“ЖАШЫЛ ӨЛКӨНҮН” ЖЕМИШТЕРИ

  • 25.12.2018
  • 0

Базар-Коргон районундагы №4 Навои атындагы мектепте курулган күнөскананын жемиши жылдан жылга көбөйүп, анын ырыскысын бүт мектеп окуучуларына көрүп жатат.  

“ЖАШЫЛ ӨЛКӨНҮН” ЖЕМИШТЕРИ “ЖАШЫЛ ӨЛКӨНҮН” ЖЕМИШТЕРИ   “ЖАШЫЛ ӨЛКӨНҮН” ЖЕМИШТЕРИ “ЖАШЫЛ ӨЛКӨНҮН” ЖЕМИШТЕРИ

Күнөскана 2015-жылы мектептин демилгеси жана ВПП БУУнун колдоосу менен курулган. “Жашыл өлкө” деп аталган күнөскана 30 түп лимон көчөтүн эгүү менен өз ишин баштаган. Көп эмгек талап кылган бул күнөскана бүгүнкү күндө өзүнүн жемишин берип жатат. 2017-жылкы түшүмү 50 кг лимон болсо, 2018-жыл 10 эсеге көбөйүп 500 кг алынды.

Бардык шарттары бар 80 орундуу ашканада күнүнө 404 окуучу, бир жумада 4 күн жашылчалары, салаттары менен ысык тамак, компот жана 1 күн булочка менен лимон чай ичишет. Бул жетишкендик эртеңки күндүн жаштарынын ден- соолугуна, бекем билим алуусуна шарт түзүүдө.

“ЖАШЫЛ ӨЛКӨНҮН” ЖЕМИШТЕРИ

“ЖАШЫЛ ӨЛКӨНҮН” ЖЕМИШТЕРИ

Керектүү шарттарга толук жооп берген мыкты ашканабыз жыл бою балдарга кызмат кылат. Колу гүл, тамактары таттуу ашпозчуларыбыз Кадирова Мукаддас, Кодирова Гавхарой, Тургунова Махлиёлар балдар үчүн тыным билбей эмгектенишет. Балдарга кызмат кылганынан өздөрү дагы кубанышат.

Комиссия мүчөлөрү тарабынан ашкананын санитардык абалы, окуучулардын тазалыгы, ашпозчулордун ден-соолугу боюнча күндөлук көзөмөл жүргүзүлөт. Күнүмдүк тамак аштын сакталыш сапаты, жагымдуулугу, татымы боюнча проба алынат. Алар белгиленген мөөнөткө чейин сакталып СЭЦ кызматкерлери дагы убактысы менен келип, көзөмөл жүргүзүп, өз ой-пикирлерин айтып кетишет.

Башталгыч класс окуучулары белгиленген мөөнөттө кирип, ар бирине санитардык талапка ылайык таза жулуп, арчылган идиштерде тамак-аш куюлуп даярдалган столдорда тамактанышат. Ата энелер да келип, балдарын ысык тамак ичип жаткандыгынан, мектептин турмушунан ыразы экендиктерин билдирип өз ой-пикирлерин айтып турушат.

“ЖАШЫЛ ӨЛКӨНҮН” ЖЕМИШТЕРИ

Күн сайын өркүндөп бара жаткан күнөсканада жашылчалар, декоратив гүлдөр, бышып турган лимондордун – гүл бакчасы бир келип көрмөюнчө жомокко окшойт. Бул дагы болсо Кыргыз Республикасында эмгек синирген мугалим, билим берүүнүн мыктысы, ишкер Кадиров Мамасоли агыйыбыздын жетектеген мектепке, элдин балдарына берилген ырыскы, ак эмгегинин натыжасы. Мектепке келген жаш-кары, чет элдик меймандар дагы туура күнөсканага карап жол алат. Мындай жакшы көрсөткүчтөрдүн сырын сурашат. Мунун сыры, мектеп жамаатынын ынтымактыгы, ата-энелердын колдоосу үч жылдан берки тынымсыз эмгектин, умтулуунун “ачыл дасторконуна» айланган “Жашыл өлкөнүн» бизге берген алтын белеги.

Мектеп күнөсканасы биология, экология, табият тануу сабактарында мугалимдер жана окуучулар үчүн жандуу практикалык лаборатория кызматын да аткарып жатат.

Күнөскананын атайын багбаны Кодир Фарход дагы тыным билбейт. Дыйканчылыктын өзүнө жараша сырларын билип, агротехникалык долбоорлор менен иштешип өз иш тажрыбасын колдонот. Жаңы ыкмалар алдынкы тажрыйбаларды үйрөнүү менен мектеп өз материалдык базасын байытып келе жатат.

Биз мындай көрсөткүчтөр менен токтоп калбайбыз. Келечекте республикалык деңгээлдеги жаңылыктарга бай, заман менен тең кадам тыштаган үлгүлүү тажрыйба мектеп болуп калууга умтулабыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер