ЭФИР ЗАЛКАРЫНЫН МЕКТЕП-СТУДИЯСЫ

  • 03.03.2019
  • 0

Эл аралык Кувейт университетинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, журналистика кафедрасынын профессору Тамара Жаманбаеванын мектеп-студиясы ачылып, алып баруучулук менен дикторлук кесиптин алдыңкы тажрыйбасын атактуу устаттын өзүнөн үйрөнүүнү каалагандарды кабыл алууда.

ЭФИР ЗАЛКАРЫНЫН МЕКТЕП-СТУДИЯСЫ

Көгүлтүр экрандын көркү болуп, бүтүн элге таанылган жылдыз болууну ким каалабайт. Бирок бул табият берген шык-жөндөм эле эмес, чыгармачылык зор потенциалды, кесиптик чоң даярдыкты талап кылган иш эмеспи. Мына ушундай өнөрдү атактуу диктор ачкан мектеп-студиядан үйрөнө аласыз.

“Микрофон алдына же экранга чыккан ар бир адамдын адамдык бийик парасаты, табият ыроологон таланты бар болушу керек. Эфирде кимдер менен жолукса, алардын баарынан дайыма үйрөнүшү керек. Ак ниет, сылык-сыпайы, жылдыз чырай, кубулжуган үн, ички маданият менен экран аркылуу сүйлөшүү чеберчилиги алып баруучуга, дикторго көрүүчүнүн ишенимин жаратат. Так ошол себептүү  көрүүчүлөрдүн бир нече мууну үчүн алып баруучулар менен дикторлорду угуу, көрүү өзүнчө эле бир жашоо зарылдыгына айланып калган”,-дейт легендарлуу диктор.

Мектеп-студияда окуу мөөнөтү эки ай.

Телерадиодо алып баруучу болууну каалагандар 20-мартка чейин кайрылса болот.

Тел. 0312-33-73-81, 0555-57-09-37, 0701-85-86-01, 0700-92-10-07

Дареги: Бишкек шаары, Э. Ибраев 6а (Таатан соода борборунун жанында).

ЭФИР ЗАЛКАРЫНЫН МЕКТЕП-СТУДИЯСЫ

Тамара Бакиева-Жаманбаева Кыргыз телерадио журналистикасынын тарыхында өзгөчө орду бар легендарлуу инсан. Кыргыз телекөрсөтүүсү башталган элүүнчү жылдардын аягында улуттук маданияттын маңдайына бүткөн биринчи диктор жана теле жылдызы болуп таанылып, элүү жылдан ашык өмүрүн ушул өнөрдү өнүктүрүүгө арнады. Түз эфирдеги көрсөтүүлөрдү, майрамдык демонстрацияларды, жалпы улуттук деңгээлдеги кече-концерттерди кыргыз жана орус тилинде алып баруу жагынан убагында алдына эч кимди салган жок. Соңку убакта Кувейт эл аралык университетинде тележурналистикада жыйнаган зор тажрыйбасы менен көөнөрбөгөн талантын кийинки муунга үйрөтүүнүн камында келатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер