ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН БИНАРДЫК САБАК

  • 19.02.2019
  • 0

Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебиндеги сабактын жаңы бинардык формасы колдонулду. Орус тили жана адабияты мугалими Айхан Кожошевна менен информатика мугалими Гүлзат Юсупбаевна экөө орус тили, информатика сабактарын интеграциялап, 7-класстарга кызыктуу ачык сабак өттү.

ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН БИНАРДЫК САБАК

Орус тилинен өтүлгөн теманы «Чистые руки», макал, табышмак усулдары менен кайталаса, ал эми сан атоочтордун жасалышын, жазылышын, жөндөлүшүн информатикада компьютерге папка ачып, текст менен иштеп, аны жумуш столунда сактоонун жана презентациялоонун жолдорун үйрөнүштү.

ИНТЕГРАЦИЯЛАНГАН БИНАРДЫК САБАК

Сабак соңунда эң активдүү катышкан окуучуларга «Ыраазычылык барагы» тапшырылды. Сабак боюнча окуучулардын ой-пикирлери электрондук почта аркылуу башка мектептерге жөнөтүлдү. Албетте, «Акылдуу мектеп жана мугалим» долбоорунун алгачкы кадамдарына кубанбаган жан жок.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер