн. Колунда жок ата-энелердин балдары акысыз окушат. Эгерде мектепте 2900 окуучу болсо, анын 800 комуз, ооз комуз, т.а. улуттук аспаптарды .

Элнура Максат, Т.Атаев мектебинин биология мугалими:

  • №69 гимназия мага абдан жакты. Анткени күчтүү мугалимдер иштешет экен. Ачык сабакта окуучулар тартынбай, активдүү катышканы жүрөктү жылытты. Мугалим эжейи дагы ар кандай ыкмаларды пайдаланып өткөнү мени таасирлентти. Окуучуларга мугалимдин мамилеси өзгөчө экен. Мен жаш мугалиммин. Көп нерсени үйрөнүшүм керек. №69 “Коопсуз мектеп” долбоору биздин мектепте деле иштетсе болчудай. Анткени айрым окуучулар ата-энесин алдап, мектепке кеттим деп коюп, башка жерде жүрө беришет. Бул инновациялык көзөмөлдөө системасы айылдыктарга абдан керек экен.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер