БИМдин ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ: ИЙГИЛИКТЕРГЕ КУБАНАБЫЗ, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЕБУЗ

  • 14.02.2019
  • 0

13-февралда «Сейтек» борборунда Билим берүү жана илим министрлигинин жыйынтыктоочу коллегиялык жыйыны болду. Ага республиканын бардык аймагындагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, усулдук борборлордун жетекчилери, мектеп директорлору ж.б. коноктор катышты. Министр Гүлмира Кудайбердиева 2018-жылы тармакта жүзөгө ашырылган иштер, жетишилген ийгиликтер, жакын арада чечилиши зарыл маселелер, ошондой эле быйылкы пландалган долбоорлор жөнүндө кеңири баяндама жасады. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова билим берүү жана илим жаатындагы орчундуу маселелерди чечүүдөгү БИМдин лидерлик ролуна басым жасап, олуттуу өзгөрүүлөр болушу үчүн Өкмөт, парламент, жалпы коом биргелешип иштеши керектигин белгиледи. Дагы бир катар баяндамачылар мектепке чейинки, мектептеги, ЖОЖдогу билим берүү мекемелеринде жетишилип жаткан ийгиликтер жана айрым мүчүлүштүктөр жөнүндө айтышты. Коллегиянын соңунда залдан берилген суроолорго билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү жооп кайтарды.

 

БИМдин ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ:  ИЙГИЛИКТЕРГЕ КУБАНАБЫЗ, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЕБУЗ

БИМдин ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ:  ИЙГИЛИКТЕРГЕ КУБАНАБЫЗ, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЕБУЗ

Жыйынга чакырылгандар түштөн кийин Damas мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарынын, басмаканалардын өкүлдөрү, ошондой эле  китептердин авторлору, эксперттер, билим берүү системасынын кызматкерлери менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзүп жаткан долбоорлор менен таанышты. Жаңы китептер, усулдук колдонмолор, көргөзмө куралдар жана санариптик программалар катышуучуларга абдан жакты.

 

БИМдин ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ:  ИЙГИЛИКТЕРГЕ КУБАНАБЫЗ, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЕБУЗ

БИМдин ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ:  ИЙГИЛИКТЕРГЕ КУБАНАБЫЗ, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЕБУЗ

Бул жерде Билим берүү жана илим министрлиги жүзөгө ашырып жаткан долбоорлордун бет ачары болуп, Кыргызстандын билим берүү тутумунун өнүгүүсүнүн негизги багыттары тааныштырылды.

«Санариптик Кыргызстан – 2019-2023» Санариптик трансформация концепциясын жүзөгө ашыруу жана адистерди эмгек базарынын талабына шайкеш даярдоо боюнча Жол картасына өзгөчө көңүл бөлүндү.

Жолугушууга келгендерди PISAга даярдануу боюнча жол картасынын бет ачары да кызыктырды.

Министр Г. К. Кудайбердиева эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө, аларды даярдаган мугалимдерге, Кыргызстандын атын чыгарган илтеллектуал командалардын машыктыруучуларына эстелик сыйлыктарды тапшырды. «Жыл мугалими» конкурсунун облустук турунда жеңип чыккандарга да белектер, ошондой эле ведомствонун пансионатында эс алуу жолдомолору берилди. Мектептеги тамактандырууну оптималдаштыруу программасында мыкты иштеген мектеп деректирлерине ноутбуктар тартууланды.

БИМдин ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ:  ИЙГИЛИКТЕРГЕ КУБАНАБЫЗ, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЕБУЗ

БИМдин ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ:  ИЙГИЛИКТЕРГЕ КУБАНАБЫЗ, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЕБУЗ

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын баяндамасын жана жылдык жыйынга катышкан айрым адистердин маектерин гезибитиздин келерки санынан окуйсуздар.

 

Ж. Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер