ҮРКҮН БОЮНЧА КАРТАЛАРДЫ ТҮЗҮҮ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ МАСЕЛЕСИН ИЗИЛДӨӨ

  • 25.01.2019
  • 1

Азыркы мезгилдеги илимдин жана техниканын, өзгөчө маалыматтык же компьютердик технологиянын өнүгүшү билим берүү системасына жаңы талаптарды коюуда. Демек мектептерде, дегеле билим берүү системасында колдонулуучу окуу материалдары да замандын талабына ылайык келүүгө тийиш.

Жаңы муундагы предметтик стандарт боюнча, окуучулардын атайын предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу каралган. Бирок дал картографиялык материалдардын жетишсиздиги, окутуунун сапатына, окуу материалдарынын жугумдуулугуна терс таасир тийгизүүдө. Ушундай шарттарда, медиаресурстар проблеманы чечүүгө көмөктөшүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга оң таасирин тийгизет.

Ушундай проблемаларды чечүү максатында, 2018-жылы «Айгине» маданий-изилдөө борбору тарабынан демилгеленген Борбордук Азиядагы, ошонун ичинде, Кыргызстандагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхы боюнча салттуу картографиялык жана интерактивдүү электрондук-картографиялык ресурстарды түзүү иштери активдүү жүзөгө ашырылууда. Бул долбоорго Кыргызстандан тышкары Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын окумуштуулары катышып жатышат.

Мультимедиалык окуу-картографиялык материалдарды түзүүнүн башкы максаты — XX кылымдын башындагы тарых боюнча баардыгына жеткиликтүү, объективдүү, мультимедиалык ресурстарды түзүү болуп саналат.

Ал окуучуларга тарыхый материалдарды образдуу кабылдоо аркылуу, үйрөнүлүп жаткан тарыхый доорду эмоционалдуу кабылдоосун күчөтүү, эстутумун стимулдаштыруу жана өнүктүрүү менен эле чектелбестен, анын кызыкчылыктарын арттырууга көмөктөшөт. Бул билим берүүчү ресурстар объективдүү материалдарды камтып, окуяларды түрдүү ракурстан кароого, ошол аркылуу окуучулардын сынчыл ойломун жана изилдөөчүлүк таанып-билүү ишмердиктерин өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле, ал мугалимдердин окутуу процессине шаблонсуз, стандарттуу эмес мамиле жасоосунун булагы болуп калат.

Бул окуучуларга азыркы маалыматтык-компьютердик технологиянын жардамы менен, ар кандай презентацияларды даярдоого жана чыгармачыл долбоорлорду жүзөгө ашырууга, ал эми мугалимдерге сабакка даярданууга жана өткөрүүгө жардам берет.

Түзүлүп жаткан мультимедиалык окуу-картографиялык материалдар XX кылымдын башынан тартып, 1917-жылдагы революциялар дооруна чейинки окуяларды камтыйт.

Мультимедиалык окуу-картографиялык материалдар окутуу процессин уюштуруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Окумуштуулар менен программисттердин биргелешкен кызматташтыгынын негизинде түзүлгөн мультимедиалык материалдар, жаңы маалыматтык чөйрөнү түзүп, билим берүүнүн мазмунуна башка өңүттөн кароого мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

 Мурат Иманкулов, т.и.к., доцент, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер

Айнура / 14.08.2019 13:41
Саламатсыздарбы? Аталган материал жаны окуу жылына карата даяр болобу?