ДҮЙНӨНҮ ТАҢ КАЛТЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

  • 25.01.2019
  • 0

Бой десе бою, келбет десе келишимдүү келбети, үн десе керемет үнү бар Димаш Кудайберген учурда дүйнөнүн эң атактуу ырчысы. Интернет баракчаларында жаңы ачылган жылдызга Димаш Кудайбергендин ысымы берилгенин, атактуулук жагынан ал поп музыка королу Майкл Джексон менен катар турарын айтышууда. Деги музыкадагы Димаш феноменинин сыры эмнеде? Эмесе, ушуга үңүлүп көрсөк…

 

Музыка үчүн жаралган жаш талант

ДҮЙНӨНҮ ТАҢ КАЛТЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Аткаруучулук таланты менен дүйнөнү багындырган Димаштын өз аты Динмухаммед Канатулы Кудайберген. Ал 1994-жылы 24-майда Казакстандын Актөбө шаарында жарык дүйнөгө келген. Казак-кыргызда бирдей “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын хан болорун ким билет” деп айтылат. Анткени ата-бабаларыбыз эзелтен ар бир наристенин келечек тагдырына казактын кең талаасындай кенендик менен, кыргыздын Ала-Тоосундай бийиктик менен карашкан турбайбы! Эми бул боордош эки элдин түшүнүгү деңизчи, бирок ошого жетүүгө ар бир адам аракет кылышы бештен белгилүү.

Кытайдагы ыр сынак учурунда болсо керек, Димаштын “Мен эки-үч жашымдан баштап келечекте ырчы болом дечүмүн. Башкалардай  косманавт, доктор болом дебедим”, — дегени мага чоң таасир калтырды. Анткени, балдар тестиер убагынан  улан кезине жеткиче кесиптин миңин тандайт эмеспи! Мындай шар жоопту биринчи угушум. Анан да Димаштын эң эле жаштайынан тартып сахнада колуна микрофон кармап алып, ырдап жатканын элестетип ойногону кызык. Ал сүрөт тартса да, ушундай мааниде тартчу экен. “Жаштын тилегин берет” деген ушу!

Арийне, Димаштын жүрөк түпкүрүндөгү кыял-максаттарынын ишке ашышында ата-энеси – ырчы жубайлар Светлана Айтбаева жана Канат Айтбаевдер, домбрада мыкты ойногон чоң атасы Кудайберген Айтбаев, кезинде география, биология мугалими болуп иштеген ыр жандуу чоң энеси Миуа Низамутдинова зор эмгек өтөшкөн.

 

Алгачкы ийгиликтери

ДҮЙНӨНҮ ТАҢ КАЛТЫРГАН ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕН

Димаштын сахналык карьерасы өтө эрте башталган. Ал жергиликтүү театрлаштырылган оюнда чакан ролду аткарат. Ата-энеси анын музыкалык шыгын байкап, беш жашында Актөбө шаарындагы А.Жубанов атындагы музыкалык колледждин балдар студиясына алып барышат. Бул жерден Димаш фортепиано жана вокалдан сабак алып, өзгөчөлөнгөн үнү менен башкалардан айырмаланат.

Алты жашында “Айланайын” фестиваль-конкурсуна катышып, биринчи жолу лауреат болот. 10 жашынан Димаш облустук деңгээлдеги ар кандай музыкалык иш-чараларга катыша баштайт.

Мектепте окуткан мугалимдери Димаштын казак акын-жазуучуларынын чыгармаларын жан дилинен окуп-үйрөнгөнүн, далайына обон чыгарып, ырдап бергенин айтып жүрүшөт.

Апасы Светлана Айтбаева Димаштын вокалдык диапазонун кеңейтүү үстүндө талыкпай иштегенин, студиядагы бир да сабакты калтырбаганын, сууда сүзүү менен такай машыгып, өзүндө демди чыгарбай көпкө кармоону,  таэквондого үзбөй катышып, энергия топтоону, концентрацияны, эс-тутумду курчутууну жана максат коюуну үйрөнгөнүн айтат.

Ушул тушта ал атасынын сөзүнө жазылган “Көркемим” жана Орал Байсенгирдин калемине таандык “Унутулбас күн” аттуу өзүнүн алгачкы хит ырларын жазып, угармандарына тартуулайт.

2010-жылдан 2013-жылга чейин ал өз өлкөсүндө жана чет жерлерде өткөн төрт ыр-сынакта жеңүүчү деп табылат. Димаш өзү да, ошондогу алгачкы ийгиликтерин, өзгөчө Ысык-Көл жээгинде, “Мейкин Азия” эл аралык ыр сынагында, Гран-прини жеңип алганын боордош элдин колдоосу катары эсептейт.

2015-жылы Димаш Витебск шаарында өткөн “Славян базары” эл аралык ыр сынагында Гран-прини жеңип, 20 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болот. Димаш ошондо казак эл ыры “Дайдидауны” чебер аткарып, көрүүчүлөрдүн, жюринин көңүлүн өзүнө бурат. Жюри төрагасы Полад Бюлбюль-оглы: “Бул уникалдуу бала. Анда үч үн бар: төмөнкү жана ортоңку тембр, ошондой эле, сейрек кездешүүчү – альтино. Димаш булардын баарын бирдей колдоно билет” деп анын талантына таң калган.

 

Кытайдагы зор жеңиш

2015-жылдын күзүндө Түркиянын Стамбул шаарында эл аралык ABU TV Song фестивалында Казакстандын атынан катышып, дүйнөгө белгилүү ырчылар менен бир сахнада ырдашы, жаш ырчынын талантын курчутуп, аткаруучулук чеберчилигин өстүрдү. Эми ал алдыдагы дагы бир зор жүрүшкө даяр турду.

2016-жылдын аяк ченинде ал кытайлык Хонг Таонун чакыруусу менен Кытайдын Чанша шаарына барды. Димаштын керемет үнүнө арбалган Ханг Тао бет алдында тубаса таланттуу ырчы турганын дароо түшүнүп, Хунан ТВ каналынын Singer ыр сынагына катышууну сунуштайт. Анан Бэжиндеги Black Gold Talent агенттиги менен келишим түзүлүп, Димаш 22 жашында, 12 турдан турган эң узун жана эң татаал ыр сынакка катыша баштайт. Апасы жаш ырчынын  бул сынактын орто ченине араң жетерине ишенгенин айтса, Димаш өзү: “Мен үчүн бул сынак эксперимент сыяктуу болду” деген пикирин билдирет.

Мен Ютубдан Димаштын ошондогу ар бир аткаруусун үзбөй көрдүм. Анын аткаруусундагы англис, француз, италян, орус, кытай, казак тилиндеги ырлардын баары зор чеберчиликте аткарылып, көрүүчүлөрдүн жапырт овациясына ээ болуп жатты. Димаш, айрыкча, Витастын “Опера–2”, Лара Фабиандын “Адажио” аттуу ырларынан кийин кытай элинин жалпы сүймөнчүлүгүнө айланды. Айрым ырларды аткарууда ал, башка конкурсанттардан айырмаланып, фортепианодо же домбрада чебер ойноп, музыкалык аспаптарда да ойной билерин иш жүзүндө көрсөттү. Жыйынтыгындв ал гонгоктук ырчы Сэнди Лэмди гана өзүнөн алдыга өткөрүп, финалга экинчи болуп келди. Бул, албетте, зор жеңиш болчу!

Кытай дүйнөдөгү товар экспорттоо жагынан алдыда бараткан шумдуктуу өлкө гана эмес, миллиардга чукул телеаудиториясы бар, нукура таланттарды таанытуучу ийкемдүү рекламалык аянтча экен. Кытайдан Димаш болуп көрбөгөн урмат-сый көрүп, «Азиянын эң мыкты жаш ырчысы» аталып, миңдеген кытайлык кыздардын жүрөгүнө чок салып кайтты.

 

Европадагы алгачкы концерти

Дүйнөлүк басма сөз, Интернет баракчалары Димаш Кудайбергендин Москвада Игорь Крутойдун” Чарчаңкы ак куулар сүйүүсү” ырын ийнине жеткире ырдаганын жазып бүтөлекте, ыры менен дүйнөнү багындырууга киришкен жаш талант Лондон шаарында өзүнүн Европадагы алгачкы концертин берди.

Үч миңдей көрүүчүнүн арасында Димаштын 47 мамлекеттен келген күйөрмандары олтурушту. Булардын көбү болбосо да, бир тобу Димаштын ырларына реакция жасап жүргөн блогерлер. Димаш аларга англис тилинде “Dears!» же бизче айтканда, «Кымбаттууларым!» деп кайрылып калат. Алар ушундай мамилеге татыктуу. Кумиринин концерти кайсыл өлкөдө болорун бири-бирине кабарлап, алдын-ала интернет аркылуу концертке билетти да сатып алышат.

Би-Би-Си кабарчысы Акчолпон Койчиевага берген жообунда кытайлык кыз “Анын кооз үнү, ашкере сулуу келбети жакканы үчүн Бээжинден учакка түшүп 19 саат учуп келдим” десе, америкалык блогер аял Патрис Груллон Димаштын аткаруучулук стили, бийик ноталарды алганы, демин көзөмөлдөгөнү, угарман менен байланышта болгону өзгөчө экенин айтат. Ушул эле маекте Марк Макмиллан аттуу блогер “Бул жигит сүйүү аркылуу дүйнөнү өзгөртүп жатат” десе, түркиялык Хандин Ашик “Анын ырларын укканда көзүмдөн жаш чыкты. Ырлары жүрөгүмө, жаныма жетти” дейт.

Ооба, Димаштын ырлары бардык адамдарды өзгөртүүчү күчкө ээ! Буга жаңызеландиялык Рай Уорддун окуясы айкын далил. Оорусунун өтө олуттуу экенине карабастан, 63 жаштагы бейтап аял алты мамлекетти басып өтүп, Казакстанга келип кетти. “Димаштын ырын уккандан кийин, менин дагы жашагым келип калды” дейт ал.

Комменттерде Димашты “башка планеталык”, «периште бала” деп атагандар да жок эмес. Менимче, ал дүйнөнү уккулуктуу үнү менен хаостон, зомбулуктан сактап, адамзатка сулуулук, тазалык, нукуралык дүйнөнү сактарын эскертип келет…

 

А.Алибеков,

АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы”

программасынын бүтүрүүчүсү

(АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер