ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ЖОЖДОРДОГУ САПАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР

  • 28.12.2018
  • 0

Өтүп бара жаткан жыл жогорку билим берүү системасы  жана жогорку окуу жайлар үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Бул жылы негизги басым Жогорку билим берүү системасын реформалоо боюнча Улуттук стратегияда каралган багыттарды ишке ашырууга  коюлуп, бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

 

Электрондук окутуу жана санариптик башкаруу

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ЖОЖДОРДОГУ САПАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Быйылкы аткарылган иштердин орчундуусу катары Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан Электрондук окутууну жана санариптик башкарууну өнүктүрүү боюнча улуттук концепцияны ишке ашыруу аракетин айтсак болот. Бул концепцияны жогорку окуу жайлардын бардыгы колго алып, бир катар иштерди аткарышты. Окуу жайларда AVN программасын жакшыртуу иштери жүрүп, окутуу системасы толугу менен автоматташтырылып, электрондук борборлор ачылып, алар жетиштүү түрдө заманбап каражаттар менен камсыздалды. Лекциялар, окуу китептер, илимий макалалар электрондоштурулду. Мисалы, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети бул жаатта бир катар долбоорлорду иштеп чыгып, окутуучуларга жана студенттерге сунушташты. Студентке дагы, окутуучуга дагы жардамчы болгон “Келечек билим” мобилдик тиркемеси ишке кирип, анда окуу процессине тиешелүү маалыматтарды ыкчам алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындай мобилдик тиркемени Жалал-Абад мамлекеттик университети дагы ишке киргизди. КМТУда электрондук окуу материалдарынын контентин, электрондук окуу материалдарды колдонуу боюнча булактарды кеңейтүү жана мыкты окутуучулардын тажрыйбасын жайылтуу максатында “Avicenna Virtual Campus  in Central Asia» долбоорунун алкагында заманбап  жабдууларды камтыган  видео студия түзүлдү.

 

ЖОЖдордун рейтинги аныкталды

Быйыл Казакстандын Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги Кыргызстандын алдыңкы жана атаандаштыкка жөндөмдүү университеттерин атады. Рейтинг жүргүзүүгө республика боюнча 17 жогорку окуу жайы катышып, жалпы бакалавр деңгээлинде 11 багыт боюнча 31 билим берүү программасы изилденди. Жыйынтыгында ОшМУ билим берүү программаларынын жети багыты боюнча 1-орунду, эки багыты боюнча 2-орунду алып, эң жогорку көрсөткүчтү берди. Андан кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эки багыты 1-орунду алса, Кыргыз экономикалык университетинин дагы эки багыты 1-орунду алды. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз-Өзбек университетинин, ОшТУнун билим берүү программаларынын бирден багыты алдыңкы орунга чыкты.

 

ЖОЖдор көз карандысыз аккредитациядан өттү

Өтүп бара жаткан жылы республикадагы бир катар жогорку окуу жайлар көз карандысыз аккредитациядан өттү. Ош техникалык университети жана Ош мамлекеттик университети институционалдык аккредитациядан өтсө, 29 жогорку окуу жайдын 167 жогорку кесиптик билим берүү программасы аккредитациядан өттү. Бул жылы билим берүү программаларын аккредитациядан ийгиликтүү өткөргөн окуу жайлардын катарына Кыргыз улуттук агрардык университетин кошсок болот. Бул окуу жай бир адистик жана тогуз магистирдик программасын беш жылга өткөрүп алды. Ал эми агрардык менеджмент магистирдик программасы болсо Сертификация жана сапатын камсыздоо  институту ACQUIN (Байройт шаары Германия) тарабынан эл аралык аккредитациядан өттү.

Аалам жазуучусунун 90 жылдыгы белгиленди

Быйыл ар бир окуу жайда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди. Жыл бою түрдүү фестивалдар, тегерек столдор,  илимий конференциялар, кечелер өтүп турду. Апрель айында Бишкек гуманитардык университетинде башталган  эл аралык фестиваль ноябрь айында жыйынтыкталды. Фестиваль үч этап менен өтүп, анда ар кандай аянтчаларда түрдүү иш-чаралар: флэшмобдор, спич-конкурстар, викториналар, дилбаяндар жазылып, дубал газеталар, платкаттар чыгарылып, көркөм окуулар, театрлаштырылган көрсөтүүлөр дүйнөнүн 15 тилинде уюштурулду. Кыргыз экономикалык университети “Аалам алпы Айтматов” аттуу иш-чара өткөрсө, Ош мамлекеттик университети “Адамзаттын Айтматову: өтмүш, учур жана келечек” аттуу эл аралык илимий-пратикалык конференциясын жогорку деңгээлде өткөрдү. Башка окуу жайларда дагы ушуга окшогон түрдүү иш-чаралар өтүп турду.

Улуу жазуучунун туулган күнүн утурлай Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын эң мыкты студенттик изилдөө боюнча улуттук конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, алдыңкы орунду ээлеген студенттер сыйланышты.  Бул сынакта Ош мамлекеттик университетинин студенти Бекмурат кызы Гүлзада “Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалиминин” болочок мугалимдердин калыптанышына тийгизген таасири” жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенти Кубанычбек кызы Назгүл “Акбара жана энелик инстинг” аттуу эмгеги менен  1-орунду багындырышып, диплом, планшет жана 45 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.

 

Мамлекеттик сыйлык алгандар

Быйыл мамлекеттик сыйлыктарды алган окумуштуу-илимпоздор, жетекчилер дагы көп болду. Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессору Асанбек Абдыкеримов,  КРСУнун ректору Владимир  Нифадьев, ушул эле окуу жайдын профессору Айтбай Казакбаев  «Манас» орденине татыктуу болушса, Кыргыз экономикалык университетинин ректору Камчыбеков Төлөбек «Даңк» медалы менен сыйланды. Төлөбек Кадыралиевич жакында эле «Кыргыз Туусу» газетасынын «Кыргыз Бренди» сыйлыгын дагы алды.

«Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө Эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамы Ош мамлекеттик университетинин ректору Исаков Каныбекке ыйгарылды.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Абдырахманов Төлөбек, ушул эле окуу жайдын тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Маанаев Эгенберди,  тарых илимдеринин доктору Курбанова Назира жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, саясий илимдеринин, философия илимдеринин доктору Артыкбаев Мэлс „Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемалары“ аттуу иши үчүн Илим жана техника жаатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгын алышты.

КР Жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын “Хан-Теңири” сыйлыгы эки окумуштууга тапшырылды. Сыйлык ээлери Кыргыз улуттук университетинин академиги Токтомушев Советбек жана Кыргыз медициналык академиясынын профессору Ырысов Кеңешбек  70 миң сомдон алышты.

 

ӨНДҮРҮШ МЕНЕН АЙКАЛЫШКАН ТЕОРИЯ

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ЖОЖДОРДОГУ САПАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Жогорку окуу жайларда билимдин сапатын көтөрүү үчүн инновациялык меттоддорду колдонуп сабак өтүү максатында лабораториялар, технопарктар жана түрдүү борборлор ачылды. Мисалы, Ош техникалык университети быйыл эле заманбап технопарк ачып, үч багыт боюнча – альтернативдик энергия булагы, стратегиялык маалымат  технологиялары жана программалык камсыздоо, жергиликтүү сырьену иштетүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети дагы КР Өкмөтүнө алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын сынагында технопарк куруу үчүн  2000 000 сомдук грант утуп алды.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болсо “Энергетик” окуу-лабораториялык борбору, студенттер үчүн “Co-working» борбору, Түрк тилин үйрөнүү борбору, авто унаалар боюнча өлчөө технологиясы лабораториясы ачылды.

Кыргыз агрардык университети «Erasmus +» программасынын негизинде беш чет өлкөлүк жогорку окуу жай менен кызматташтыгын бекемдөөгө жетишсе, Билим берүү, илим, инновациялык борбору окуу-чарба талааларында Кытай технологиясы боюнча жүгөрү жана буудай өстүрүп, жакшы түшүм  алды. Техникалык парк куруу долбоорун ишке ашыруу аркылуу агрардык билим берүүнү толук билим берүү деңгээлинен трансформациялык билим берүү деңгээлине алып чыгууга ири аракеттер көрүлдү. Бул технопаркка: теплица, тамчылатып сугаруу, үрөнчүлүк базасы, дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүү жана аны кайра иштетүү, көлмөлүк балык чарбасы, асыл тукум бодо малды өстүрүүчү мамлекеттик асыл тукум заводдору, сүт менен жашылчаларды кайрадан иштетүүчү заводдор, жашылча сактоочу кампа, машина-трактордук парк киргизилет.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер