ЭАУДА ЭКОНОМИКАЛЫК ТЕРМИНДЕРДИН СӨЗДҮГҮ ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

  • 13.03.2019
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окутуучулары  негизги экономикалык терминдердин орусча-түркчө-кыргызча сөздүгүн басмаканадан чыгарышты.

Сөздүктүн авторлору окуу жайдын окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректору, ф.и.к., профессор Анвар Жолдошбаев, ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору Чагры Эргезер жана ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин директору Халил Шенгүл. Эмгек  экономика, менеджмент багыттары боюнча жогорку жана орто кесиптик билим алган студенттерге, ишкерлерге сунушталат жана кыргыз, орус тилдерин үйрөнгөн түрк улутундагы студенттер жана ишкерлер же түрк тилин үйрөнгөн кыргыз, орус улутундагы студенттер жана ишкерлер үчүн бул сөздүк абдан пайдалуу окуу колдонмосу болуп эсептелет.

Сөздүк 600дөн ашык экономикалык терминдерди камтыйт. Ушул эле авторлор аталган тилдерде саясий жана социалдык терминдердин сөздүгүн даярдашууда. Бул тууралуу окуу жайдын Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер