БАКТЫБЕК ИСМАИЛОВ: “АККРЕДИТАЦИЯ САПАТТЫК ӨЗГӨРҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ”

  • 10.01.2019
  • 0

Кыргызстанда билим берүү мекемелерин көз карандысыз аккредитациядан өткөрүү процесси башталганына эки жыл болду. Бул убактытта болгон өзгөрүүлөр жөнүндө Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору Бактыбек Исмалиов менен маектештик.

БАКТЫБЕК ИСМАИЛОВ: “АККРЕДИТАЦИЯ САПАТТЫК ӨЗГӨРҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ”

Бактыбек Искакович, бүгүнкү күндө аккредитация билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун эң эффективдүү инструменти катары бааланууда. Сиз жетектеген агенттик дагы бул ишке активдүү  катышып, бир катар окуу жайлардын билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациядан өткөрдү. Ушул аралыкта топтолгон тажрыйбалардын негизинде бул процесстин жүрүшүнө кандай баа бересиз?

Алгач сөздү аккредитациянын максат, милдеттеринен баштасак. Негизи аккредитация – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге билим берүү уюмунун же билим берүү программаларынын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин бүтүндөй же анын айрым билим берүү программаларын баалоонун жол-жобосу болуп эсептелет. Республикада окуу жайларды аккредитациядан өткөрүү үчүн алты агенттик мамлекет тарабынан таанылган. Аккредитациянын эки түрү бар. Биринчиси, институционалдык, экинчиси, программалык. Институционалдык аккредитациядан республика боюнча болгону эки окуу жай — ОшМУ менен ОшТУ эле өттү.  Калган окуу жайлар программалык аккредитациялардан гана  өтүштү. Мисалы, биздин агенттиктен 2017-жылы 30 окуу жайдан 142 программа өтсө, 2018-жылдын  биринчи жарым жылдыгында 32 окуу жай 156 программа боюнча өттү. Экинчи жарым жылдык боюнча жакында жыйынтык чыгат. Бул албетте, башка агенттиктер менен салыштырганда абдан көп. Демек, азыр жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда сапаттык жогорулоо бар десек болот. Алар Өкмөт тарабынан бекитилген минималдуу талаптарды аткарууга аракет кылып жатышат. Аккредитациянын жети стандарты, анын ичинде 59 критерийи бар. Ошол критерийлерди толук аткаргандар гана беш жылга, эгер стандарттар толук аткарылбаса шарттуу түрдө бир жылга өтөт. Эгерде эскертүүлөр, сын пикирлер көп болсо аккредитациядан өткөрүүдөн баш тартабыз.

БАКТЫБЕК ИСМАИЛОВ: “АККРЕДИТАЦИЯ САПАТТЫК ӨЗГӨРҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ”

-Окуу жайларга аккредитацияны киргизүү менен эки жылда биз эмнеге жетиштик жана эмнеге жетишүүгө тийиш элек?

— Бул эки жыл жогорку окуу жайлар үчүн тажрыйба топтоо, сапаттык өзгөрүүлөргө умтулуу, аракеттенүү жылы болду десек болот. Негизи аккредитациянын эки максаты бар: биринчиси — билим берүү программасын баалоо, экинчиси – абалды жакшыртуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу. Агенттиктер окуу жайлардын программаларынын сапатын баалап гана тим болбостон сын пикирлерди, сунуштарды беришет жана анын аткарылышын жыл сайын текшерип турушат. Бул окуу жайларга абдан жакшы түрткү берет экен. Ошол сунуштамаларды актарган сайын сапат жогорулай берет. Мурун министрлик өзү текшерип жүргөндө кемчиликтердин жөнгө салынышын кайра барып эч ким текшерчү эмес. Аттестациядан өттү, болду беш жылга уруксат алдык деп да окуу жайлар жүрө берчү. Биз болсо жыл сайын мониторинг өткөрүп турабыз. Ошондо окуу жайлардын аракети чоң экендиги көрүнүп жатат. Биз берген сунуш-пикирлерди аткарбай койгондор жок. Биз улам барган сайын жождордун аракеттерин көрүп сүйүнүп жатабыз. Кээде айрым жерлерин жакшы түшүнбөй калган учурлар болот. Биз аларды жакшылап түшүндүрүп, жолдорун көрсөтүп беребиз. Мындайча айтканда, бизди кубандыра турган жакшы жылыштар бар.

Коомчулуктун пикири дагы жакшы. Аккредитациянын жүрүшүндө сөзсүз түрдө бардык тараптар менен маектер уюштурулат. Алардын бардыгы жакшы кабыл алып жатышат. Бүтүрүүчүлөр окуган программасынын жакшы жактарын, кемчиликтерин жакшы билишет да. ЖОЖдорго ошол бүтүрүүчүлөрдү жакшылап  пайдалангыла, Кеңештерге киргизгиле деп жатабыз. Аккредитация дагы ушуну талап кылат. Себеби сапатты жалгыз жож жогорулата албайт. Жумуш берүүчүлөр менен дагы байланышты чыңдашы керек.

Биз дагы биринчи жолу аккредитацядан өтүп жаткандарга колдон келишинче жардам беребиз, окутабыз. Бул жери начар экен, аны минтип оңдош керек, мындай жол менен оңдош керек деп жолун көрсөтүп беребиз. Адегенде өзүн-өзү кандай баалаш керектигин, андан кийин сапаттын менеджменти боюнча семинарлар өткөрүлөт. Анткени башында түшүнүк жок болот. Эксперттер үчүн дагы окуулар бар. Азыр биздин маалымат базабызда 400 ашык эксперт бар. Ишибиздин көбү автоматташтырылган.

Дагы бир баса белгилей турган нерсе статистиканы карсак, биринчи жылдары ар бир отчетко 150дөн 400гө чейин сын пикир берип келсек, убакыт өткөн сайын анын саны азайып баратат. Бул абдан жакшы. Демек, окуу жайлар сапаттын маданиятын акырындык менен болсо дагы түшүнүп, жакшы жылыштар болуп жатат. Эгерде ушундай арыш менен кетсек, билим берүүнүн сапаты бир топ көтөрүлөт деп ойлойм.

-Агай, сиз жогоруда сапаттын маданияты деген терминди атадыңыз. Азыр сапаттын менеджменти деген түшүнүк дагы пайда болду.

-Ооба, азыр бизде билим берүү сапатынын маданияты деген түшүнүк бар. Бул өтө татаал түшүнүк, бирок аны ар ким ар кандай кабыл алып, ар кандай түшүнөт. Сапатты жогорулатыш үчүн эмне керек? Биринчиден, билим берүү ресурстары жакшы болушу зарыл. Азыр заманга жараша ресурстар дагы тез өзгөрүп жатат. Дайыма аларды толуктап, мүмкүн болушунча бүгүнкү күнгө туура келе тургандарын пайдаланып, үйрөнүп туруу абзел. Анткени жаңы нерселерди үйрөтүш үчүн убакыт керек, ириде окутуучуларды үйрөтүү зарыл болот. Мисалы, жөнөкөй эле инновациялык доска деп жатабыз. Бирок аны колдонгонду бардык эле окутуучулар биле бербейт. Демек, бир жагынан ресурстарды иштетүү, экинчи жагынан ошол ресурстарды пайдалануу дагы сапат маданиятына кирет.

Андан кийин окутуучулардын кесиптик чеберчилиги. Алар күнүгө изденип, үйрөнүп, ал үйрөнгөндөрүн билим берүү сапатын жогорулатууга пайдаланышы керек. Ал гана жетиштүү эмес, окутуучулар сөзсүз түрдө илимий изилдөө ишин да жүргүзүүсү зарыл. Эмне үчүн? Анткени окутуучу жаңы бир нерсени ойлоп тапса, анын берген билими да сапаттуу болот. Анан ал илимий иштерине, ойлоп табууларына сөзсүз түрдө студенттерди аралаштырышы абзел. Азыр биз эффективдүү практика деп жатпайбызбы, ошол эффективдүү практикалардын бирөөсү мына ушул. Ушундай жол менен гана сапатка жетсе болот. Мындай тажрыйбалар дүйнөдөгү атактуу окуу жайларда көп пайдаланылат. Мисалы, атактуу Массачу́сетс технологиялык институту, Гарвард, Стэнфорд университеттеринде ушундай метод абдан жакшы колдонулат. Студенттер 1-курстан баштап эле сабактан сырткары окутуучулар менен чогуу иштеп, илимий изилдөө иштерин бирге жүргүзүшөт. Ошентип, алар акырында окуу жайдын бүтүрүүчүсү гана болбостон, илимпоз да болуп чыгышат.

Сапат маданиятына менеджмент дагы кирет. Менеджмент – бул башкаруу. Жогорку окуу жайы же билим берүү программасы кандай башкарылат, ал жакта билим берүү сапатынын саясаты барбы, ошол саясатты ишке ашыруу боюнча  кандай иш-чаралар жүрүп жатат мына ушунун баары жогоруда биз сөз кылып жаткан сапат маданиятына кирет. Анан билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча саясат деген түшүнүк бар. Окуу жайдын миссиясы, стратегиялык, утурумдук пландары, ар бир программа боюнча билим берүү максаттары, окутуунун күтүлүүчү натыйжалары саясаттын максат, милдеттери. Ар бир окуу жай бүтүрүп жаткан студентинин кандай натыйжаларга ээ болгондугун тактап, анан окуу процессин ошого жараша уюштурууга умтулушу керек.

Андан башка дагы студенттердин сапаты. Студенттердин билим деңгээлин  биз башында окуу жайга кирип жатканда ЖРТ менен өлчөп жатабыз. Студенттин билими канчалык жогору болсо ал ошончолук тез өсөт, тез жетилет, алган билими сиңимдүү болот. Билими төмөн студент болсо жакшы адисти даярдап чыгыш да кыйын. Ошондуктан ар бир окуу жай жогоруда айтылган сапаттын маданиятын дайыма бирдей алып жүрүшү керек.

-Азыр республикада алты агенттик аккредитациялоо ишин жүргүзүп жатат. Кыргызстан үчүн бул көп эмеспи. Же тескерисинче атаандаштыкты арттырабы?

-Биздин агенттик 2016-жылдын 13-сентябрынан баштап аккредитациялык агенттик катары таанылып келет. Бирок биз аккредитация баштала электе эле, тактап айтканда, 2009-жылдан баштап тажрыйба топтоп келгенбиз. Германия өнүгүү кеңсесинин кесиптик билим боюнча адистерди ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүчү программасы бар. Ошол программа менен тыгыз иштештик. Алар бизге 2009-жылдан 2016-жылга чейин жакшы жардам беришти. Ошол убакта 28 окуу жайды пилоттук аккредитациядан өткөрүп көрдүк. Улам бирин өткөргөн сайын улам жакшыртып жүрүп отурдук. Германиядан кеңешчилер көп келди, биз Германияга көп бардык. Ушул программа боюнча эле мен Германияга алты жолу, Америкага бир жолу барып келдим. Ошентип, Америка менен Германиянын тажрыйбасын жуурулуштуруп отуруп анан даяр болдук. Ошол даярдыгыбыз менен атаандаштыкка туруштук берип келе жатабыз. Албетте, мынчалык көптүн деле кереги жок болчу. Бирок акырындык менен бара-бара күчтүүлөрү алсыздарын сүрүп отуруп саналуусу гана калууга тийиш. Бул мезгилдин өтүшү менен гана өз ордуна коюла турган нерсе.

 

Маалымат үчүн:

2018-жылдын аягында Кыргызстандын рыногунда мамлекет тарабынан таанылган алты агенттик Улуттук тизмеге киргизилди. Алар:

  1. ““EdNet” билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттык кепилдик агенттиги” Коомдук фонду;
  2. Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги;
  3. «Эл баасы» аккредитациялык агенттиги;
  4. Аккредитация жана рейтинг көз карандысыз агенттиги (НААР);
  5. «Сапаттуу билим» билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги;
  6. «БИЛИМ-СТАНДАРТ» көз карандысыз аккредитациялык агенттиги Коомдук фонду.

 

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер