МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: ПИЛОТТУК ДОЛБООР

  • 21.01.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкек шаарындагы мектептердин жетекчилери менен мектепке баруучу балдарды электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоорду талкуулады.

МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: ПИЛОТТУК ДОЛБООР

КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкек шаарынын мектептеринин башчылары менен жыйналыш өткөрдү.

Жолугушууда мектеп директорлоруна «Мектепке электрондук каттоо» автоматтык маалыматтык системасы презентацияланды. Жыйналыштын катышуучулары бул системаны ишке ашыруу маселелерин, система аркылуу балдарды биринчи класска кабыл алуусунда мектептердин, райондук билим берүү борборлорунун башчыларынын ролун талкуулашты.

Мындан тышкары, министр мектеп директорлорун кызыктырган суроолорго жооп берди.

«Мектепке электрондук каттоо» долбоору – бул Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп курагындагы (6-7 жаш) балдарды автоматтык түрдө каттоону камсыз кылган маалыматтык система. Долбоор Бишкекте 2019-жылдын 15-февралынан тартып иштеп баштайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер