КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БАЛДАРГА АРНАЛГАН “ЭКОЛОГИЯ БОЮНЧА КИТЕП” ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

  • 24.01.2019
  • 0

К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында балдарга арналган «Экология боюнча китеп» аттуу китептин бет ачары болуп өттү. Бет ачарга Бишкек шаарындагы №68, №69 мектептердин 7-классынын окуучулары жана мугалимдери катышышты.

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БАЛДАРГА АРНАЛГАН “ЭКОЛОГИЯ БОЮНЧА КИТЕП” ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

К.Баялинов атындагы китепкананын директору Роза Султангазиева өз сөзүндө заман талабына ылайык экологияга байланышкан балдарга арналган китептер болбогондугун, китеп өз учурунда чыккан, актуалдуу, эң керектүү жана пайдалуу экендигин белгиледи. Андагы оюн, пазл, баш катырмалар жана экологиялык тажрыйбалары менен балдар окуганга кызыктуу, мазмундуу китеп.

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БАЛДАРГА АРНАЛГАН “ЭКОЛОГИЯ БОЮНЧА КИТЕП” ЖАРЫККА ЧЫКТЫ

Бет ачарда китептин ар бир бөлүмү менен тааныштырылып, китептеги интерактивдүү оюндар менен коштолуп, ой жүгүртүүчү суроолор берилип, кызыктуу сынактар өткөрүлдү. Окуучулар өз ойлорун тартынбай ортого салышып, эркин аңгемелешүү тартибинде жүргүзүлдү. Сынакка активдүү катышкан окуучуларга жана жеңүүчүлөргө аталган китеп белекке берилди. №68 жана №69 мектептердин китепканаларына 20дан китеп берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев китептин балдарга тарбиялык мааниси чоң экендигине жана окуучулардын күнүмдүк жашоосунда колдоно турган пайдалуу кеңештерге арбын экендигине токтолуп өттү. Ошондой эле ал буга чейин кыргыз тилинде чыккан мындай китептин жок экендигин жана көп жылдар бою актуалдуулугун жоготпой окуларын баса белгиледи.

Китеп Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин котормолор программасынын алкагында англис тилинен кыргыз тилине «Таалим-Форум» коомдук фондусу тарабынан которулуп, 4000 нускада басылып чыкты. Китеп Кыргызстандагы 1061 балдар китепканаларына акысыз таратылат. Мындан тышкары, республикабыздагы экологиялык билим тармагында иш жүргүзгөн мектептердин китепканаларына да берилет.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер