ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАРАЖАҢЫЗ КУТ БОЛСУН, АГАЙ…

  • 14.02.2019
  • 2

Көөдөнүмдө кайнаган реалдуу ойлордон жаралган төмөндөгү чакан макаламды, куттуктоо иретинде жакында өзүнүн докторлук дицертациясын ийгиликтүү коргоп, илим изилдөө жолундагы бийик ашууну ашып отурган Бекмурза Зулуев агайымдын жеке бейнесине арнайм.

ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАРАЖАҢЫЗ КУТ БОЛСУН, АГАЙ...

Жетекчи – бул жол баштоочу. Жетекчинин максаты кимдир бирөөнү башкаруу эмес — уюмун өнүктүрүү. Ал муну кызматкерлерин өркүндөтүү менен ишке ашырат. Аларга жол көрсөтүп, өзүнө болгон ишеним берип, күчтүү кадрларды  топтойт. Бул аракеттер ар бир жетекчинин максатындагы көрүнүштөр. Мына ошол жетекчилик кызматтардын бирин татыктуу аркалап келе жаткан, аткарган иши менен сүйлөгөн сөзү дал келип, алгылыктуу  ишмердүүлүк жүргүзүү менен миңдеген студенттердин, жамааттын жана коомчулуктун көңүл борборунда жашап келген  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору Зулуев Бекмурза Бекболотович.

Бекмурза Бекболотович 2011-жылдан тарта ОГПИнин ректору катары башкаруучулук кызматтын өйдө-ылдыйын, ысык-суугун башынан өткөрүп, ак эмгектин аркасы менен  ийри ийгиликтерди жаратты.. Чатышкан карама – каршылыктуу өз учурундагы системаны эркинин күчтүүлүгү, жанкеччил көрөгөчтүгү менен тоскоолдуктарга жооп издеп, окутуу процессине заманбап технологияларды кийирип, республикада эң алгачкылардан болуп окуу процессин башкарууда автоматташтырууну, мобилдештирүү системасын уюштурду. Жаңы заманбап корпус салынып, жыл сайын окуу башталуусуна жанылануулар жаралып, окууга, мекемеге болгон студенттердин шыктандыруусун курчутуп келет. Билим берүү тармагын реконструкциялап, көптөгөн мектеп мугалимдеринин ишмердүүлүк чеберчилигин, окуу системасындагы күңгөй-тескейлерди калчап,  бир канча реформаларды жөнгө салууга жетишти. Өзүнүн жашап турган жерин, иштеген мекемесин  бьютификациялоо, сөзмө сөз айтканда, «кооздондуруу» ишин жайдын ысыгына, кыштын кыраан күндөрүнө карабай жигердүүлүк жана кылдат табит менен жасап учурга карап жашылдандыруунун үстүндө жүрөт жана анын баары бизге көздү кубандыргыдай кооз, камкордук менен каралганын байкоого болот. Бекмурза агайдын  башкалар алдындагы обочолонгон кымбат мүлкү – айланасындагы кызматкерлерине бирдей көз карашта карап, тажрыйбалык жөндөмүнө карай баа берип, бийиктерге көтөргөнү. Келгенде бир орундукту толтурган адам эмес, кеткенде орду толгус адам болуу агайдын бирден – бир жашоодо кармаган көз карашы. Ар бир инсандын кадыр – баркы өз ишинин майын чыгара аткара билүүсүндө.

 

 Жөнөкөйлүктүн бренди

ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАРАЖАҢЫЗ КУТ БОЛСУН, АГАЙ...

Адамга инвестиция жасоонун бирден-бир уюму болгон “Ыйман” фондунун төрөгасы Нуржигит Кадырбеков: мен эки гана ректорду билем, ишмердүүлүктө да, жашоодо да жөнөкөй деген статусту бекем сактап келген ОГПИнин ректору деп эки ректордун бири катары адамдык бейнесини баалаганы бар. Б.Б.Зулуев көркөм – адеби, жагымдуу кулк – мүнөзү, таза ниети, түз пикир – ою жана пайдалуу амал аракети менен бекемделип, бааланып – баркталып келет. Айланасындагы адам затынын баарына артыкча амал-айласы менен акыл-чабытын өз наркынан төмөн түшүрбөй баалай турган марттыгы бар. Өзүнүн тагдырын, жамааттын тагдырын, мекемененин тагдырын жөнөкөйлүк бейнеси менен баалап, гүлдөгөн замандын борборуна айлантып жаткан учуру. Мезгил талабы менен мүнөздөлүп өз аты менен тагдырын өзү сактап турат. Бийиктигин кичи пейилдигинен, улуулугун жөнөкөйлүгүнөн, эрдигин ишинен, чыныгы жетекчилигин мүнөзүнөн билдирген бүгүнкүнүн инсаны бойдон жашай берет…

 

Айласын тапкан ак жүрөк

Кайсы доордо болсо да тарых агымына кирген белгилүү адамдардын тандаган жолу, колдонгон амал – айласы, акыл тажрыйбасы менен жеткен жеңиштеринин өлчөмү, же бар күч – аракет  эмне менен башталып, эмне менен аяктап, эмне менен бааланары белгилүү алкакка гана жеткенде өз натыйжасын көрсөтөт. Бул жагынан караганда бийик кадамдарды кароого боло турган илим жолундагы даанышмандан студенттер үчүн көптөгөн табериктер калды. Балдар кеңеш сөздөргө караганда, үлгүлүү жүрүм – турумга  көзүн ачат. Бул нерсени окуу жайдан өзүңөргө сиңирүү менен бирге, коомчулуктун жүзү да болосуңар деп, студенттерди окуу формасы менен сабакка келүүгө көндүрүп келет. “Биздин билим канада  таза адамдын балдары окуйт. Байдын баласында силердей бакыт жок” деген пикири канча студентти куштарлантып, окуу жайдын сүйүүсүнө себепчи болду. Шартка карабастан, бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып канчалаган студенттерге жол ачып берди. Мунун далили катары окуу жайды спорт, маданият жана билим тарабынан дүйнөгө таанытып келген активдүү студенттерди көз караштарын, дүйнө таанымын кеңейтүү максатында жыл сайын уюштурулуп келе жаткан “Жети дубанга саякат”, кошуна өлкөлөр болгон Өзбекстан мамлекетине саякаттолорго да жетекчилик катары салымы чоң. Айтор жакшы адамдын түпкү казынасын терең казсаң, андагы баалуулуктарды айтып бүтпөс чыгаарсың.

 

Эрте башталган ишмердүүлүк 

1991-жыл. 19 жаштын табериктери  кесиптик чыйырлардын башталган тарыхы. Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. Мугалимдикке болгон “жөндөмү”, “шыгы”, “таланты” эрте курак жаштан башталып, бүгүнкүнүн чыгаан Дүйшөнүнө айлантып олтурат. Азыркы учур менен салыштыра караганда кесип тандоонун белчесинде турган куракта бир класста 40 баланы окутуу тубаса мугалимдиктин ышкыбозу болсо керек деген пикирде каласың. Бул кесипке карата терең сүйүүсү болгондор гана эң мыкты жана чыныгы мугалим болушат.

 

Илим – илим жолундагы идиректүү ишкерлер менен бааланат

Тарых барактарындагы дагы бир катылып жаткан сырларды ачып, илим – билим чөйрөсүн кеңейтип турган учуруңуз.  13.00.01-жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча «XIX кылымдын экинчи жарымындагы жана XX кылымдын башындагы билим берүү тармагынын тарыхый өнүгүшү (Фергана өрөөнүнүн мисалында)» аталышындагы педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп алышы менен куттуктайбыз.

Бекмурза Бекболотович, Сизге бекем ден соолук, бакубат жашоо, ишиңизге ийгилик каалап, жаштардын сыймыгы, үлгү тутаар устаты болуп жүрө беришиңизге тилектешпиз! Илимдин доктору окумуштуулук даражаңыз кут болсун! Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошкон демилгечил, патриот инсан катары арабызда жол көрсөтөөр кеңешчибиз бойдон жашай бериңиз! Окуу жайыбызда илимий потенциал жогорулап, өнүгүүлөр орной берсин! Ооматтын нуру жанып, жакшы жетишкендиктер курчай берсин!

 

Исамидин кызы Айгүл,

ОГПИнин бүтүрүүчүсү,

Россиянын Урал Федералдык университетинин

Химия-техникалык институтунун магистранты

Бөлүшүү

Комментарийлер

Дастан Бакыт уулу / 14.02.2019 20:38
Мен билген жетекчилердин эң жөнөкөйү бул биздин Зулгизинен ОГПИде жөнөкөй кызматкерден баштап жогорку Кызматкерге чейин жөнөкөй пейилдүү келишет.Жаратканым ушундай пейилден жазбасын!
Дастан Бакыт уулу / 14.02.2019 20:37
Мен билген жетекчилердин эң жөнөкөйү бул биздин Зулууев Бекмурза агай.Негизинен ОГПИде жөнөкөй кызматкерден баштап жогорку Кызматкерге чейин жөнөкөй пейилдүү келишет.Жаратканым ушундай пейилден жазбасын!