САНАРИП ДООРДУН ТАЛАБЫ – ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА

  • 11.03.2019
  • 0

Кыргызстандагы Электрондук китепканалар ассоциациясында Россиялык электрондук китепканалар жана жаны маалымат технологиялар ассоциациясынын өкүлчүлүгү ачылды. Анын башкы максаты китепканаларды автоматташтыруу боюнча «ИРБИС 64+»  программасын Кыргызстандагы  китепканаларга жеткирүү болуп саналат. Кыргызстандагы китепканаларды санарипке көчүрүү боюнча иштин темпи жана деңгээли жөнүндө “Кут  Билимге” Бишкектеги Эл аралык университеттин илимий китепканасынын директору, Электрондук китепканалар ассоциациясынын мүчөсү Турусбаева Гульмира  айтып берди.

САНАРИП ДООРДУН ТАЛАБЫ – ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА

-Кыргызстанда баардыгы 1060 коомдук китепкана бар, андан сырткары жогорку, атайын орто, башталгыч кесиптик окуу жайларында, мектептерде жана ар кандай мекемелерде өзүнчө китепкана бар. Алардын ичинен  болгону беш-алты жогорку окуу жайында гана китепканалар түрк жана америкалык программа менен иштешет. Ал эми 31 ири китепкана «Китепканаларды автоматташтыруу, электрондук каталогдорду жана электрондук китепканаларды түзүү системасы болгон «ИРБИС 32/64»  деп аталган Россиянын программасы менен иштеп келе жатышат. Бирок алардын баарында тең «ИРБИС» программасын эски версиясы, жаңы версиясына өтүшө элек.

17 жогорку окуу жайында китепканалар  жана Бишкектеги үч ири китепкана Электрондук китепканалар ассоциациясынын (кыскасы ЭКА) мүчөсү. ЭКАнын 2008 жылдан бери келе жаткан  атайын долбоору бар. Бул атайын долбоор «Жогорку окуу жайларынын китепканаларынын маалымат ресурстарын алмашуу» деп аталат. Ушул долбоор боюнча  ЭКАнын мүчөлөрү өздөрүнүн электрондук каталогдорун  жана электрондук ачык архивдерин ЭКАнын «Kyrlibnet. kg» порталына  жүктөп окурмандарга,  онлайн түрүндө жеткиришет.

САНАРИП ДООРДУН ТАЛАБЫ – ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА

Быйылкы  «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөбүздү санариптештирүү» жылынын алкагында, китепканалардын  ишин автоматташтыруу, электрондук каталогдорду жана электрондук китепканаларды түзүүдө, айрыкча аймактагы китепканаларды колдоону ЭКАнын быйылкы жылкы планына киргизип иш баштадык.

Өткөн жылдын аягында Россияда жылда өткөрүлүп турган Эл аралык «LIBCOM»- китепканалар үчүн маалымат технологиялары, компьютердик системалар жана басмаканалар продукциясы» аттуу конференцияга  катышып келдик. Ошол конференцияда россиялык кесиптештер менен сүйлөшүүлөр болуп, биздин Электрондук китепканалар ассоциациясы  жана  Россиялык электрондук китепканалар жана жаңы маалымат технологиялар Ассоциациясы (кыскача ЭБНИТ) өз ара кызматташтык жөнүндө келишим түздүк. Бул келишим боюнча «ИРБИС» программасынын жаңы версиясы болгон  «ИРБИС 64+» Кыргызстандагы китепканаларга орнотуууга көмөк көрсөтүү үчүн ЭБНИТтин өкүлчүлүгү биздин ассоциацияда ачылып жатат.

САНАРИП ДООРДУН ТАЛАБЫ – ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА

«ЛИБКОМ» конференциясында. Россиялык электрондук китепканалар жана жаңы маалымат технологиялары (ЭБНИТ) ассоцияциясынын президенти Яков Шрайберг менен.

Кыргызстанга мурда бул программа Казакстан аркылуу келчү, анткени Орто Азия жана Казакстан аймактарынын өкүлчүлүгү Алматы шаарында эле. Казак кесиптештерден маалымат, консультация  жана практикалык жардам алуу бир топ кыйынчылыктарды туудуруп келген. Эми Кыргызстандын ичинде Бишкектеги жана аймактардагы бардык китепканалар менен маалымат алмашуу бат-бат болуп, мындай кыйынчылыктар чечилип турат деп ойлойм.

Бүгүнкү күндө Бишкектеги үч  жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы жогорку окуу жайлардан беш китепкана  уюшуп «ИРБИС64+» программасын корпоративдүү түрдө алуу үчүн келишимге кол коюлду. Китепкананы санариптештирүүдө түштүк аймагынын активдүүлүгү көрүнүп турат.

— «ИРБИС»  программасынын жаңы версиясынын артыкчылыктары эмнеде?

— «ИРБИС» программасы бир ордунда токтобостон,  жыл сайын кеңейип, өнүгүп, жаңы версиялары чыгууда.  “LiveBusiness”  http://www.livebusiness.ru/tools/library  аналитикалык сайттындагы маалыматка караганда, бул алдыңкы программа катары китепканалар үчүн программалардын рейтингинде биринчи ондуктун ичине кирген.

Кыргызстандагы китепканалар 2002- 2015 жылдын аралыгында алынган  программа менен автоматташтырылган.  Бирок ошондон бери жаңы версиясына өтүү болгон эмес. Жеке эле “ИРБИС” программасын эмес, бардык эле колдонуучу программаларды жылда жаңылап туруу зарылдыгы бар. Анткени компьютердик системалар жана технологиялар өсүп, жаңы тренддер пайда болгон сайын программалар да ошого ылайыкташтырылып оңдолуп өзгөртүлүп турат. Мисалга мобилдик тиркеме, сенсор жана башка сыяктуу программалык кошумчалар жөнүндө айтып жатам. Кыргызстандагы көпчүлүк китепканаларда эски «ИРБИС» программасы менен иштөө бир топ кыйынчылык жаратууда.

САНАРИП ДООРДУН ТАЛАБЫ – ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА

— Китепканалардын санариптештирүү бүт дүйнөдө жүрүп жаткан процесс эмеспи. Кыргызстанда бул иштин жалпы темпи канчалык мезгил талабына ылайык жүрүп жатат?

-Дүйнө жүзүнүн практикасына таяна турган болсок, азыркы заманбап китепканалар маалыматтын басма түрү менен бирге электрондук түрүн колдонушуп, «гибриддик» система боюнча жүргүзүшөт.

Китепкананын басма түрүндөгү маалымат ресурстары санариптештирилип, электрондук  түргө өткөрүлүп жана интернет аркылуу онлайн түрүндө окурмандарга жетет. Бул процесс азыркы замандын талабы. Жаштарыбыз, жаңы муундар технологиянын заманбап жаңы түрлөрү менен тарбияланып өсүүдө. Окурман мурдакыадй китепканага чуркабай, маалыматты интернет аркылуу тез жана ыңгайлуу түрдө алып калды.  Ошондуктан биздин ар бир китепкана дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн артта калбай, окурмандарга шарт түзүп берүүбүз зарыл.

САНАРИП ДООРДУН ТАЛАБЫ – ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА

Китеп окуш үчүн окурман китепканага атайы барып отурган заман өтүп баратат.

— Жогорку окуу жайларындагы ишти айтып кеттиңиз. Ал эми орто жана башталгыч кесиптик окуу жайларында, мектептерде китепканаларды электрондук түргө көчүрүүнүн кандай аракети болуп жатат?

— Менин жеке байкоомдо бул мекемелерде автоматташтыруу такыр болбогондой сезилет. Бул туура эмес, азыркы заманбап өзгөрүүлөр бүт бардык тармакта иш процессин санариптештирүүнү талап кылууда.  Бул процесс бүтүндөй китепкана чөйрөсүндө да тийиштүү.  «ИРБИС» системасы китепканалардын баардык түрүнө, тактап айтканда коомдук, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын, мектептин китепканаларына ылайыкташтырып жасалган. Айтмакчы, мамлекетин карамагындагы мектептерге бул программа өтө төмөндөтүлгөн баада берилет. Россиянын акчасы менен  болгону 21600 рубль.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер