БАЙЧЕЧЕКЕЙ БААТЫР ГYЛ

  • 20.02.2019
  • 0

БАЙЧЕЧЕКЕЙ БААТЫР ГYЛ

Сабактын максаты, милдети

  1. Билим берүүчү:

Балдар гүлдүн түзүлүшүн кураштырууга жана колдонулбай калган  буюмдардан кайра кооздук жаратууга үйрөнүшөт.

  1. өнүктүрүүчү: Бүктөө, үлгү боюнча кесүү, орду менен чаптоо ыктары калыптанат. Кайра иштетүү боюнча түшүнүктөрү өнүгөт.
  1. Тарбиялоочу:

Тыкан, таза иштешет. Баштаган ишинин аягына чыгууга тарбияланышат. өз колу менен жасаган ишине кубануу,  кооздукка суктануу  сезимдери тарбияланат.  Иш орунду жыйноого көнүгүшөт. Предмет аралык байланыш: ЖМТК, айлана-чөйрө менен таанышуу, көркөм адабият, көркөм өнөр.

Тарбиячынын иш-аракети

Кириш бөлүм. Уюштуруу: Эмоционалдуу оюн: «Сен мага жагасың, анткени…» Тарбиячы: — Балдар, силер баарыңар ынтымактуу досторсуңар ээ? Келгиле, анда ынтымактуулугубузду, бири-бирибизди жакшы көрөрүбүздү оюн аркылуу билдирели! Менин колумдагы жүрөкчөнү бири-бирибизге «сен мага жагасың, анткени сен абдан боорукерсиң, же сен мени менен оюнчугуңду бөлүшүп ойнодуң» деп сыяктуу досуңардын жакшы жагын айтып бересиңер, ал жүрөкчөнү алган досуңар андан ары улантат. (Эмоционалдуу комплимент усулу).

Негизги бөлүм: — Балдар, кыш мезгилинен кийин кайсы мезгил келет эле? — Сүрөттө тартылган кайсы гүл?

-Туура, ал байчечекей гүлү. Байчечекей жөнүндөгү жомокту дагы бир жолу кыскача айтып берейин, угуп тургула! (Байчечекейдин сүрөтү)

«Үстүндөгү топурагын өйдө көтөрөт. үстүнө жааган кардын оордугу аны такыр тургузбай басып туруп алат. Күч менен ары түртөт, бери түртөт, чарчайт, эмне кыларын билбей, сыртка кулак төшөп туруп калат.   Бир убакта алыстан чакырган үн угулат: — Э-ээй…Мага жардам берип койгулачы! Үстүмдөгү карды алып койгулачы тезирээк, тумчугуп кеттим…

Айланасындагы байчечекейлер тоңуп турган карды көрүшүп, аны кантип алып саларын билишпей туруп калышат. Анан бир байчечекей: — Мен таптым,эмне кылышты! Күндөн жардам сурабайлыбы?-дейт. Байчечекейлер бийлеген сайын, жаз жөнүндө жар салып жүргөн жаздын сыдырым жели күнгө кабар жеткирет. Күн болсо сур булутту сүрүп салып, жердеги карды көздөй жылуу нурларын жиберет. Кар бат эле ээрип кетет.  Жанатан бери кар алдынан чыга албай жаткан кичинекей байчечекей боюн созуп чыга келет, айланасындагылар  байчечекейди «Туулган күнүң менен!»-дешип, кубанып тосуп алышат.

— Балдар, бул жомоктогу баатыр байчечекейди өз колубуз менен кураштырып жасап көрөлү.  — Алдыңарда столдо жаткан дисктердин баарысы жарабай калыптыр.

Эгер биз буларды жарабайт деп ыргытып жиберсек туура болобу?

— Туура, таштанды кылып бардыгын ыргыта берген болбойт. Айлана булганып, көрксүз болуп калат. А эгер өрттөсөк,  аба булганат. Демек ыргыткандан көрө, кайра дагы бир кооз нерсе жаратып койсок пайдалуу экен ээ. Келгиле, анда бул дисктерден биз өз колубуз менен укмуштай сонун кооздук жараталы!

Дисктерди жер деп элестетели. Кардын түсүн кандай түс менен берчү элек? Эмесе көк баракты жана көк кийиз кесиндисин жердеги ээрий элек кар деп элестетип, дисктин  бетине чаптайлы. Ага байчечекейдин таажысын  үлгүгө салып чийип, аны  кесип алып жана  сабагын, жалбырагын  кесип, өз орду менен кураштырып чаптап, байчечекей баатыр гүлдү отургузуп коёлу. Алгач  түстөр аркылуу эки топко бөлүнөлү.  Сары түстөгү байчечекейди тандаган топ, сары барактардан байчечекейди кыркып чапташат. Ал эми акты тандагандар кебез тегерекчелерден байчечекейди жип менен чогултуп чийге байлап кураштырып, жалбырактарын болсо кийиз кесиндилери менен жасап дискке отургузасыңар. Тапшырма түшүнүктүү болдубу? Кана эми ишке киришели. үстүү барактар, кайчы, клей) Иш учурунда тарбиячы балдарды аралап, багыт берет. Айрымдарына жардамдашат.

Бышыктоо: Балдар, байчечекей кайсыл мезгилде өсүп чыгат? Азыр топтордо берилген пазлдан байчечекейди кураштырабыз.

Баалоо: Тарбиячы: — Балдар, мына силер бүгүн жарабаган дисктен укмуш кооз байчечекейди жасадыңар. Дисктерге экинчи жашоо бердиңер, азаматтар! Силердин жакшы иштегениңер үчүн күлүп турган быйтыкчалар берилет.

Жыйынтыктоо: Бүгүн биз эмне кылдык? Эмнени үйрөндүк?

Иш орундарыбыздагы калдыктарды чогултуп, коробкага салалы!

Баланын ишмердиги

Балдар тегерете турушат. Жүрөкчөнү алган бала: «Сен мага жагасың, анткени…» — деген фраза менен андан ары улантып айтып, кийинки балага берет. (Мында жумшак тигилген жүрөкчө оюнчук пайдаланылат).

  Балдар суроого жооп беришет.

 Балдар жомокту угушат.

 Балдар топторго бөлүнүп иштешет.

1-топ: 1. Дисктерге көк түстүү квадрат барактардын четин айлана кылып кыркып, клей менен чапташат. 2. Балдар үлгүнү сары түстүү баракка коюп чийишет.

Чийген боюнча кесип алышат. Белгиленген жерин чаптап, байчечекейдин таажысын жаратышат.  3. Сабагын жашыл түстөгү барактын тилкелеринен түтүкчө кылып ороп чапташат, түтүктүн бир башы дискке жайгашкыдай, бир башы гүл таажысы отургудай кылып тилип, кесишет. 4. Гүлдүн таажысын сабакка отургузуп чапташат. 5. жашыл баракты экиге, төрткө бүктөп жалбырактарын кесишет. 6. Жалбырактарды сабагына тууралап чапташат. 7. Даяр болгон гүлдү өсүп келе жаткан элес берип, дисктин бетине отургузуп чапташат.

 2-топ:  1. Дисктин бетине квадрат кесилген көк фетраны чапташат, ашык жерлерин кыркып тегиздешет. 2. 4-5 даана кебез тегерекчелерине үлгүнү коюп кесишет.  3. Аларды чий талынын бир учуна чогултуп, жип менен байлашат. 4. Жашыл кийиз кесиндисинен жалбырак кесип, аны да чий-сабакка жип менен бекитишет. 5. Даяр болгон гүлдү пластилиндин бир бөлүгүн тегерек жалпак формага келтирип ийлеп, ага орнотуп, өсүп келе жаткан байчечекейдин элесин берип дискке орнотушат.

Ар бир топ өз тобундагылар  менен чогуу берилген пазлды курашат. Биринчи бүткөн топ утушка ээ болот.

Балдар быйтыкчаларды кубануу менен кабыл алышат.

 Балдар үйрөнгөндөрүн айтышат.

Кесинди калдыктарды чогултушат.

Токтакунова Венера, Нарын району, Орто-Нура айылы, «Чон эне» бала бакчасы

Бөлүшүү

Комментарийлер