ОШМУ ТАРТКАН ИНВЕСТИЦИЯ

  • 28.12.2018
  • 0

Ош областынын регионалдык өнүгүү процессинде Ош мамлекеттик университетинин ээлеген орду, кошкон салымы чоң. Окуу жай акыркы жылдары 10 миллион доллар инвестиция тартып, өзүнүн инфраструктурасын гана жакшыртпастан, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салымын кошуп, шаар тургундарынын 10 пайыздан ашыгын туруктуу жумуш орду менен камсыздап келет. Университеттин тийиштүү төлөмдөрдү, салыктарды өз убагында төлөө менен жергиликтүү бюджетке дагы кошкон салымы зор.

 

Шаар тургундарынын 10% иш менен камсыз кылат

ОШМУ ТАРТКАН ИНВЕСТИЦИЯ

 

ОшМУ учурда тез темп менен өнүгүүнүн жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берүүчү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо багытында жумуш алып бара жаткан окуу, илимий жана өндүрүштүк комплекс болуп саналат. Университетте 78 багытта  30 000 студент билим алат. ОшМУ кызматкерлерин татыктуу эмгек акы менен камсыздаган республикадагы ири социалдык мекемелердин бири. Себеби дээрлик 3500дөн ашуун өлкө жарандарын (ППС, УПС) туруктуу жумуш орду менен камсыздап жатат. Бул көрсөткүч Ош шаарынын официалдуу жашоочуларынын туура 10% түзөт.

 

Инвестиция – өнүгүүнүн булагы

ОШМУ ТАРТКАН ИНВЕСТИЦИЯ

Университетте билим берүүдө интеграция, инновация, инвестиция багыттарына басым жасалууда. Акыркы жылдары жаңы моделдеги факультеттер, структуралар түзүлдү. Мисалы, Кино академия, IT академия, Кыргыз-Европа, Кыргыз-Кытай, Кыргыз-Түрк факультеттери ж.б. Университет акыркы жылдары 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндө түз инвестиция тартууга жетишти. Акыркы жети жыл аралыгында 13 заманбап жаңы окуу имараттарды, медициналык клиникаларды, лабораториялык корпустарды, студенттик жатаканаларды өз күчү менен курду. Жогорку деңгээлдеги инфраструктура түздү. Студенттик шаарчалар курулду. Бул курулуштардын жүрүшүндө жергиликтүү ишкерлер жумуш орундары менен камсыздалганын белгилесек болот.

ОшМУ бардык мамлекеттик төлөмдөрдү, салыктарды да убагында төлөгөн өнөктөш катары жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып келүүдө. Коммуналдык төлөмдөр, газ, суу, свет, тазалык, жылуулук, аренда, интернет, байланыш ж.б. кызматтар үчүн университет шаардын казынасына байкаларлык салым кошот. Мындан тышкары мамлекетттик масштабдагы бардык иш-чараларга университет жамааты активдүү катышат. Ошондуктан ОшМУнун Ош шаарынын социалдык-экономикалык турмушундагы ролуна карап, шаар-түзүүчү (градообразующий) уюм деп эсептесек да болот.

 

Билим экспорту

ОШМУ ТАРТКАН ИНВЕСТИЦИЯ

ОшМУда билим экспорту саясаты жакшы жолго коюлган. Учурда 2300дөн ашуун алыскы чет өлкөдөн келген студенттер билим алышса, жакынкы чет өлкөдөн келген 1 700дөн ашуун студент бар. Алар окуу төлөмүнөн тышкары жашоо үчүн батир акысын, транспорт кызматы, тамак-аш, кийим-кече, интернет, китеп, тейлөө жана финансылык кызматтарды шаардыктарга төлөшөт. Кыскасы, шаарга бир чет өлкөлүк студенттен бир жылда он миң долларга чукул акча калат. Муну университеттин Ош шаарына тартып келген түз инвестициясы десек болот.

 

 

Долбоорлор менен иштөө

ОШМУ ТАРТКАН ИНВЕСТИЦИЯ

ОшМУ аймакта маданий, илимий-агартуучулук, таануучулук борбордун милдетин да аткарат. Себеби анын китепканалары, конферец залдары, спорт комплекстери, маданий жайлары жеке окуу жай үчүн гана эмес шаар тургундары үчүн дагы кызмат кылып, байма-бай конференциялар, симпозиумдар, форумдар, диалогдор, жолугушуулар, фестивалдар, конкурстар ж.б. иш-чаралар өткөрүлүп турат. Университетте регионалдык мамилелер, экономикалык, социалдык, маданий жана руханий багыттарда изилдөөлөр жүргүзүлөт. Илимий өндүрүштүк жана инновациялык чөйрөдө фундаменталдык, прикладдык, мониторингдик изилдөөлөр, интеллектуалдык менчикти патенттөө жана коргоо, инновациялык долбоорлор бар. Региондун социалдык-экономикалык, маданий, руханий маселелери изилденип, тиешелүү структураларга сунуш катары берилип келет.

ОшМУнун өзүнүн илимий мектеби калыптанган, белгилүү окумуштуулар, аймактын гана эмес, өлкөнүн, Борбордук Азия чөлкөмүнүн социалдык-экономикалык абалын, табигый ресурстарын илимий негизде изилдөөлөрдү кошуна өлкөлөрдүн окумуштуулары менен системалуу жүргүзүп келүү салты бар. Өкмөттүк жана эл аралык илимий изилдөөлөрдү колдогон долбоорлорго активдүү катышып, инновациялык ишмердүүлүгүн аймактарга акырындап жайылтууда. Учурда ОшМУнун окумуштуулары тарабынан сегиз өкмөттүк илимий долбоорлор ишке ашырылууда.

ОшМУ учурда региондогу коммуникациялык, маалымат технологияларынын борборун түзүүгө жетише алды. Кыргызстандагы мамлекеттик мекеме-уюмдардан алгачкылардан болуп университет Дата-центр түздү. IT технология, IT академия, булуттук технология, санариптик технология, автоматтык башкаруу технологиясы, була-оптикалык байланыш ж.б. каражаттар университеттин турмушунда кадыресе пайдаланылууда. Учурда өндүрүштүк (ишкердик) университет модели колго алынып, медициналык клиникалар, искусство факультетинде  тигүү ишканасы иштеп жатат. Ар бир кафедранын өндүрүштө филиалдарын ачуу демилгесинин үстүндө жумуштар жасалууда.

 

Заманбап мектептин моделин түздү

ОШМУ ТАРТКАН ИНВЕСТИЦИЯ

Университет алты гимназия, лицей ачып, “Кыргыз мектебинин заманбап моделин” түзө алды. Быйылкы “Региондорду өнүктүү жылына” карата Кара-Сууда, Ноокатта, Кара-Кулжада ОшМУнун гимназиялары ачылды. Окуу жайдын бул иштердеги негизги максаты региондордогу мектептерге рынок шартындагы ийгиликтүү мектептин образын иш жүзүндө көрсөтүп, жардам берүү болуп саналат. ОшМУнун «Билим» лицейинин 2018-жылдагы бүтүрүүчүсү А.Амиракулов Жалпы республикалык тестирлөөдө 219 балл менен Алтын сертификатка ээ болгону буга далил болот.

 

Эл аралык байланыш

ОШМУ ТАРТКАН ИНВЕСТИЦИЯ

Эл аралык байланыштар ОшМУда жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Учурда дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетиндеги 185 ЖОЖдор, эл аралык, коомдук уюмдар менен түз жана түрдүү программалар аркылуу көп тараптуу тыгыз кызматташуу жолго коюлган. Орто эсеп менен жыл сайын ОшМУнун 1200дөн ашуун студенти академиялык мобилдүүлүккө Германия, Чехия, Испания, Италия, Түркия, Кытай, Япония, Корея, АКШ, Индия, Россия, Казахстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдүн алдыңкы университеттерине барып, окуп келишүүдө. Жыл сайын ОшМУнун 300дөн кем эмес окутуучулары, кызматкерлери Германия, Англия, Чехия, Испания, Италия, Түркия, Израил, Кытай, Иран, Япония, Корея, АКШ, Индия, Россия, Беларусь, Казахстан, Өзбекстан, Тажикистан ж.б. өлкөлөрүнүн алдыңкы университеттеринде, илимий изилдөө институттарында ж.б. мекемелеринде тажрыйба алмашып келүүдө.

2015-жылы ОшМУнун демилгеси менен кабыл алынган ички мобилдүүлүк боюнча “Ош декларациясы”  учурда өз жемишин берип, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көлдөгү университеттер миңдеген студенттер, магистранттар, окутуучулар бири-бирине академиялык мобилдүүлүккө чыгышууда. 2018-жылдын июнь айында ОшМУнун демилгеси менен “Фергана өрөөнүндөгү университеттердин Ассоциациясы” түзүлүп, (Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн окуу жайлары) атайын келишимге кол коюлду. Учурда бул уюмдагы ЖОЖдор арасында академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, тажрыйба алмашуу багытында тыгыз кызматташуу башталды. Акыркы бир жыл аралыгында ОшМУга бул уюмга мүчө университеттерден 400дөн ашуун студент, окутуучулар мобилдүүлүк боюнча келишсе, ОшМУдан да ошончо санда студент, окутуучулар барып келишти.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер